Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Январь
2019

Новости за 16.01.2019

Британия: Тереза Мэй премьерлик кызматын сактап калды

Azattyk.org 

Британ премьер-министри Тереза Мэй парламенттеги өзүнө жана учурдагы өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча добуш берүүдө аз айырма менен утуп чыкты. Өкүлдөр палатасындагы депутаттардын 325и Мэйге ишеним көрсөтүштү. Ал эми 306сы премьер-министрдин кызматтан кетишин колдошту. Натыйжада премьер Мэй болгону 19 добуштук айырма менен кызматында калды.  Ага ишеним көрсөтпөө демилгесин парламенттеги оппозициялык Лейбористтер партиясынын лидери Жереми Корбин бир күн мурда көтөргөн.  Буга Мэй Евробиримдик менен макулдашып келген... Читать дальше...

Азия кубогу: Кыргызстан 1/8 финалда ойной турган болду

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия кубогунда плей-оффко чыкты. Алар 16-январда "С" тайпасындагы акыркы беттешин өткөрүп, Филиппиндин футболчуларын 3:1 эсебинде жеңген. Үч голду тең атаандаштардын дарбазасына чабуулчу Виталий Люкс киргизди. Бул жыйынтык Кыргызстанга үч упай алып келип, “С” тобунда үчүнчү орунду камсыздоого шарт түздү. ​ Бир аз убакыт мурда “D” тобундагы үчүнчү оюндар аяктады. Вьетнамдын футболчулары Йемен командасын 2-0 эсебинде утту жана голдордун айырмасы боюнча Кыргызстандан артта калды. Читать дальше...

Дүйнөнүн түбөлүк тоңдору жылып жатат

Azattyk.org 

Окумуштуулардын эң соңку иликтөөсү акыркы он жылдыкта дүйнөнүн түбөлүк тоң же муз каптаган аймактарында жердин орточо температурасы 0.3 Целсий градуска жылыганын көргөздү. Иликтөөнүн жыйынтыгы 16-январда Nature Communications онлайн журналында жарыяланды. Андагы маалыматка караганда, түбөлүк тоң жаткан аймактардан температуранын эң жогорку деңгээлде көтөрүлүшү Сибирдин түндүк-чыгышы менен түндүк-батышында катталып, 2007-2016-жылдын аралыгында бул көрсөткүч 0,9 Цельсий градусту түзгөн. Илимпоздор ушул жана башка маалыматтарды Арктика... Читать дальше...

Британияда премьер-министрге ишеним көргөзбөө маселеси талкууланууда

Azattyk.org 

Премьер-министр Тереза Мэйдин өкмөтүнө ишеним көргөзбөө маселеси добушка коюлушу үчүн эң биринчи кезекте оппозициядагы Лейбористтик партиянын лидерлери умтулуп жатат. - Кечээги олуттуу жеңилиш премьер-министрдин бизнести, профсоюздарды жана бул парламенттин мүчөлөрүн көзгө илбей, аларды жээригенинен улам болду. Ал эки жыл убакытты бекерге коротту, - деди лейбористтердин лидери Жереми Корбин бүгүн, 16-январда талкуу башталганда. Кечээ кечинде парламенттин төмөнкү палатасында Британиянын Евробиримдиктин... Читать дальше...

Кыргызстан-Филиппин оюну "Ак шумкардын" жеңиши менен аяктады

Azattyk.org 

Бириккен Араб Эмирлигиндеги Азия кубогунун Кыргызстан үчүн тайпалык оюндары аяктады. Акыркы матчта Кыргызстан Филиппиндин футболчуларын 3:1 эсебинде жеңди. Үч голду тең атаандаштардын дарбазасына чабуулчу Виталий Люкс киргизди. Натыйжада Кыргызстан Азия чемпионатында алгачкы үч упайга ээ болду. Жалпы оюндун жүрүшүндө кыргызстандыктар атаандашынын дарбазасына 21 жолу сокку узатып, анын тогузу таамай барса, үчөө голго айланды. Ал эми Филиппин 10 жолу дарбазага топ тепсе, анын үчөө дарбазага туура багытталып, бир тобу голго айланды. Читать дальше...

Иран Сириядан кетпей турганын эскертүүдө

Azattyk.org 

Иран Сирияда аскерий турумун сактай турганын Израил эгер ирандык күчтөр бул өлкөдөн кетпесе, алардын соккусуна кабыларын айтып коркуткан учурда билдирүүдө. Жергиликтүү медиа 16-январда өлкөнүн элиталык аскерий түзүмү-Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун генарал-майору Мухаммад Али Жафаринин “Иран ислам республикасы Сирияда кеңешчилерин (аскерий), ыңкылапчыл күчтөрүн, аскерий техникасын кармайт”, - деген сөздөрүн таратты. Мунун алдында Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху анын өлкөсү... Читать дальше...

Кыргызстан-Филиппин: Люкс хет-трик менен айырмаланды

Azattyk.org 

Кыргызстан-Филиппин матчы 80-мүнөтүндө эсеп 3:1 болду. Үчүнчү голду кайрадан Виталий Люкс киргизип, хет-трик менен айырмаланды. Ал эми Филиппин командасына алгачкы голду команданын капитаны Штефан Шрёк алып келди.  Натыйжада Кыргызстан тайпада алгачкы үч упайды алганга жакын болуп турат. Азия кубогунун быйылкы эрежелерине ылайык, тайпадан үчүнчү орунду алган 4 командага 1/8 бөлүккө чыгууга мүмкүнчүлүк берилет. Бул жолдомо үчүнчү орунду жакшы көрсөткүч менен аяктаган командаларга берилет. (SDz)



Дача-Су: кырсык өттү, көйгөй калды

Azattyk.org 

Сокулук районунун Дача-СУ айылында эки жыл мурдагы авиакырсыктын курмандыктары эскерилди. Иш-чарага бийлик өкүлдөрү, кырсыктан жабыркагандар, маркумдардын жакындары катышты. Кайгылуу окуянын болгонуна эки жыл өтсө да жергиликтүү тургундар азыркыга чейин бийлик коопсуздукту жоюу боюнча иштерди аткарбаганын айтса, бийлик Дача-Су маселеси боюнча иштер аягына чыкканын билдирүүдө.

Чабал экономика, чаржайыт саясат

Azattyk.org 

Кыргызстан 2023-жылдан тарта тышкы карыз үчүн 320 миллион доллар төлөй баштайт. Карыз төлөөнүн эң жогорку чеги 2027-жылга барат. Адистер мындай ири суммадагы карызды төлөө Кыргызстандын чакан бюджети үчүн кооптуу экендигин эскертип, өкмөттүэкономиканы өнүктүрүүдө батыл кадамдарды жасоого чакырып жатышат.

Кыргызстан-Филиппин: эсеп 2:0 болду

Azattyk.org 

Азия кубогундагы “С” тайпасынын жыйынтыктоочу турунун алкагында өтүп жаткан Кыргызстан-Филиппин оюнунда “ак шумкарлар” дагы бир гол киргизип, эсеп 2:0 болду. Голдун автору кайрадан Виталий Люкс болуп, дубль менен айырмаланууда. Экинчи гол 51-мүнөттө киргизилди. Натыйжада Кыргызстан ушул мүнөттө “С” тайпасында ишеничтүү түрдө үчүнчү орунда келатат. Ал эми кирген гол менен киргизген голдордун айырмачылыгы нөлгө теңелди. Буга чейин Кыргызстан бул көрсөткүчтө -2 менен келе жаткан. Кыргызстан эсепти оюндун аягына чейин кармаса... Читать дальше...

Кайрымдуулук үчүн карда чуркагандар

Azattyk.org 

Лондондо саясат курчуду. Парламент өкмөттүн брекзит планын колдобой койгон соң премьер Тереза Мэйге ишеним көрсөтпөө маселеси жаралды. Денис Тенди өлтүрүүгө айыпталгандарга прокуратура 20 жылдан сурады. Молдовалык Дмитрий Волошин, кыргызстандык Нуршат Абабакиров кышкы марафондо чуркап, муктаждарга каражат топтоп жатышат.

Азия кубогу: Кыргызстан-Филиппин беттешинин биринчи таймы аяктады

Azattyk.org 

Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Азия кубогунда Кыргызстан менен Филиппиндин командаларынын оюнунун биринчи бөлүгү аяктады. Ушул мүнөттөрдө командалар 15 мүнөттүк тыныгууга кетишти. Азырынча Кыргызстан 1:0 эсебинде алдыда келе жатат. Жалгыз голдун автору 23-мүнөттө Виталий Люкс болду. Оюн дээрлик тең даражада жүрүп жатат. Алгачкы 45 мүнөттө Кыргызстан футболчулары топтун 49 пайыз бөлүгүнө ээлик кылса, Филиппин командасыныкы 51 пайызды түздү. Ал эми чабуул жактан «ак шумкарлар» курчтугун көрсөтүүдө. Читать дальше...

Черногорияда иликтөөчү журналист түрмөгө кесилди

Azattyk.org 

Черногориянын борбору Подгорицанын соту Йово Мартиновичти "баңгизат аткезчилигине аралашкан, кылмыштуу топко кошулган" деген айып менен бир жарым жылга абакка кести. Өлкөсүндөгү кылмыш иштери тууралуу жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттарына жазып жүргөн Мартинович өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, сот чечимин аны журналисттик ишмердиги үчүн жазалоо деп эсептөөдө. Баш кеңсеси Парижде жайгашкан "Чек арасыз кабарчылар" уюму сот чечимин Евробиримдикке кирүүгө умтулуп жаткан өлкөдөгү... Читать дальше...

Азия кубогу: Кыргызстан Филиппинге бир гол киргизди

Azattyk.org 

“С” тайпасынын алкагында Кыргызстан менен Филиппин оюнунун 23-мүнөтүндө “Ак шумкар” командасы биринчи голду киргизди. Натыйжада Кыргызстан 1:0 эсеби менен алдыда келе жатат.  Голдун автору чабуулчу Виталий Люкс болду. Кыргызстан тайпадан чыгыш үчүн бүгүн милдеттүү түрдө жеңиши керек. Башкы машыктыруучу Александр Крестинин бүгүнкү оюнга Мирлан Мурзаев менен Виталий Люксту чыгарды. Ал буга чейинки Корея жана Кытай менен оюнга бирден чабуулчулар менен гана оюн жүргүзгөн. Ошондой эле Кыргызстан үч коргоочу менен ойноп жатат. Читать дальше...

Кыргызстан-Филиппин футбол беттеши: эсеп 2-0

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаcы Филиппиндин курама командасын жеңсе, Азия кубогунун кийинки баскычына чыгышы мүмкүн. Учурда "С" тайпасында Кытай менен Түштүк Корея командаларынын алтыдан упайы бар. Ал эми Кыргызстан менен Филиппинде упай жок. Андыктан Филлипин курама командасы үчүн да бул беттеш өтө маанилүү. Азия кубогунун алкагындагы Кыргызстан жана Филиппин курама командаларынын оюну Дубайдагы "Рашид" стадионунда өтүп жатат.

Дача-СУнун көйгөйү чечиле элек

Azattyk.org 

Эки жыл мурда Дача-СУ конушуна учак кулагандан кийин аэропортко жакын үйлөрдү көчүрүү боюнча чакырыктар айтылган. Өкмөт бул маселени карап көрөрүн билдирген.

АКШ өкүлү: Орусия өзөктүк күчтөр боюнча келишимди дагы эле бузуп жатат

Azattyk.org 

Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр келишими боюнча Вашингттон менен Москванын сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасы эч кандай жыйынтыксыз аяктагандан кийин АКШнын өкүлү ушундай билдирүү жасады. Эки өлкөнүн дипломаттары Женевада жолукту. “Биздин айтаарыбыз ачык: Орусия келишимге шайкеш келбеген ракеталык системаларын жок кылышы керек”, - деди АКШнын мамлекеттик катчысынын куралды көзөмөлдөө жана эл аралык коопсуздук боюнча орун басары Андреа Томсон. Өткөн айда АКШ эгер Орусия "кансыз согуш" доорунда... Читать дальше...

Ян Палах - эркиндикти сүйгөн элдин символу

Azattyk.org 

Мындан туура 50 жыл мурун 20 жаштагы студент Ян Палах Праганын борборунда советтик баскынчылыкка жана оккупацияга каршылыгын билдирип, өзүн өрттөөгө барган. Ал бул кадамын чехославакия коомун ойготуу максаты деп түшүндүргөн.

Көйнөк кийбей келген кызматкер парламенттин жыйынынан чыгарылды

Azattyk.org 

Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин жыйынына көйнөк кийип келбегени үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин карамагындагы Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Тынысов жыйындан чыгарылды. Алгач депутат Алмазбек Токторов Тынысовдон эмне үчүн парламентке футболка кийип келгенин сурады. - Жетекчибиз ооруп калып, мага жыйын боюнча эртең менен эле айтылды. Азыр свитер менен отурам. Футболка эмес. Негизи жетекчибиз келмек, - деп жооп берди Токторов. Читать дальше...

Дача-СУдагы бүгүнкү турмуш

Azattyk.org 

Сокулук районунун Дача-СУ айылында эки жыл мурдагы авиакырсыктын курмандыктары эскерилди. Ага бийлик өкүлдөрү, кырсыктан жабыркагандар, маркумдардын жакындары катышты.

Казакстан: Денис Тендин өлүмү үчүн айыпталгандарды 20 жылга кесүү суралды

Azattyk.org 

Казакстанда көркөм муз тебүүчү Денис Тендин өлүмүнө байланыштуу сот уланууда. Бүгүн прокурорлор каракчылык жана киши өлтүрүү үчүн айыпталган эки жигитти 20 жылдан түрмөгө кесүүнү өтүнүштү. Ал эми кылмышты жашырганы сөз болгон аялды алар төрт жылга эркинен ажыратууну сунуш кылышты.  Бирок маркумдун апасы Оксана Тен ишти кайра тергөөгө жиберүүнү талап кылды. Ал айыпталуучулардын аракетинде буюртма киши өлтүрүүнүн белгилери бар, бул алардын кылмыштан кийинки жүрүш-турушунан, көрсөтмөлөрүнөн билинип жатат деп шектенүүдө. Читать дальше...

Ысык-Көл облусунда мигранттардын 7201 баласы бар

Azattyk.org 

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмү ата-энеси миграциядагы балдардын жашоо шарты менен таанышып жатышат. Расмий кабарга ылайык, облус боюнча жакындары өлкөнүн башка аймагына же чет өлкөгө иштегени кеткен 7201 бала такталды.  Анын ичинен 7 жашка чейинкилер 1444, 7 жаштан 18 жашка чейинкилер 5757.   Ошондой эле 6192 үй-бүлөнүн мүчөлөрү миграцияда экени такталды. Арасында 1661 адам Кыргызстандын башка аймактарына, 4531и чет элге кеткен. Кийинки... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *