Күлкү кербен: Мумия жана чекисттер
Сталин доорундагы археологдордун азилдеринен жаңыртылган вариант.
Сталин доорундагы археологдордун азилдеринен жаңыртылган вариант.
Буга байланышкан токтом бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз жыйынында коалициялык көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынды.
Кыргызстанда ажалга азгырылып, өз жанын кыйган өспүрүмдөрдүн саны көбөйүүдө. Расмий маалыматтар боюнча, өлкөдө 2017-жылдын тогуз айында эле балдар арасында 96 суицид катталган. “Азаттык плюс” бул чыгарылышында чырак өмүрлөрү жалп өчүп, жашоону таштап кеткен балдардын тагдырына кайрылды.
Быйыл Жаңы жыл майрамдары үчүн “Ала-Тоо” аянтын жасалгалоого, майрамдык иш-чараларды уюштурууга 15,5 млн сомго жакын каражат сарпталды. Бишкектеги базарларда да майрам алдында соода кызыды.
Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында 128 өлкө Кошмо Штаттардын Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныган чечимин четке какты. Алардын арасында Кыргызстан да бар. Каталония автоном облусунда өткөн добуш берүүдө аймактын Испаниядан бөлүнүүсүн жактаган партиялар алдыга чыгышты. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкө тарыхында биринчи жолу парламентке кайрылуу жасады.
Жыл башында Петербургдагы жардыруу боюнча айыпталган бир тууган Азимовдордун атасы Ахрал Азимов Орусиянын ФККсын "фашисттен бетер мыкаачы" деп айыптады. Ал Орусиянын телеканалдарын бир гана ФККнын үнүн бир беткей жарыялаган үгүтчү катары сыпаттады. Ахрал Азимов балдарына коюлган айыптарга далилдин жоктугунан сот болбой жатканын билдирди.
Кара-Кечеден көмүр тарткан автоунаалардын салмагын текшерген транспорттук көзөмөл бекетинде учурда жетимиштен ашуун автоунаа жылбай турат. Аларга ашыкча жүк жүктөлгөнү үчүн өтүүгө уруксат берилбей жатат. Топтолгон айдоочулар ашыкча жүккө тыюу салынган мыйзамга макул эместигин билдиришип, талапты коердон мурда мамлекет өз жанын багып аткан элге шарт түзүп бериши керек дешүүдө.
Улуттар уюмунда Башкы ассамблея басымдуу көпчүлүк добуш менен Кошмо Штаттардын Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныган чечимин четке какты. Жүз жыйырма сегиз өлкөнүн катарында резолюция долбоорун Кыргызстан да колдоду.
Бишкектин айрым тургундары Иерусалимди Израил борбору катары таанууга каршы акция өткөрүштү. "Umma.kg" басылмасы палестиналыктарга тилектештик билдирүү максатында уюштурган митингге 80дей киши катышканын маалымдады.
Бишкектеги Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында чет элдик студенттердин арасында Кытай Эл Республикасынан келип окуган улутташтар да бар.
Ош жана Жалал-Абад облусунда "Мигрантка телефон чал" аттуу акция өтүүдө. Аны ISEDA коомдук фонду уюштуруп, тургундар миграциядагы туугандарына акысыз телефон чалып, аларга кеп-кеңештер берилип жатат. Мындан сырткары юристтер бүтүрүүчү класстардын окуучуларына миграция тууралуу ачык сааттарды өтүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде кызматкерлер үчүн салынган батирлер туура эмес бөлүштүрүлгөнү боюнча фактылар ачыкка чыга баштады.
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аймактык жалпыга маалымат каражаттарын (ЖМК) реформалоону жарыялады. Буга байланыштуу министр Султан Жумагуловго бир катар суроо узаттык.
Бишкекте Кыргызстандын советтик дипломатиясы жана дипломаттарынын таржымалы тууралуу китептин бет ачары өттү. Адистердин айтымында, кыргыз-совет дипломатиясынын тарыхын камтыган китеп алгачкы жолу жарык көрүп жатат. Жыйнакта буга чейин жабык тема катары жарыяланбай келген маалыматтар да бар.
Кыргыз өкмөтүндө кезектеги кадр алмашуулар орун алды. Төрт ай мурда вице-премьерликке дайындалган Толкунбек Абдыгулов кайрадан Улуттук банктын жетекчилигине бекитилди. Муну менен кыска убакытта премьер-министрдин дээрлик бардык орун басарлары орун которду.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков бейшембиде жасаган билдирүүсүндө Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровго каршы киргизилген АКШнын санкциясын "мыйзамсыз" жана "достукка жатпаган кадам" деп атады.