Халилзад: Катардагы сүйлөшүүдө “олуттуу прогресске” жетиштик
Ооган жергесинде тынчтык орнотууну көздөгөн АКШ менен “Талибан” кыймылынын сүйлөшүүлөрү “олуттуу прогресске” жеткени маалым болду. Бул тууралуу АКШнын атайын чабарманы Залман Халилзад 27-январда Кабулга кайтып баргандан кийин билдирди. Ал Катардын башкалаасы Дохада алты күндүк сүйлөшүүгө катышты. Халилзаддын белгилешинче, талибдер менен келишимге кол коюлган жок, бирок ал жакында ишке ашат. “Мурдагы сүйлөшүүлөргө салыштырмалуу бул жолугушуу натыйжалуу болду. Өтө маанилүү маселелер боюнча олуттуу прогресске жетиштик” деди атайын чабарман. Читать дальше...