Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Январь
2019

Новости за 02.01.2019

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге көңүл айтты

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Магнитогорск шаарындагы бир нече кишинин өмүрүн алган жарылууга байланыштуу орус президенти Владимир Путинге көңүл айтуу катын жолдоду.   Анда Жээнбеков каза болгондордун жакындарына өзүнүн жана Кыргызстан элинин атынан кайрат айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалаган.   Магнитогорск шаарындагы турак жайлардын биринде 31-декабрда жарылуу болуп, ал урап түшкөн. Баштапкы божомолдорго караганда, үйдө газ жарылган.  Жарылуудан тогуз киши каза тапкан. Читать дальше...

Жол эрежесин бузгандарга карата айыппулдун өлчөмү көбөйдү

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги билдиргендей, 1-январдан тартып Административдик кодекске киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Ага ылайык, жол эрежесин бузган айдоочуларга карата айыппулдун өлчөмү көбөйдү.  Бул эрежелердин негизинде айрыкча мас абалда машине башкаргандарга айыппул жогорулады. Мындай учурда мас айдоочуларга 17 500 сом айыппул салынат.  Ал эми 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочулар 7500 сом айыппул төлөйт.  Мастыгын аныктоого баш ийбей койгондорго 5500 сом айып каралган. Ушундай... Читать дальше...

Медицинадагы былтыркы беш ийгилик

Azattyk.org 

2018-жылы саламаттык сактоо тармагында бир катар жетишкендиктер болду. Кайра калыбына келтирүүчү, пластикалык хирургдар тобу Кыргызстанда алгач ирет бионикалык колдун протезин чыгарса, Индиядан онкологиялык ооруларды нур менен дарылоочу "Бабатрон" жабдуусу алып келинди.

Ажылык сапарга барчуларды каттоо 9-январда башталат

Azattyk.org 

Быйыл ажылык сапарына бара тургандарды каттоо 9-январда башталып, 31-январга чейин уланат. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлагандай талапкерлерди каттоо бир гана биометрикалык ID-карт паспорттун негизинде жүргүзүлөт. Жарандар алгач РСК банкына 500 доллар жана кайтарымсыз 700 сом төлөнгөн квитанцияны алышы керек. Анын негизинде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда катталышат. Ажылык сапарга баруу үчүн электрондук каттоого тургандарга да бир катар талаптар коюлган. Читать дальше...

Убадасынан убарасы көп жыл

Azattyk.org 

2018-жыл мурдагыдай эле убадаларга бай жылдардан болду. Узаган жылда президент, премьер-министр, шаар мэрлеринин элге берген кайсы убадасы аткарылып, кайсынысы сөз бойдон калды? "Азаттык" бийлик өкүлдөрүнүн бир жылда элге берген сөзүн тизмектеп чыкты.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *