Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Декабрь
2017

Новости за 26.12.2017

Казакстанда белгилүү блогер камалды

Azattyk.org 

Казакстандык таанымал блогер Айжан Байзакова үч күнгө камакка алынды. Tengrinews.kz маалымат порталы Алматынын ички иштер башкармалыгына шилтеме кылып жазышынча, Байзакова "этикалык нормаларды бузганы үчүн" жоопкерчиликке тартылды. Бир нече күн мурда социалдык тармактарда Алматыдагы түнкү клубдардын биринде өткөн сынакты чагылдырган видеотасма таркаган. Ал сынакты Байзакова алып барганы маалым болгон.  Ички иштер башкармалыгы билдиргендей Байзакова "этикалык нормаларга сыйбаган" сынакты өткөргөнүн мойнуна алган. Читать дальше...

Египетте 15 согушкер дарга асылды

Azattyk.org 

Египет бийликтеринин чечими менен 26-декабрда 15 согушкер дарга асылды. Алар 2013-жылы Синай жарым аралында болгон кол салууну уюштурушкан деп айыпталышкан. Бир ай мурда ушул эле Синайда өлкө тарыхындагы эң кандуу чабуул болгон. Мечитке жасалган кол салуудан 300дөн ашуун жаран мүрт кеткен. Ошондо Египеттин президенти Абдул-Фаттах Ас-Сиси өкмөттүк күчтөргө өлкө аймагындагы исламчыл радикал топторду жоготууга үч ай берген.  2013-жылдан бери эле Синай жарым аралында исламчыл согушкерлер тарабынан уюштурулган 1,5 миңдей кол салуу катталган. Читать дальше...

"Данисте": аргасыз акушер болгон аялдар

Azattyk.org 

Кыргыз-казак чек арасындагы төрөтканасы жок айыл, темир жолдогу кырсыктан бутунан ажыраган кыз, Испания сыймыгына айланган кыргыз дүйнө чемпиону, кыргыз балетинин жылдызы Айсулуу Токомбаеванын Түркиядагы мектеби, жер алдынан чыккан суу каптаган Чүй районунун айылдары бул жолку “Данисте” тележурналынын мазмунун түздү.

Орусиялык жана советтик композитор Шаинский көз жумду

Azattyk.org 

Орусиялык композитор, Советтер Союзунун эл артисти Владимир Шаинский 92 жашында көз жумду. Бул тууралуу "Маданият" телеканалы композитордун туугандарына таянып кабарлады. Шаинский балдар арасында өтө популярдуу болгон "Антошка", "Көгүлтүр вагон", "Ата-энелердин үйү" деген ырлардын автору. Анын көптөгөн чыгармалары советтик кинолордо жана мультфильмдерде жаңырган. Өз эмгектери үчүн композитор бир катар сыйлыктарга татыган. 2013-жылдан бери Кошмо Штаттарда жашаган Шаинский өмүрүнүн акыркы жылдары онкологиялык илдет менен алышып келген.

Жогорку Кеңеште "жолун" тапкан Исхак Пирматов

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетин ушул айдан тартып "Бир бол" фракциясынын депутаты Исхак Пирматов жетектей баштады. Бул тармактарда тажрыйбасы жок депутаттын маанилүү комитеттин башчылыгына келгени сынга да кабылды. Өзү болсо ишти алып кетээрине ишенет.

Евробиримдик орус БШКсын Навальныйды каттабаганы үчүн сындады

Azattyk.org 

Евробиримдик Орусиянын Борбордук Шайлоо комиссиясынын оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды президенттикке талапкер катары каттабай коюшун сынга алды. Уюмдун тышкы байланыш бөлүмү 26-декабрда тараткан билдирүүдө "БШКнын бул кадамы Орусиядагы шайлоонун демократиялуу өтүшүнөн күмөн санатат" деп жазылган.  Документте Адам укуктары боюнча Европа соту Орусиядагы Навальныйга карата козголгон иш боюнча сот адилетсиз өткөнүн 2013-жылы тааныганы жазылган. Брюссель оппозициячыл саясатчыга "Кировлес"... Читать дальше...

Парламент "нотариалдык кеңсеге" айландыбы?

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште айрым депутаттар "парламент жигердүү иш жүргүзө албай жатат" деп нааразы. Экс-спикер Чыныбай Турсунбеков парламентти "нотариалдык кеңсеге айланды" деп сындап чыкты.



"Күүнүн сыры" - талаанын "Ромео менен Жульеттасы"

Azattyk.org 

Аалы Токомбаев көркөм адабияттын болгон жанрларынын баарына кайрылып, арасында бир топ мыкты чыгармаларды жараткан. Анын бай адабий мурасынын ичинде “Кандуу жылдар” романы, сезим кылдарын козгогон лирикасы, анан прозалык чыгармалары өзгөчө орунда турат.

БШК Навальныйды шайлоого катыштырбай койду

Azattyk.org 

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын президенттикке талапкерлигин каттоодон баш тартты. Саясатчы орусиялыктарды президенттик шайлоого катышпоого жана анын жыйынтыктарын кабыл албоого үгүттөөдө.

Ирандын соту швециялык окумуштуунун өлүм жазасын күчүндө калтырды

Azattyk.org 

Ирандын Жогорку соту швециялык иликтөөчү Ахмадрез Жалалиге карата чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырды. Стокгольмдогу Каролин институтунун өлүм жазасына тартылган илимпозу Ахмадрез Жалали 2016-жылы Тегеранга жыйынга барган маалда кармалган. Ага тыңчылык жана "кудайга акаарат келтирген" деген айыптар тагылган. Өкүм күчүндө калганын 25-декабрда Тегерандын прокурору Аббас Жафари Долатабади билдирди. Өкүмдө Жалали Израилдин өкмөтү менен кызматташканы жазылган. Долатабадинин айтымында, Жалали бир нече ирет израилдиктер менен жолугушуп... Читать дальше...

ИИМ: уюшкан кылмыштуу топтордун 231 мүчөсү кармалды

Azattyk.org 

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөш башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 11 ай ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун 231 мүчөсү ар кандай кылмыш фактылары боюнча кармалган. ИИМдин маалымат кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнөн 11 курал-жарак алынган. Ошондой эле милиция 411 жалпы мүнөздөгү кылмыштардын бети ачылып, 88 соттон жана тергөө амалдарынан качып жүргөн адам кармалган. Ачылгын кылмыштардын арасында 12 - киши өлтүрүү, 22 – каракчылык, 7- адам уурдоо... Читать дальше...

Тактыга отургуң келеби?

Azattyk.org 

Атактуу "Тактылар оюну" ("Игра престолов") сериалындагыдай такты борбордун Чүй жана Жусуп Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде пайда болду. Кардарларды кызыктыруу максатында ойлоп табылган жасалга эми көпчүлүктүн көңүл чордонунда.

Кыргызстанда жаңы жылдык майрам төрт күнгө созулат

Azattyk.org 

Өкмөт башчысы Сапар Исаков кол койгон токтомго ылайык 2018-жылдын 2-3-январы эс алуу күндөрү деп жарыяланды. Ошентип кыргызстандыктар төрт күн удаа: 31-декабрда жана 1-2-3-январда эс алышат. 2-3-январдагы иш күнү 30-декабрга жана 8-январга которулду. Бул токтом иш жана эс алуу күндөрүн сарамжалдуу бөлүштүрүүгө багытталган. Токтом мамлекеттик мекемелерге гана тийиштүү, беш күндүк график менен иштеген жеке ишканаларды камтыбайт. (UEz)

Кытайда таанымал укук коргоочу сегиз жылга кесилди

Azattyk.org 

Кытайда таанымал укук коргоочу У Гань сегиз жылга эркинен ажыратылды. Ага "мамлекеттик бийликти кулатууга аракет кылган" деген айып коюлду. Өкүмдү өлкөнүн түндүгүндөгү Тяньцзин шаарынын соту чыгарды. "Орой касапчы" (Ultra Vulgar Butcher) деген лакап ат менен укук коргоочу Интернетте бийликти мыскылдап келген. Гандын адвокаты жогорку инстанцияларга доо арыз менен кайрыларын билдирди.  44 жаштагы У Гань кызматынан кыянатчылык менен пайдаланганы кеп болгон аткаминерлерди орой мыскылдап, аларга каршы... Читать дальше...

27-декабрга карата аба ырайы

Azattyk.org 

Синоптиктер 28-декабрга чейин аба ырайы кескин өзгөрөрүн кабарлап жатышат. 27-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 18-23 метрге жетет. Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда мал кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Ашууларда кар көчкү түшүшү жана кар күрткүсү күтүлгөндүктөн... Читать дальше...

UWC кыргызстандык окуучуларды күтөт

Azattyk.org 

Эл аралык коллеждер биримдиги (UWC) Кыргызстандын 9-10-класстарынын окуучулары үчүн Германия менен Свазиленддеги алдыңкы университеттерде акысыз окуу үчүн эки орун бөлдү. Мектеп окуучулары үчүн ачылган бул конкурс тууралуу биримдиктин Кыргызстандагы өкүлү Салтанат Сандыбаева “Азаттыкка” айтып берди.

Сирия аскерлери оппозициячыл күчтөрдү курчоого алышты

Azattyk.org 

Сириянын аскерлери Израил жана Ливан менен чектеш аймактарда жайгашкан, буга чейин козголоңчулардын карамагында болуп келген анклавды өз көзөмөлүнө алышты. Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктары боюнча обсерватория 25-декабрда билдиргендей, он күнгө созулган операциядан кийин Бейт-Жин деген шаарда Асаддын каршылаштарын өкмөттүк күчтөр курчап алышты. Анклав өлкөнүн түштүк-батышындагы оппозициячыл күчтөрдүн соңку таянычы эле. Израил өз чек арасына жакын жерде мындай операциялардын өтүп жатканына тынчсызданганын билдирди. Читать дальше...

Алаңгазардын ата болушу

Azattyk.org 

“Ата” фильминде сыноолор аркылуу күчтүү адамга айланган каарманды көрө алабыз.

Быйыл Бишкекте жол кырсыктарында 29 жөө жүргүнчү каза болду

Azattyk.org 

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматы боюнча Бишкекте жыл башынан бери 29 жөө жүргүнчү жол кырсыгынан көз жумган. Маалыматка ылайык, жыл ичинде жөө кишилер катышкан 1131 кырсык катталган. Ушундан улам Бишкек мэриясы жер үстүндөгү өтмөктөрдү куруп жатат. Кыргызстан боюнча жыл башынан бери 828 киши автокырсыктан каза тапкан. (UEz)

Бишкекте жер үстүндөгү дагы бир өтмөк ачылды

Azattyk.org 

Бүгүн, 26-декабрда Бишкектеги “Мадина” базарынын тушунда жер үстүндөгү өтмөк ачылды. Шабдан баатыр жана Мамбетов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган өтмөктүн бийиктиги 5, туурасы 3 жана узундугу 37 метрди түзөт. Өтмөктүн ачылыш салтанатына катышып жатып Бишкек мэри жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылыш үчүн шаар жетекчилиги болгон аракеттерди көрүүгө убада берди. Буга чейин “Аламүдүн” базарынын тушуна да ушундай эле өтмөк коюлган. Ал өтмөктөргө 15 киши көтөргүдөй экиден лифт орнотулган. Читать дальше...

Бийлик жергеталдыктар боюнча тасманы таратууну чагым деп баалады

Azattyk.org 

Кыргыз бийлиги Чүйгө Тажикстандан келген кыргыздар сабалган видеонун Интернетке чыгарылышын чагым деп атады. Президенттик аппараттын Этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева видео боюнча Коргоо кеңеши жана милиция менен байланышып, тактоо жүргүзүлгөнүн айтып, эски окуяны кайра жайылткандардын кадамын жагдайды чыңалтуучу аракет катары сыпаттады. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, окуя 2016-жылдын февралында Чүйдүн Панфилов айылында болгон. Читать дальше...

Грузияда террорчулук боюнча шектүү үч киши кармалды

Azattyk.org 

Грузиянын Панкисск капчыгайында өткөн атайын операциянын алкагында террочулук боюнча шектүү үч киши кармалып, бирөө жарадар болгону маалымдалды. Кармалгандар "Ислам мамлекети" радикал уюму менен байланышта деген шектүү болуп жатат.  25-декабрга караган түнү Грузиянын Ички иштер министрлигине караштуу атайын бөлүмдүн 60тай кызматкери капчыгайдын ичиндеги айылдарда бир нече үйдү курчоого алышкан. Жоокерлерге каршылык көрсөткөн бир жаранга ок атылып, калганы колго түшкөн. Атайын операция Грузиянын... Читать дальше...

Студент Сапар Исаковду өзбек президентиндей иштөөгө чакырды

Azattyk.org 

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенти премьер-министр Сапар Исаковго суроо узатып жатып, аны өзбек президенти Шавкат Мирзиеевдей иштөөгө чакырды. Студент Миризиёев жыйналыш учурунда татыктуу жооп бербеген бир топ министрлерди ошол замат кызматтан алганын, ушундай мүнөз кыргыз башчыларында да болушу керек экендигин айтты.  Өз кезегинде Исаков коомчулук алдында жана өкмөт аппаратында катуу болбогону менен, жабык эшик артында баарына катуу талап коюп, керек болсо ошол замат иштен алып жатканын кошумчалады. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *