Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Декабрь
2017

Новости за 08.12.2017

Бирөөгө кор, бирөөгө зар бала...

Azattyk.org 

Бишкекте орто жашап калган кишинин эки жашар чүрпөсүн тепкен видеосу балдар укугун кайрадан эске салды. “Азаттык +” бул чыгарылышында зордук-зомбулукка кабылган балдар, мээримди башкалардан издеген наристелердин кайрылды.

Иерусалим боюнча нааразылык күчөдү

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамптын Иерусалимди Израилдин борбору катары тааныган чечими дүйнөнүн бир катар мусулман мамлекеттеринде көчө жүрүштөрү менен коштолуп жатат. Ал эми Палестин автономиясында Израилдин коопсуздук күчтөрү менен кагылышуулар 8-декабрда да болду. Палестин топтору 8-декабрды “Жаалдануу күнүнө” айлантууга үндөшкөн.

Бирназаров: Тасмаларым адамдарды тазалашын каалайм

Azattyk.org 

Белгилүү кинорежиссер, сценарист, продюсер Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” көркөм тасмасы Таллиндеги дүйнөгө белгилүү “Караңгы түндөр” кинофестивалында баш байгени жеңди. Темир Бирназаров буга чейин киносүйүүчүлөргө “Белгисиз маршрут”, “Кумар” көркөм тасмалары, “Шайтан көпүрө”, “Сөйкө” өңдүү чакан тасмалары менен таанымал. Ал “Тазар” кинокомпаниясынын ээси, “Айтыш фильм” киностудиясын негиздөөчүлөрдүн бири. Кинорежиссер “Азаттыкка” сыябан-маек куруп, анда өзүнүн дүйнө таанымы, көз караштары, өзүн түйшөлткөн купуя ойлору менен бөлүштү.

Бизде рактан сактанууга шарт бар

Azattyk.org 

Ушу тапта дүйнөдө рак (өсмө) оорусуна чалдыккандар улам көбөйүп, коркунучтуу дарттын алдын алууга, ага себеп болгон шарттарды изилдөөгө көп акча коротулуп жаткан кез. АКШда жашап, иштеген белгилүү онколог Рыспек Абдылдаев рак оорусунан оолак болууга Кыргызстанда бардык шарттар бар деп эсептейт.

Диний кырдаал: жамааттардын ажырымы

Azattyk.org 

Булан институтунун Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен кошо кыргыз жарандарынын чет өлкөлөрдөн диний билим алышын изилдеген баяндамасы Кыргызстанда ар кайсы мектептерден чыккан диний топтордун жана жамааттардын көп түрдүүлүгү, ажырымы жана алардын диний кырдаалга таасири боюнча талкууга жем таштады.

Бостериде майып балдар үчүн класс ачылды

Azattyk.org 

Ысык-Көл районунун Бостери айылында майып балдарга билим берүүчү коррекциялык класс ачылды. Аны ачуу үчүн айыл тургуну долбоор жазып, Швейцария өкмөтүнөн 2 миллион сомдук каражат утуп алган. Райондо майып балдарды окута турган алгачкы атайын класста Бостериден башка айылдагы балдар да билим алышат.

Жаш хоккейчилер АКШдан жеңиш менен кайтты

Azattyk.org 

АКШнын Чикаго шаарында өткөн хоккей боюнча тогуз жашка чейинки балдардын эл аралык мелдешинде жеңишке жеткен Бишкек шаарынын курама командасы бүгүн, 8-декабрда таң эрте Манас аэропортуна келишти. Аларды Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов баштаган бир катар жетекчилер, жаш хоккейчилердин ата-энелери, жакын туугандары, күйөрмандары тосуп алышты. Barrington Ice Arena 2017 кубогуна арналган мелдеш АКШнын Чикаго шаарында 1-декабрдан 5-декабрга чейин өттү. Ага АКШ, Канада жана Кыргызстандан беш команда катышты. Читать дальше...

Полициядан ыдык көргөн мигранттар

Azattyk.org 

Орусиядагы мигранттар миграциялык документтерди текшерүүдө полиция бөлүмдөрүндө мыйзамсыз камакка алынып жатканын айтышууда. Орусиялык укук коргоочулар мигранттардын топ-тобу менен камакка алынышын мыйзамсыз көрүнүш катары сындап келишет.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *