Милициянын жоругу ырчыны ыза кылды
17-декабрда белгисиз адамдар ырчы Дилшат Кангелдиеванын унаасынын терезесин талкалап, жеке буюмдарын уурдап кеткен. Бул тууралуу ырчы өзүнүн "Фейсбуктагы" жеке барагына жазып чыкты.
17-декабрда белгисиз адамдар ырчы Дилшат Кангелдиеванын унаасынын терезесин талкалап, жеке буюмдарын уурдап кеткен. Бул тууралуу ырчы өзүнүн "Фейсбуктагы" жеке барагына жазып чыкты.
НТС телеканалынын мүлкүнө жана техникасына соттун бөгөт коюу чарасына байланыштуу анын мындан аркы ишмердиги бүдөмүк абалда калды.
“Ыңгайсыз суроолор” программасы жемкорлукка айыпталган айрым аткаминерлерден жоопко тартылбай жатканы тууралуу сөз кылат.
Райондук соттун чечиминен кийин депутаттар Алмамбет Шыкмаматов менен Аида Саляновага чыккан соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кириши мүмкүн.
Кыргызстандагы менчик телеканалдардын эң ириси - НТС каналы талашка түштү. Телеканалдын ээси катары айтылып жүргөн саясатчы Бабанов муну “рейдерлик” десе, доо койгон тарап дагы өз жүйөсүн келтирүүдө.
Кыргызстандагы мамлекеттик эмес НТС каналынын айланасында талаш чыкты. 19-декабрда телеканалдын имаратына сот аткаруучулар келип, эфирди токтотууну жана имаратты жабууну талап кылышты. Буга негиз катары Бишкектин райондор аралык сотунун аныктамасы айтылууда. Оппозициячыл "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Өмүрбек Бабановго таандык делген каналга карата мындай чабуулду айрымдар сөз эркиндигине, маалымат каражаттарына карата басым катары санаса, айрымдар катардагы мүлк талаш катары санап жатышат. Читать дальше...
НТСтин тегерегиндеги окуяларга байланыштуу телеканалдын юристи Амантур Абдырахманов жана "Grexton Capital LTD” компаниясынын адвокаты Елена Дзимидовичтин пикири.
Өткөн жылы Өзбекстандын карамагынан өткөрүлүп алынган Ысык-Көлдүн жээгиндеги төрт пансионатты иштетүү укугу кайрадан коңшу мамлекетке берилди. Өкмөттүн мындай чечими коомчулукта кайчы пикир жаратканы менен эс алуу жайлары биротоло иштен чыкканча кайра берилгени туура болду деп жактагандар да жок эмес.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыпталган Карганбек Самаков 10 жылга камалды. Аны менен кошо анын уулу жана төрт санаалашы сегиз жылга кесилди. Бул кылмыш иши боюнча экс-премьер-министр, депутат Игорь Чудинов менен мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевдерге айыппул салынды.
НТС телеканалынын мүлкү каттоого алына баштаганын медиамекеменин юристи Амантур Абдырахманов билдирди. Бүгүн түш ченде каналдын имаратына сот аткаруучулар менен прокуратура кызматкерлери барышкан. Алар эки сааттай жабык эшик артында сүйлөштү.
Кыргызстандагы жарандык активисттер соттун чечими менен ири доого жыгылган журналисттер үчүн акча чогулта баштады.
НТС телеканалынын мүлкү каттоого алына баштаганын медиамекеменин юристи Амантур Абдырахманов билдирди.
Жалал-Абадда ӨКМ көчкү жүрөт деп белгилеген аймактарда көпчүлүк жашоочулар кала берүүдө. Быйыл жаз алды менен 20дан ашуун жер көчкү жүрүп, кооптуу жерлерде жашаган тургундарды көчүрүүгө жер тилкелери даярдалган. Бирок мамлекеттин каржылык жардамы кечиккендиктен, жарандар турак жай курууга жетишпей калды. Жаңы көчүп келгендер болсо үйлөрүн бүтүрө албай жатат.
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 1990-2008-жылдары Бенилюкс өлкөлөрүндө элчи болуп жүргөндө Брюсселдин четиндеги Бланкоффтордун үйүнө тез-тез барып турчу. Меймандос үй-бүлө менен элчи-жазуучуну адабиятка жана дүйнөлүк маданиятка болгон кызыгуу бириктирген.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Ысык-Көлдүн жээгиндеги төрт пансионатты Өзбекстанга кайрадан өткөрүүнү караган келишимди даярдады.
Ветеринардык лабораториянын адистери Кара-Балта шаарында тобу менен өлгөн каргаларды текшерип чыгып, куштар ачкадан өлгөн деген жыйынтык чыгарды. Адистер каргалардан вирус жана уулуу заттар табылган жок деп билдирди. Бирок ага карабай канаттуунун бул түрүнүн массалык кырылышы токтогон жок. Мунун себебин жергиликтүү эл аймактагы мунай иштетүүчү "Жунда" заводунун кесепетинен көрсө, эколог-орнитологдор башкача жорушууда.