Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Декабрь
2017

Новости за 15.12.2017

Жан дүйнөнү унуттурган жасалма сулуулук

Azattyk.org 

Кыргызстанда пластикалык хирургдун бычагынан өткөндөрдүн саны арбыды. Жаш, сулуу көрүнүүнү самагандар үчүн заманбап пластикалык операция кеңири мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоодо. “Азаттык плюс” бул чыгарылышында эстетикалык сулуулуктун наркына жана көзүнөн тарта жынысына чейин өзгөртүүнү каалагандар кимдер экендигине кызыкты.

Жаңы жыл: Ош Бишкектен 15 эсе үнөмдүү чыкты

Azattyk.org 

Бишкек шаарын жаңы жылга карата жасалгалоого 15 млн. сомдой каражат сарпталганы талкуу жаратты. Мэрия мунун ичине аянтты, аллеяларды жана көчөлөрдү кооздоо, жарыктандыруу, балаты, концерттер кирерин айтууда. Бирок активисттер бул сумма анча көпкө созулбаган салтанаттар үчүн ашыкча чыгым деп эсептешет. Борбор калаа жана өлкөнүн башка шаарлары жаңы жылды кандай чыгаша менен тоскону жатат?

Исаков: Инвестор үчүн шартты жакшыртуу зарыл

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү мамлекет менен жеке ишкерлер өнөктөштүгү ийгиликтүү иштебей жатканын моюнуна алды. Бийликтер бул багытта абалды жакшыртуу үчүн мыйзамдарды оңдоп, инвесторлорго жакшы шарт түзүүнү убада кылууда.

Питерде ИМге азгырган кыргыз жараны кесилди

Azattyk.org 

Орусиянын мурдагы экономика министри Алексей Улюкаев паракорчулукка айыпталып, сегиз жылга эркинен ажыратылды. Иран Йемендеги согушкерлерге курал бергени боюнча АКШнын далилдерин четке кагууда. Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын жараны «Ислам мамлекети» террордук уюмуна адамдарды жалдаган деген айып боюнча беш жылга абакка кесилди.

Орусия Азимовдордун атасын өлкөдөн чыгарат

Azattyk.org 

Орусиянын коопсуздук күчтөрү Санкт-Петербург шаарында теракт уюштурду деп айыпталган ага-ини Азимовдордун атасы Ахрал Азимовду 14-декабрда Москвадан кармаган.

Молдо Кылычтын көркөм мурасы

Azattyk.org 

Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда илимпоз-окумуштуулардын катышуусунда жазма акын жана ойчул Молдо Кылычтын 150 жылдык мааракесине арналган жыйын өттү. Иш-чарада тоталитардык идеологиянын кодулоосуна кабылган акын жашап өткөн доор, чыгармалары, анын көркөм мурасын изилдеген окумуштуулардын тагдыры тууралуу видео тасма көрсөтүлдү. Акындын жаңы басылып чыккан көлөмдүү чыгармалар жыйнагы тууралуу кеп болду.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *