ДЧ - 2018: Орусия жарым финалга жетеби?
2018-жылы өтө турган футбол чемпионатында беттеше турган атаандаштар белгилүү болду. 1-декабрдагы чүчүкулак эң чоң мелдештин картасын канчалык ача алды?
2018-жылы өтө турган футбол чемпионатында беттеше турган атаандаштар белгилүү болду. 1-декабрдагы чүчүкулак эң чоң мелдештин картасын канчалык ача алды?
Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесине ылайык, эки же андан көп аял алгандар эки жылга чейин эркинен ажыратылат. Бирок бул берене айрымдардын мыйзамды аттоосуна тоскоол боло албай келет. "Азаттык+" берүүсүнүн бул жолку чыгарылышы кош нике темасына арналды.
Кыргызстандык бийчилердин "Адем" тобу "Asia’s Got Talent" шоу сынагында финалга чыкты. Бийчилер үч этаптан турган эл аралык сынакка ушул жылдын август айынан бери катышып жатышат. 26-ноябрда жарым финалдын жыйынтыгы чыгып, кыргызстандыктар эми баш байге үчүн ат салышмай болду. Финал 7-декабрда өтүп, жыйынтыгы 14-декабрда жарыяланат.
Сооронбай Жээнбековдун “биз бирдиктүү командабыз” деген билдирүүсү - тек гана көңүл улоо үчүн айтылган эле сөз. Саясатта "биздикилер" деген түшүнүк болбойт, саясатта кызыкчылыктар алдыңкы орунга чыгат. Анын мисалы - бүгүнкү "биздикилер" кечээ, андан мурда башка ажонун "биздикилери" болгон.
1-декабрдан тартып Конституцияга ылайык өкмөт башчы менен Жогорку Кеңештин бир катар ыйгарым укуктары күчүнө кирди.
Элүүнүн кырына жаңы чыккан белгилүү журналист жана публицист, "Кут билим" гезитинин баш редактору, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын редактору Кубат Чекировдун чыгармачыл бейнесине сүртүмдөр.
"Данистенин" бул жолку чыгарылышы ооруканага дарыланганы барып, айыккыс ВИЧ илдетин жуктуруп алган 382 баланын тагдырына арналды.
New York Times гезити Москвадагы допингге каршы лабораториянын мурдагы башчысы Григорий Родченковдун күндөлүгүн жарыялады. Макала орусиялык спортчулардын кызытма чуусу күчөп, спортчулар медалдарынан ажыраган маалда жарык көрдү. Эмки аптада Эл аралык олимпиада комитети Орусияны 2018-жылы Түштүк Кореяда өтчү кышкы оюндарга катыштырабы же жокпу – чечим кабыл алат.
Теги ирандык түрк ишкери АКШдагы сотто Түркиянын мурдагы экономика министрине 50 миллион доллар пара бергенин билдирди. Реза Зарраб Ирандын санкцияларын кыйгап өтүү схемаларын түзгөн топтун ишин караган сотто АКШ өкмөтүнүн негизги күбөсү болууда.