Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Декабрь
2017

Новости за 11.12.2017

Ошто май алмаштыруучу жайда өрт чыкты

Azattyk.org 

Ош шаарынын Манас-Ата кичи районундагы май алмаштыруучу жайда 11-декабрда түндө өрт чыгып, калаадагы өрт өчүрүү кызматындагы бардык техникалары жана 170 өрт өчүрүүчү тартылды.

Казакстандын ийгиликтүү 100 адамы

Azattyk.org 

АКШ президенти Трамптын Иерусалимди Израилдин борбору деп таанышы көптөгөн өлкөлөрдө нааразылык жаратты. Өзбекстанда кол астындагыларды кордогон жетекчилер эми президентке каршылык көрсөткөндөр деп бааланат. Өзбекстандык студент кыз түз эфирде атайын кызматты айыптады. Казакстан ийгиликтүү 100 адамдын тизмесин түзүүдө. Тажикстанда ата-энеси тирүү балдар интернаттардан чыгарылууда. Санкт-Петербургда жеке ишкер пенсионерлерди бекер тамактандыра баштады.

Жарандык коом сөз эркиндигин сактоого үндөдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда жарандык коомдун өкүлдөрү "Zanoza.kg" cайтына чыгарылган Жогорку Соттун чечими боюнча өлкө жетекчилигине кайрылды. Анда маалымат каражатына карата ашыкча айыппул салынып, аны өндүрүү аракеттери башталганына көңүл бурулган.

Компьютердин тилин тапкан балдар

Azattyk.org 

“Код сааты” акциясы 4-10-декабрь күндөрү өлкө аймагында өтүп, адистер жаштарга компьютердик программалоо ыкмаларын бекер үйрөтүштү. Жыйындар мектептерде жана китепканаларда уюштурулуп, “Сорос-Кыргызстан” фонду колдоо көрсөткөн саамалыкты "Биздин мурас" уюму ишке ашырды.

Айтматов: Бийлик менен сүрөткердин алакасы

Azattyk.org 

Айтылуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бийлик менен сүрөткердин өз ара мамилеси тууралуу макаласы. Бул макала англис тилинде Американын Оклахома штатындагы университеттин World literature today журналынын 1993-жылдагы кышкы (же биринчи) санында жарык көргөн.

Акаевге Берлинде жумуртка ыргытышты

Azattyk.org 

9-декабрда мурдагы президент Аскар Акаевдин Берлиндеги мейманканалардын биринде кыргызстандыктар менен өтө турган жолугушуусу үзгүлтүккө учурады. Иш-чарага келгендердин бири көчөдө ага жумуртка ыргытты.

Көп аялдуулук жана ислам

Azattyk.org 

Көп аялдуулук айрым себептерден улам акыркы учурда өлкөбүздө өтө актуалдуу маселеге айланганы маалым.

“Франс-Пресстин” кабарчысы Кыргызстанга киргизилген жок

Azattyk.org 

“Франс-Пресс” агенттигинин кабарчысы, британиялык журналист Крис Риклтон 9-декабрда Кыргызстандын чек арасынан киргизилбей Дубайга депортацияланганын "Азаттыкка" анын кесиптеши Толкун Наматбаева билдирди. Дубайдан Риклтон кайра Казакстандагы “Франс-Пресстин” кеңсесине барууну пландап жатат.

Түркмөнстан Иранды сотко берет

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти 2700 кишини абактан бошотту. Түркмөнстан Иран өкмөтүн эл аралык сотко берет. Окурмандарга Орусия басылмаларынан даярдалган серепти сунуш кылабыз.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *