Жапаров Министрлер кабинетин жетектейби?
“Азаттыктын” өкмөттөгү ишенимдүү булактарынан белгилүү болгондой, жакынкы күндөрү кыргыз өкмөтүндө кадрдык өзгөрүүлөр күтүлүп жатат.
Тактап айтканда, өкмөттүн курамы алмашып, Министрлер кабинетинин төрагалыгына учурдагы экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун талапкерлиги каралып жатканы кабарланды. Президент Садыр Жапаровдун бийликке келгенине де-факто бир жыл болуп, парламенттик шайлоо босогодо турганда өкмөттү жетектөө Акылбек Жапаровго тапшырылып жатканына эмне себеп болду?
“Азаттыктын” ишенимдүү булактары жакынкы күндөрү Министрлер кабинетинин курамы алмашып, өкмөт башына учурдагы экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров келерин билдиришти.
Президенттин басма сөз кызматы бул маалыматты ырастаган дагы четке каккан дагы жок.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов өкмөт курамынын өзгөрүүсүн өткөн жумада Жогорку Кеңеш үчүнчү окуууда кабыл алган “Министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзам менен байланыштырды.
“Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзам күчүнө кирсе өзгөрүү болуш керек, сөзсүз болот. Президенттин администрация башчысы Министрлер кабинетинин төрагасы болуп калат”.
“Министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш өткөн жумада үчүнчү окууда кабыл алган. Аталган мыйзамга 11-октябрда президент кол койду. Жаңы мыйзамга ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы менен президенттин администрация башчысы бир адам болот.
Ушул жылдын 5-майында жаңы Баш мыйзам күчүнө киргенден кийин өкмөт Министрлер кабинети деп өзгөрүп, мыйзамдар жаңы Баш мыйзамга шайкеш болбогондуктан өткөөл жобонун негизинде парламенттин макулдугусуз дайындалган.
“Азаттыкка” өкмөттөгү ишенимдүү булактар билдиргендей, өкмөт курамында бир топ өзгөрүүлөр болуп, түзүмү да өзгөрөт.
Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы болсо, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев азыркы кызматын сактоо менен бирге коопсуздук тармагын тейлеген вице-премьер-министр кызматына дайындалышы мүмкүн.
57 жаштагы Акылбек Жапаров ушул жылдын июнь айынан бери Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары - финансы жана экономика министри болуп иштеп келет.
Ал бул кызматка дайындалганга чейин "Кумтөр" алтын кенин иликтөө боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеген. Сентябрдын аягында Женева шаарында өткөн "Центерра голд" компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн сүйлөшүүсүнө Кыргызстандын делегациясын жетектеп барган.
Акылбек Жапаров өкмөт башчы жана өлкө башчылыктан тышкары мамлекеттик кызматтын дээрлик бардык тепкичин басып өткөн саясатчы. Ал буга чейин берген маектеринде өкмөт башчы болуу үчүн көп жылдан бери даярданып келе жатканын айтканы бар.
Саясатчы Туйгунаалы Абдраимов Министрлер кабинетинин төрагалыгына Акылбек Жапаровдун дайындалышы туура чечим болорун айтат.
“Негизи Акылбек Жапаровду мындан көп жыл мурун эле премьер-министр кылыш керек эле. Анткени мен бул жигитти 1993-жылдан бери билем, Жапаров бардык жагынан бул кызматка даяр. Карап көрсөңөр даяр эмес балдар барып калып, элдин убалына калып жатпайбы. Акылбек бир нече жолу финансы министри болду, экономика министри, биринчи-вице-премьер-министр, депутат болду. Кыргызстандын микро-экономикасын дагы, макро экономикасын дагы жакшы түшүнөт. Эгер чын эле Акылбек Жапаров премьер-министр болсо, Кыргызстан үчүн жакшы жышаан деп эсептейм. Президенттин эң туура чечими”.
Ошол эле учурда Акылбек Жапаровдун саясий өмүр жолуна элдин пикири бир кылка эмес.
2020-жылы октябрь окуяларынан кийин премьер-министр болгон Садыр Жапаров фамилиялашын финансы боюнча коомдук башталыштагы кеңешчиси кылып дайындаган. Бирок он күн өтпөй Акылбек Жапаровдун дарегине айтылган сындан улам кызматтан алууну чечкенин билдирген.
Анткен менен президенттик шайлоодон кийин Садыр Жапаровдун көзүрү болгон “Кумтөр” алтын кенин иликтөө боюнча мамлекеттик комиссияны жетектөө Акылбек Жапаровго тапшырылды.
Президент мындай чечимди Кытай реформатору Дэн Сяопиндин "Кара мышыкпы, ак мышыкпы, чычкан алса болду" деген цитатасы менен түшүндүргөн.
Акылбек Жапаров жетектеген мамлекеттик комиссия “Кумтөр” кенине тыштан башкарууну демилгелеп, алтын кенин беш айдан бери кыргыз өкмөтү дайындаган тыштан башкаруучу топ көзөмөлдөп жатат.
“Кумтөр” кенине тыштан башкаруу киргенден кийин Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри кызматына келген.
“Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков беш айдан бери өкмөттү де-факто Акылбек Жапаров башкарып жатканын, дараметин көргөзгөнүн айтат.
“Акылбек Жапаровдун демилгелери ийгилик же жакшылык менен бүтө элек. Тескерисинче, Кыргызстанга көп көйгөйлөрдү алып келүүдө. Анын көпчүлүк демилгелери жарандык коомдун сын-пикирине кабылып келет. Мисалы, салыкты милиция чогултат дегенинен баштап, экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу мыйзам долбоору четке кагылды. Жапаровдун демилгелери ишке ашкан учур боло элек. Жапаров беш айдан бери де-факто өкмөттү башкарып келет. Кризис чечилүүнүн ордуна жаңы экономикалык, энергетикалык көйгөйлөр пайда болду”.
2005-жылга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болуп, парламенттеги таасирдүү Бюджет жана финансы комитетин жетектеген Акылбек Жапаров Жоогазын ыңкылабынан кийин финансы министри, экономика жана соода министри, биринчи вице-премьер-министр болуп эмгектенген.
2010-жылы Апрель ыңкылабынан кийин Бакиевдин башка үзөңгүлөштөрүнөн айырмаланып, ошол эле жылы саясатка кайтып, “Ар-намыс” партиясынын тизмеси менен депутаттыкка шайланган. Бир жыл өтпөй коалициялык өкмөттүн курамында кайрадан финансы министри болуп дайындалган.
2015-жылы “Бир Бол” партиясы менен кайрадан депутаттыкка шайланды.
Жогорку Кеңештин депутаты Туратбек Мадылбеков кыргыз экономикасын беш колундай билерин, азыркыдай кырдаалда өкмөт башына кризис-менеджер катары келе жатат дейт.
“Акылбек Жапаровдун премьер-министр болушун колдойм. Ал менен 5-чакырылышта Жогорку Кеңеште чогуу иштедим. Экономика, финансы жаатында профессионал. Кризис учурда жол таба билген жигит. Мындай учурда Жапаровго окшош профессонал келбесе жөн эле коюп койгон куурчак тартып кете албайт. Жапаров кыргыз экономика-финансы тармагында суудагы балыктай сүзгөн кадрлардын бири. Бирок Жапаровго көзөмөл керек, элге жакпаган жүрүштөрү бар. Жогорку Кеңешке тың депутаттар келип, карап туруш керек”.
Ал эми экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров бир жыл мурунку элдик толкундоолордогу люстрация талабын эске салды.
“Жаштар люстрация деп талап кылып жатат. Бизге кан жаңырып, жаш кадрлар керек. Антпесе Кыргызстан өнүкпөй турганы белгилүү болуп калды. Анын ордуна 20-30 жыл системада иштеп, колунан эмне келет көргөзүп, керек болсо таза иштебеген адамдарды алып келгени өкүндүрөт”.
Жаңы өкмөт өлкө экономикалык, энергетикалык кризис, чек ара маселеси кептеп, конституциялык реформадан кийин мамлекеттик башкаруу бир калыпка түшө элек учурда келген турат. Азык-түлүк, кийим-кечеден баштап, курулуш метериалдары, күйүүчү-майлоочу май ж.б товарлардын баасы кымбаттоодо.
Кыргызстандын экономикасы пандемиянын кесепетинен бир жарым жылдан бери нөлдүк өсүшкө да чыга элек. Жыл башынан бери ички дүң өндүрүм былтыркы ушул убакка салыштырмалуу 1,6% түштү. Бирок өткөн жылы карантиндин айынан экономика такыр жылбай турган.