Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Новости за 01.12.2023

Назарбаев жаңы китебинде бейрасмий никеси жана уулдары тууралуу сырын ачты

Azattyk.org 

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин “Менин өмүрүм. Көз карандуулуктан эркиндикке карай” деген аталыштагы китеби жарыкка чыкты. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Айдос Укибай социалдык тармактар аркылуу билдирди. Мурдагы президенттин расмий сайтында жазылгандай, китепте Назарбаев алгачкы жолу өз үй-бүлөсү жөнүндө ачык айтып берет жана Январь окуясына көз караштары менен бөлүшөт. Китеп канча нуска менен чыкканы кабарланган жок. Буга чейин Orda.kz сайты, жаңы китебинде Назарбаев... Читать дальше...

Кыргызстанда ВИЧ жуктурган 3200дөн ашуун бейтап көз жумган

Azattyk.org 

Кыргызстанда 2023-жылдын 1-декабрына карата 13030 кишиде адамдын иммундук жетишсиздик вирусу (ВИЧ) аныкталды. Алардын 12 272си кыргызстандыктар, калганы чет өлкөнүн жарандары. Расмий каттоого алынгандардын арасынан 3233 адам кайтыш болгон. Бул тууралуу Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитке жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусуна каршы күрөшүү борбору маалымдады. Мекеменин сайтындагы кабарга таянсак, ВИЧ жуктургандардын арасында аялдарга караганда эркектер дээрлик эки эсе көп. Балдар 750дөн ашат. Читать дальше...

Окуучунун мектептеги бир күндүк тамагына өкмөттөн 14 сомдон бөлүп туруу каралууда

Azattyk.org 

Кыргызстанда башталгыч класста окуган балдардын бир маал тамагын мектепте уюштурууга мамлекеттен бөлүнүүчү акчаны көбөйтүү каралып жатканын бүгүн 1-декабрда Жогорку Кеңеште билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди. Министрдин айтымында, мугалимдерди жаңы муундагы ноутбук жана мазмундуу программалар менен камсыз кылууга, окуучулардын тамак-ашына, айлыктын кээ бир түрүн жогорулатууга бюджеттен кошумча 3 миллиард сом каралууда: “Бүгүнкү күндө бизде үч түрлүү тамак берилет мектептерде. Читать дальше...

Аба ырайы: жаан жаабайт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 2-декабрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14, Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10, Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7, Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -17…-22, күндүз 0…-5 градус болот. Бишкекте жаан жаайт. Читать дальше...

Орусияда “эл аралык ЛГБТ кыймылы” экстермисттик деп таанылды

Azattyk.org 

Орусиянын Жогорку Соту Юстиция министрлигинин арызы менен 30-ноябрда “эл аралык ЛГБТ” кыймылына тыюу салып, экстремисттик деп таануу чечимин чыгарды. Төрт саатка созулган соттук жараян жабык өттү. Өкүм дароо күчүнө киргени маалым болду. Юстиция министрлиги сотко 17-ноябрда кайрылган. Мекеменин эсебине ылайык, “кыймылдын” ишмердүүлүгүндө “диний, социалык кастыкты козуткан, экстремисттик багыттагы ар кандай белгилер” аныкталган. Орусияда “экстремисттик уюмдун” ишмердүүлүгүнө катышканы үчүн анын негиздөөчүсү 10 жылга... Читать дальше...

ККМ колдонууга каршы соодагерлер Караколдо да акцияга чыгышты

Azattyk.org 

1-декабрда Каракол шаарындагы “Ак-Тилек”, “Ак-Тилек+”, “Бугу” жана “Макиш” базарларынын соодагерлери да көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы болуп нааразылык акцияга чыгышты. Алар базарларда азыркыдай эле патент системасын калтыруу талабы жазылган катты Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго жолдошту. Бул күнү ушундай эле талап менен Ош шаарындагы “Бостон”, “Бексултан” жана “Тешик таш” базарларында иштеген 100гө чукул соодагер мэриянын алдына, Таластагы ишкерлер Атай Огомбаев... Читать дальше...

Израил Газада ХАМАСка каршы операциясын кайра улантканын жарыялады

Azattyk.org 

Израил армиясы Газа секторунда согуштук аракеттерин кайрадан уланта баштаганын расмий түрдө жарыялады. Мекеме Телеграмдагы каналы аркылуу 1-декабрда АКШда жана Евробиримдик аймагында террордук деп таанылган ХАМАС тобу атышпоо режимин бузду жана Израилдин аймагын аткылады деп айыптады. Билдирүүдө ХАМАС атышуудагы “оперативдик тыныгуу” шартын бузганы, Израил тарапка ок чыгарганы, Газа сектору менен чектешкен аймактагы конуштарга ракета менен аткылаганы, анын баары абадан коргонуу каражаттары менен атып түшүрүлгөнү айтылды. Читать дальше...

ККМге каршылар Таласта да нааразылыкка чыгышты

Azattyk.org 

Базарда көзөмөл-кассалык машине (ККМ) колдонууга каршы нааразылык акциясы Таласта да башталды. 1-декабрда Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектептин алдына бир топ соодагер митингге чыгып, патент системасын калтыруу талабын коюп, өкмөттүн жаңы салык саясатына каршы экенин билдиришти. Бул күнү Ош шаарындагы “Бостон”, “Бексултан” жана “Тешик таш” базарларында иштеген 100гө чукул соодагер ушул эле талаптар менен акцияга чыгышты. Бишкектеги Аламүдүн базарынын соодагерлери да ККМге каршы митинг өткөрүп жатат. Читать дальше...



УКМК мурдагы аким “сойкулукка тартуу” беренеси боюнча кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Бишкекте мурдагы аким жана ири бизнесмен чет элдиктерге интимдик кызмат көрсөтүүчү жай уюштурууга көмөктөшкөн деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн 1-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, “Ак-Суу” базарынын ээси кылмыштуу топтун курамында болуп, өзүнө таандык имаратты сойкукана катары пайдаланууга берип жүргөн. “Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин “Сойкулук кылууга тартуу” беренеси боюнча 30-ноябрда Б.К.А. аттуу жаран кармалып... Читать дальше...

"Абдыш- Ата" футбол клубу АФК Кубогунун плей-офф баскычына чыкты

Azattyk.org 

Канттын "Абдыш-Ата" футболдук клубу Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн оюнда "Алтын-Асыр" командасын 4:2 эсебинде утуп, мөөнөтүнөн мурда АФК Кубогунун плей-офф баскычына чыкты. Муну менен "Абдыш-Ата" АФК Кубогунун плей-офф баскычына чыккан Кыргызстандын алгачкы клубу болуп калды.  30-ноябрда өткөн оюнда "Алтын-Асыр" командасы биринчи таймда эки гол киргизип алдыга чыккан. Оюндун экинчи бөлүгүндө "Абдыш-Ата" клубунун жарым коргоочусу Фархад Мусабеков эки гол киргизип эсепти теңесе, Эрнист Батырканов... Читать дальше...

ККМге каршы нааразалык акция Ошто да өтүп жатат

Azattyk.org 

1-декабрда Ош шаарындагы “Бостон”, “Бексултан” жана “Тешик таш” базарларында иштеген 100гө чукул соодагер көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы болуп, мэриянын алдына нааразылык акцияга чыгышты. Алар өкмөттүн жаңы салык саясатына каршы экенин билдирип, патент системасын калтыруу талабын коюп жатышат.  1-декабрда Бишкектеги Аламүдүн базарынын соодагерлери да көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы митингге чыгышты. Алар Министрлер кабинетинен патент системасын калтырууну жана ККМди жокко чыгарууну талап кылышууда. Читать дальше...

ККМге каршы митинг аймактарга жетти

Azattyk.org 

Кыргызстанда акыркы жумада чоң базарларда соода кылгандар Көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш таштап жатат. Бүгүн, 1-декабрда борбордогу Аламүдүн жана Оштогу, Таластагы базарлардын сатуучулары митингге чыгышты. Ал арада милиция өкмөткө талабын айткан айрым сатуучуларды кармап кеткени маалым болду. Алар өкмөттүн жаңы салык саясатына каршы экенин билдирип, патент системасын калтыруу талабын коюп жатышат. 1-декабрда Бишкектеги Аламүдүн базарынын... Читать дальше...

Мектепке бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан үч окуучу аныкталды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы 30-ноябрда өзү окуган мектепте теракт болот деп жалган билдирүүлөрдү жөнөтүүгө катышкан үч окуучу аныкталганын кабарлады. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, борбордогу №33 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучулары бейбаштык кылып мектептин электрондук дарегине жалган билдирүүлөрдү жөнөткөнү такталган. Алар окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу үчүн фейк аккаунттарды колдонуп, билим берүү мекемесинин электрондук дарегине бомба тууралуу жалган билдирүүлөрдү жиберген. Читать дальше...

Бишкектеги Аламүдүн базарынын соодагерлери митингге чыгышты

Azattyk.org 

1-декабрда Бишкектеги Аламүдүн базарынын соодагерлери көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип, митингге чыгышты. Алар Министрлер кабинетинен патент системасын калтырууну жана ККМди жокко чыгарууну талап кылып жатышат. Ишкерлер өкмөттүн Бишкектеги “Дордой” жана Оштогу Кара-Суу базарларын 2024-жылдын 1-январынан тартып базардын ичинде көзөмөл-кассалык машинелерин (ККМ), товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ)... Читать дальше...

Алтын соодасы: Британиядан кардар күткөн өкмөт

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Британияга жасаган сапарынын алкагында 29-ноябрда Лондон металл биржасынын Рынокту өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Робин Мартинге жолукканы маалым болду. Кыргыз бийлиги Кумтөр кенин мамлекетке алгандан кийин өлкөнүн кен казуу тармагына чет элдик инвесторлорду чакыруу күн тартибинде турган маселелердин орчундуусу болуп калды. Бул жааттагы демилгелер жүзөгө ашабы, ал үчүн кандай жумуштарды жасоо зарыл? Акылбек Жапаров Робин Мартин менен жолугушуу маалында... Читать дальше...

“Дордой”: митингдеги окуяга байланыштуу милиция бир кишини кармады

Azattyk.org 

Свердлов райондук ички иштер бөлүмү “Дордой” базарында нааразылык акция учурунда бир адамды жулмалап, денесине залал келтирген деген шек менен бир киши кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди. Окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголду. 30-ноябрда Бишкектин четиндеги “Дордой” базарынын айрым соодагерлери көзөмөл-кассалык машинесин (ККМ) колдонууга каршы акцияга чыгып, өкмөт патент менен иштөө системасын калтырып... Читать дальше...

Ташиев чек ара боюнча жолугушууларга катышуу үчүн Тажикстанга учуп кетти

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 1-декабрда Тажикстанга жумушчу сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу Камчыбек Ташиевдин тарапташы, журналист Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы баракчасына жазып, сапардын алкагында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча жолугушуулар болорун билдирди. 30-ноябрда атайын кызматтын төрагасы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында аткезчилик кайра жанданганын, чек ара маселеси толук чечилмейинче... Читать дальше...

Турак жай кооперативдеринин жоопкерчилигин күчөткөн мыйзам күчүнө кирди

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров “Кооперативдер жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу документке кол койду. Жогорку Кеңеш 19-октябрда кабыл алган мыйзам турак жай-курулуш кооперативдеринен үй сатып алууда адамдардын укуктарын коргоого багытталган. Ага ылайык, кооперативдердин ишин Министрлер кабинети тескейт, кооперативдер өзгөчө кырдаалдар үчүн фонд түзүп, устав менен анын суммасын жана мүлкүнүн үлүшүн аныкташы керек. Бул талап аткарылбасаал каттоодон өтпөйт. Кооперативдин иши тышкы аудитордук текшерүүгө алынышы мүмкүн. Читать дальше...

Согуш баскан Газада жугуштуу оорулар жайылууда

Azattyk.org 

Израил менен ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте "террордук" деп таанылган) радикал тобунун ортосунда түзүлгөн ок атпоо келишими 1-декабрга чейин узартылды. Ал тапта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Газада жугуштуу оорулардын, ич өткөк, сарык, котурдун жайылуу коркунучу өтө курч турганын эскертти.

Электр жарыгы жок, илбирси көп Зардалы

Azattyk.org 

Баткендин борборунан 130 чакырым алыс, жолу катаал Зардалыда кышында отуздай үй-бүлө калат. Айылга жол cалууга, электр жарыгын жеткирүүгө, туруктуу байланыш менен камсыздоого көп убада берилгени менен ишке аша элек. Кышы узак, жарыгы жок, илбирси көп Зардалыга "Азаттыктын" журналисти барып келди.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *