Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Новости за 04.12.2023

Пентагон: Кызыл деңизде АКШнын кемелерине кол салынды

Azattyk.org 

Жекшембиде Американын "Карни" эсминеци жана бир нече жарандык кеме Кызыл деңизде чабуулга кабылды. Бул тууралуу АКШнын Коргоо министрлиги кабарлады. Маалыматта ким кол салганы жана андан кемелер кандай жабыркаганы тууралуу айтылган жок. ABC News телекомпаниясы АКШ администрациясындагы булагына шилтеме кылып, "Карни" эсминеци кеминде эки дронду жок кылганын маалымдады. Кызыл деңиздин Инди океаны менен бириккен жериндеги Баб-эл-Мандеб кысыгында соода кемеси жекшемби күнү учкучсуз учактардын чабуулуна... Читать дальше...

Air Astana компаниясына 876 млн теңге айып пул салынды

Azattyk.org 

Казакстандагы эң ири авиакомпания - Air Astana күйүүчү майга себепсиз төлөм алганы үчүн 876 млн теңге айып пул төлөйт. Бул тууралуу Казакстандын Атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо агенттиги маалымдады. Аталган агенттик маалымдагандай, компания авиабилеттерди кыска мөөнөткө сатууда анын баасына негизсиз түрдө күйүүчү май үчүн 3500 теңгеден 6500 миң теңгеге чейинки төлөм кошуп турганы аныкталган. "Күйүүчү май үчүн төлөм анын баасы өсүп кеткен учурда гана кенемте максатында алынышы керек", - деп жазылган маалыматта. Читать дальше...

Мамкатчы: туу боюнча депутаттар элдин мүдөөсүн эске алат деген тилекте бололу

Azattyk.org 

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов желекти өзгөртүү демилгеси тууралуу комментарий берди. Бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примовдун мамлекеттик тууга өзгөртүү киргизүү сунушун президент Садыр Жапаров, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жана өзү да колдогонун билдирди. “Азыркы биздин туубуз эгемен элдин жүрөгүнөн терең орун алып, боор эт менен бир болуп, жан дүйнөгө бүлүк салганы коомдук талкууда байкалууда. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *