Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Новости за 04.12.2023

Израил Газадагы аскердик операциясын кеңейтти

Azattyk.org 

Израил армиясы Газа тилкесиндеги жердеги операциясын кеңейтип, аймактын түштүгүндө да аракеттерин баштады. Бул тууралуу ЦАХАЛдын расмий өкүлү Дениэл Хагари 3-декабрдын кечинде билдирди. Ал эми Башкы штабдын жетекчиси Герцль Халеви Газа тилкесинин түштүгүндөгү операция түндүктөгүдөй эле “кубаттуу болорун” эскертти. Израил армиясы ХАМАС ( АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмун жок кылуу максатында 7-октябрда Газага чабуулун баштаган. Буга аталган радикал уюмдун 7-октябрда Израилге кол салып... Читать дальше...

ККМ маселесин парламентте талкуулоо сунушу колдоо тапты

Azattyk.org 

Соода тармагында иштегендердин патент жана ККМ боюнча билдирип жаткан нааразылыгына байланыштуу маселени парламентте кароо сунушу бүгүн 4-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында айтылды. Депутат Дастан Бекешев азыркы түзүлүп жаткан жагдайда парламент көңүлкош мамиле кылгандай сезилип жатканын айтты жана тийиштүү мекемелердин өкүлдөрүн чакырып, талкуулоону сунуштады: “Экономика министрлиги токтом долбоорун сунуштоодо. Билим берүү, жыгач жана темир... Читать дальше...

УКМКнын башчысы Ташиев "уюшкан кылмыштуу топтун тору үзүлгөнүн" айтты

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунда эл менен жолугушууда өлкөдө уюшкан кылмыштуулукка жана коррупционерлерге каршы жүрүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Коопсуздук кызматынын төрагасы Кыргызстанда коррупция кадимки көрүнүшкө айланганын белгилеп, мындан ары мамлекеттик кызматка баюу максаты менен келгендер болбостугун айтты. "Уюшкан кылмыштуу топтор тор болуп чырмалышын, мамлекеттик органдарды, ишкерлерди, жөнөкөй адамдарды, бүт баарын байлап алышкан. Читать дальше...

Аба ырайы: күн ачык болот

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 5-декабрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 13…18, Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз 12…17, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз 5…10, Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 4…9, Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -17…-22, күндүз -1…-6 градус болот. Бишкекте жаан жаабайт. Читать дальше...

Сот "Мадина" базарынын ээси Турсунтай Салимовдун абактагы мөөнөтүн узартты

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту “Мадина” базарынын ээси, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунтай Салимовдун абактагы мөөнөтүн 4-февралга чейин узартты. Анын бөгөт чарасы 30-ноябрда каралганын райондук соттун басма сөз кызматы 4-декабрда “Азаттыкка” билдирди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Салимовду кримтөбөл Камчы Көлбаевдин ишине байланыштуу 20 адам менен чогуу кармаганын 10-ноябрда билдирген. Атайын кызматтын маалыматына караганда, "Салимов узак убакыттан бери криминалдык... Читать дальше...

"Аманат" холдингин түзүү жөнүндөгү жарлык күчүн жоготту

Azattyk.org 

"Аманат" улуттук холдингин түзүү жөнүндөгү жарлык күчүн жоготту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан бүгүн 4-декабрда билдиришти. Президент Садыр Жапаров 28-ноябрда кол койгон жарлыкка ылайык, 2022-жылдын 11-майындагы “Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдорду башкаруу системасын реформалоо маселелери жөнүндө” жарлыгы күчүн жоготту деп таанылды. Бул жарлыкта “мамлекеттик үлүшү бар чарбакер коомдорду натыйжалуу башкаруу” максатында Министрлер кабинетине "Аманат" улуттук холдингин түзүү тапшырмасы берилген. Читать дальше...

Токмокто базардын соодагерлери патент системасын калтырууну талап кылышты

Azattyk.org 

4-декабрда Токмок шаарындагы “Булак” базарынын соодагерлери Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип, патент системасын калтырууну талап кылышты. Шаардын мэри Максат Нусувалиев “Азаттыкка” Токмокто төрт базар бар экенин, анда иштеген ишкерлерге ККМ, жаңы салык саясаты боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын жана эч ким иш таштабаганын айтты. “ККМди колдогондор, каршы чыккандар да бар экен. Эл ККМ системасын туура эмес түшүнүп алышууда. Ошондуктан биз соодагерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Читать дальше...

Энергетикалык суусундукту толук тыюу мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

Azattyk.org 

Кыргызстанда энергетикалык суусундукка тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоору 4-декабрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинде талкууланып, биринчи окууда кабыл алынды. Депутат Улан Бакасовдун бул демилгеси колдоо тапса “Кыргызстандын аймагына энергетикалык ичимдиктерди ташып келүүгө, өндүрүүгө, сатыкка чыгарууга жана сатууга тыюу салуу жөнүндө” мыйзамы кабыл алынып, “этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана... Читать дальше...



Кыргызстанда күчөгөн Кытай пропагандасы

Azattyk.org 

Соңку эки-үч жылдан бери Кыргызстанда Кытайдын маалымат саясаты жанданды. Анын ичинен салттуу жалпыга маалымдоо каражаттары жана социалдык түйүндөрдөгү баракчалар аркылуу Бээжинди жактаган жана демократиялык баалуулуктарды сындаган материалдар байма-бай жарыяланууда. Бул топто фейк аккаунттар жана атайын каналдар да бар. Бир катар уюмдар Кытайдын маалыматтык операциялары Борбор Азияда, анын ичинен Кыргызстанда көп жылдан бери ишке ашырылып келатканын билдирүүдө. Телеграм каналдар жана жалпы... Читать дальше...

Ташиев менен Ятимов чек ара боюнча "принципиалдуу чечимдер кабыл алынганын" билдирди

Azattyk.org 

1-декабрда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов Тажикстандын Бустон шаарында жолугушту. Андан соң алардын биргелешкен кайрылуусун тажикстандык маалымат каражаттары жарыялашты. Анда Ташиев тараптар чек араны аныктоо боюнча бир катар принципиалдуу чечимдерди кабыл алышканын айткан. “Биз жаңы кабыл алган чечимдер биздин мамлекеттердин чек ара боюнча негизги маселелердин чечилишине жакындатат деп ойлойм. Читать дальше...

Сузактагы жол кырсыгында үч киши көз жумду

Azattyk.org 

Бишкек-Ош жолунун Сузактагы тилкесинде "Хонда-Сивик" жана "Матиз" унаалары кагышып, үч киши набыт болду. 1-декабрда кечке жуук Сузактын Санпа айылынын тушундагы жолдо болгон кырсыктан "Хонда-Сивиктин" айдоочусу жана бир жүргүнчүсү, "Матиздин" бир жүргүнчүсү ошол жерден жан берген. Дагы үч адам, анын ичинде төрт айлык ымыркай Сузак райондук ооруканасына жеткирилген. Ооруканадан "Азаттыкка" маалымдашкандай, "Матиздин" айдоочусунун жамбаш сөөгү жана далысы сынып кеткен, ага операция жасалды. Ал эми... Читать дальше...

Мэр акцияга чыккан “Дордой Моторс” базарынын соодагерлери менен жолукту

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 4-декабрда Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы митингге чыккан “Дордой Моторс” базарынын соодагерлери менен жолугушту. Ал чогулган ишкерлерге сүйлөп жатып, алар койгон талаптарды ишке ашыруу үчүн бир катар мыйзам, токтомдорго өзгөртүү киргизүү керек экенин айтты. “Силердин талаптарды ишке ашыруу үчүн бир нече токтом, мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек. Анын баары бир эле күндө чечилбейт. Мунун баары мыйзам менен бекилип калган”, - деди шаар башчысы. Читать дальше...

Министр Жаныбеков Айыл чарба министрлиги өзгөрө турганын билдирди

Azattyk.org 

Айыл чарба министрлиги Суу ресурстары жана айыл чарба министрлиги болуп өзгөрөт. Бул тууралуу министр Аскарбек Жаныбеков Жогорку Кеңештин 4-декабрдагы тармактык комитетинин жыйынында билдирди. Ал жарлыктын долбоору даяр болуп калганын айтты. “Суу маселеси эң биринчи маселеге чыгып жатканы үчүн ушуга барып жатабыз. Аны менен бирге түзүмүн да иштеп чыктык. Мөңгү тиги министрликте, жер астындагы суулар дагы башка мекемеде, гидрогеологиялык маалыматтык фонд башка министрликте, ал эми институттар болсо Улуттук илимдер академиясынын карамагында. Читать дальше...

“Бүтүн Кыргызстандын” мүчөсү Шамшидин уулу үй камагына чыкты

Azattyk.org 

4-декабрда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Замирбек Шамшидин уулун 21-сентябрда кармаган. Жактоочусу ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси менен кылмыш иши 8-сентябрда козголгонун айткан. 13-сентябрдагы Бишкек шаардык сотунун имаратынын... Читать дальше...

Кыргызстанга жасалма акча ташууга шектелип эки жаран кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кыргызстанда жасалма акчаны жүгүртүүгө шектелип эки жаран кармалганын 4-декабрда билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кармалгандар Түркияда жасалган АКШ долларын Өзбекстан жана Кыргызстанда жүгүртүүгө киргизип турушкан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси (Акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) менен кылмыш иши козголгон. Атайын кызмат Кыргызстан менен Өзбекстандын аймагында контрафакттык акча... Читать дальше...

"Символикаларды өзгөртөбүз деген илдет болуп калды"

Azattyk.org 

Кыргызстандын парламентинде мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окуудан кабыл алынды. Бул маселенин тегерегиндеги талкуулар улам кызып бараткандай. Соңку аптада социалдык тармактарда тууну өзгөртүүгө каршы флешмобдор өтүүдө. Бишкекте жекшембиге пландалган автожүрүш болбой калды. Катышуучулар акция башка күнү өтө турганын билдиришти. Биз 1990-жылдардын башында мамлекеттик тууну кабыл алган “легендарлуу парламенттин” депутаты, коомдук ишмер, академик Жамин Акималиев менен ушул маселе боюнча маек курабыз. Читать дальше...

"Суу ресурсу газ, мунайдан маанилүү". Өзбекстан, Кыргызстан көңүл бурган маселе

Azattyk.org 

Коңшу Өзбекстан 2024-жылы сууну үнөмдөө боюнча өзгөчө режимге өтөрү белгилүү болду. Президент Шавкат Мирзиёев аткаминерлерге "каналдарды бетондоо" тапшырмасын берди. Буга коңшу өлкөдө сугат суунун жылдан-жылга азайып баратканы себеп болгону айтылууда. "Суу чарба тармагына жылына 1 миллиард доллар бөлүнөт" Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 29-ноябрда Өзбекстандын суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана анын коромжусун азайтуу чаралары боюнча жыйын өткөрдү. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей... Читать дальше...

Амантур Жумаев бокс боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону болду

Azattyk.org 

3-декабрда Армениянын борбору Ереван шаарында өткөн бокс боюнча жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандык мушкер Амантур Жумаев алтын медал алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Бокс боюнча федерациясы билдирди. Ал 52 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, беттешин 1/16 финалдык баскычтан баштаган. Өзбекстандын, Германиянын, Орусиянын жана Польшанын спортчуларын утуп финалга чыккан. Финалдык беттеште Армениянын спортчусун жеңип, дүйнө чемпиону болду. Бул Кыргызстандын тарыхында жаштар... Читать дальше...

Кыргызстанда жумушсуздук боюнча Баткен облусу биринчи орунда

Azattyk.org 

2023-жылдын он айынын жыйынтыгына ылайык, киши башына санай келгенде жумушсуздар Баткен облусунда көп. Улуттук статистика комитети кабарлагандай, Баткенде 14 380 адам жумушсуз катары каттоого турган. Жалал-Абад облусунда 18 418 адам, Ош облусунда 17 130, Чүй облусунда 4 095 адам, Талас облусунда 3 251, Нарын облусунда 2 013 адам жана Ош шаарында 2 954 адам расмий жумушсуз. Статкомдун маалыматына ылайык, жалпы Кыргызстан боюнча 70 479 адам жумушсуз болсо, анын 43,8 пайызы аялдар. Расмий эсепте... Читать дальше...

Президент Жапаров “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады

Azattyk.org 

Бүгүн, 4-декабрда Кыргызcтанда “Манас” эпосунун күнү белгиленип жатат. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды куттуктап, эпосту жайылтуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Мамлекет башчысы куттуктоосунда "Манас" эпосунун кыргыз эли үчүн мааниси, орду чоң экенин белгилеген. "Манас" эпосу – кыргыздын улуттук сыймыгы, ооздон оозго айтылып келген руханий улуу мурасы, дүйнөлүк элдик поэзиянын шедеври, нечендеген кылымдардан бери элдин туу туткан жол көрсөткүчү! Читать дальше...

Эгиз кыздарын сабаган деп шек саналган келинди энелик укуктан ажыратуу сунушталды

Azattyk.org 

4-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Ошто эгиз кыздарын сабаган деп шек саналып жаткан келинди энелик укуктан ажыратуу боюнча сотко доо арыз бергенин билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, бул окуя боюнча кыздардын апасы Кылмыш-жаза кодексинин “Уруп-сабап кыйноо” беренеси менен иш козголуп, кармалган. Келиндин экинчи жолдошунун апасына “Кылмышка кошо катышуу” жана “Уруп-сабап кыйноо” беренелери боюнча айыбы угузулуп иш сотко жиберилген. “Прокуратура органы жашы жете элек эгиз кыздардын... Читать дальше...

Опера жана балет театрынын директору 4-январга чейин камакта калтырылды

Azattyk.org 

Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы директору Алмазбек Истамбаев 2024-жылдын 4-январына чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 1-декабрда чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. 1-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Алмазбек Истамбаев Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен шек саналып кармалганын кабарлаган. Читать дальше...

“Дордой Моторс” базарынын соодагерлери ККМге каршы митингге чыкты

Azattyk.org 

4-декабрда Бишкектеги “Дордой Моторс” базарынын соодагерлери Көзөмөл-кассалык машинелерге (ККМ) каршы нааразылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” базардын профсоюз башчысы билдирди. Анын сөзүнө караганда, ишкерлер өкмөттөн патент системасын калтырып, ККМди жокко чыгаруу талабын коюп иш ташташты. Көбүнчө жашылча-жемиш, азык-түлүк жана автоунаанын тетиктерин саткан базарда 2000дей ишкер иштейт. Кыргызстанда өткөн жумада базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш ташташкан. Читать дальше...

ЕАЭБдин ичинде эң аз айлык акы Кыргызстанда

Azattyk.org 

Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн ичинде эң аз айлык акы Кыргызстанда. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматында жарыяланды. Ага ылайык, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн баарында орточо айлык былтыркыга караганда көбөйгөн. Арменияда 113,4%, Кыргызстанда 110,7% жана Беларуста 110,1% өскөн. Буга карабай Кыргызстандагы орточо айлык акы биримдиктеги өлкөлөрдүн ичинен эң аз - 367 АКШ доллары болууда. Беларуста 638 доллар, Арменияда 676 доллар, Казакстанда 774 доллар, Орусияда 857 доллар. Читать дальше...

Москва көрсөтүүгө тыюу салган тасма Собчактын ютуб каналына жарыяланды

Azattyk.org 

Орусиялык журналист Ксения Собчактын Ютубдагы каналына режиссер Александар Сокуровдун "Жомок" деп аталган тасмасы жарыяланды. Аталган тасманы Орусиянын экрандарында көрсөтүүгө Маданият министрлиги тыюу салган. Собчак өзүнүн "Осторожно, медиа" басылмасында Сокуровдун "Жомок" тасмасы талкууланганын телеграм каналында жазды. Талкууга режиссер өзү, Нобел сыйлыгынын лауреаты Дмитрий Муратов, журналист Юрий Сапрыкин, режиссёр Андрей Смирнов, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Тамара Морщакова, Собчактын... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *