Ыргытылган ымыркай, ырайымсыз коом
Бишкекте суу каналдын боюнан жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгүнүн табылышы ташталган наристелердин абалын кайрадан күн тартибине алып чыкты.
Бишкекте суу каналдын боюнан жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгүнүн табылышы ташталган наристелердин абалын кайрадан күн тартибине алып чыкты.
Расмий Москва Кыргызстандагы ГЭСтерди куруу боюнча маселе жабыла элек экенин, учурда кыргыз өкмөтү менен курулушту жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.
"Каректе Евразиянын" бул жолку чыгарылышына нааразылык акциясын токтоткон казакстандык кенчилер, Өзбекстанда азык-түлүккө болгон баалардын кымбатташы, мусулман дүйнөсүнүн саммити, Украинадагы жөө жүрүш, Ооганстандагы шафран өстүргөн дыйкандар тууралуу баяндар камтылды.
Жекшембиде Украинада тынч болгон жок. Саясий реформаларды, президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылгандар Киевдеги маданият үйүн басып алууга аракет кылышты. Тажикстанда мамлекеттик кызматты аркалаган аялдар бирдей формага өтүшөт. Тажик бийликтери муну улуттук кийимди даңазалоо аракети деп түшүндүрдү. Кабулда аскерлер менен жоочулардын кармашы тутанып, үч киши мүрт кетти.
Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы Алмазбек Курманалиевди кызматтан алды.
"Эже-сиңдилер" долбоорунун бул жолку темасы кыз-келиндердин үй түйшүгүн жеңилдеткен кызмат көрсөтүүлөр жана мунун кыргыз үй-бүлөсүнө тигизген таасири тууралуу сөз болот.
Санкт-Петербургдун метросундагы жардыруудан кийин камакка алынган, теги кыргызстандык Обид Абдыраимов беш жылга эркинен ажыртылды. Абдыраимов менен бир маалда кармалган Айжигит Айтматовдун туугандары болсо, Айтматов кыргыз жарандыгынан баш тартпаганын айтып, кыргыз өкмөтүнөн жардам сурап жатышат.
“РухЭш” сайты ушул жылдын сентябрь айында адабий сын боюнча сынак жарыялап, жыйынтыгын 12-декабрь – Адабият күнүнө карата чыгармак. Бирок уюштуруучулардын айтымында, келип түшкөн материалдардын арасында башкы орунга татыктуусу жоктугунан улам анын мөөнөтү узартылды.
Кочкор районунун Туз айылындагы окуучулар мектептин имаратында баштары ооруп, айрым убактарда эстерин жоготуп, жыгылып калышкандарын айтышууда. Ал эми мектептин жетекчилиги имаратта кооптонунун себеби жоктугун айтса, жергиликтүү бийлик атайын текшерүү жүргүзүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылган.
Кыргызстандын XX кылымдын башынан берки соңку жаңы тарыхындагы "актай барактарды" изилдеп чыгып, коомдук талкууга алып чыгуу демилгеси көтөрүлдү.
Ушул жылдын октябрь айында Баткендеги Мактым-Гөрү көрүстөнүнө көмүлгөн мумияны кайра казып алуу керек деген сунушту парламент комиссиясынын колдоосу Баткен тургундарынын арасында кызуу талаш жаратты. Айрымдар көмүлгөн кыздын мумиясын кайра ачтырбайбыз десе, жергиликтүү тарыхчылар аны Мамлекеттик тарых музейине эмес, жергиликтүү музейге калтыруу керек деп жатышат.
Кыргызстандын бардык аймактарына тараган "5-каналдын" жетекчилиги алмашууда. Каналдын директору Евгения Бердникова менен шеф-редактору Дмитрий Ложников 15-декабрда жумуштан кетүү боюнча арыз жазышты.
Орусия аймагында пландалган террордук чабуул АКШнын чалгын кызматтарынын жардамы менен алдын алынганын Кремл да, Ак үй да билдирди. Эки өлкөнүн контртеррордук кызматташтыгынын чоо-жайы коомчулукка президенттердин 17-декабрдагы телефон сүйлөшүүсүнөн кийин айтылды жана бул адаттан тыш окуя болду.
Жаңы жылга карата “Ала-Тоо” аянтына тургузулган башкы балатынын чырактары жандырылды. Балатынын бийиктиги – 25 метр. Мэриядан кабарлашкандай, быйыл Жаңы жыл майрамдары үчүн “Ала-Тоо” аянтын жасалгалоо, майрамдык иш-чараларды уюштурууга 3,5 млн сомго жакын каражат сарпталды.