Пенсияга чыгуу түйшүгү жеңилдейт
Кыргызстанда пенсия курагына жеткен жарандар эми пенсияга чыгыш үчүн толгон-токой документтерди чогултпайт.
Кыргызстанда пенсия курагына жеткен жарандар эми пенсияга чыгыш үчүн толгон-токой документтерди чогултпайт.
Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы май куйган жайда тутанган өрт үч кишинин өмүрүн алды. Жабыркагандардын саны кырктан ашты. Ооруканага түшкөн алты адамдын абалы оор экенин Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. 3-январдын түнүндө май куйган жайда өрт тутанып, ал жанындагы үйлөргө жайылып кеткен. Кабул полициясынын маалыматына караганда, жалпысынан 43 батир жана жети автоунаа жарактан чыкты. Учурда тилсиз жоонун тутанышынын себеби иликтенип жатат.
Британиянын Ички иштер министрлиги 4-январда тараткан билдирүүдө мекеменин башчысы Жереми Хант Москвада тыңчылыкка айыпталып, камакка алынган Пол Уиландын тагдыры боюнча тынчсыздануусун билдирди. Биз адамдардын дипломатиялык шахмат оюндарында колдонулушуна каршыбыз… Биз ага жана анын үй-бүлөсүнө тынчсызданып жатабыз, -деп жазылган Ханттын билдирүүсүндө. Москвада 31-декабрда кармалган Уилан эки мамлекеттин - АКШ менен Британиянын жараны экени маалым болду. Мурдараак Кошмо Штаттардын мамлекеттик... Читать дальше...
Ушу күндөрү Бишкектеги маданий жана эс алуу жайларда балдарга арналган оюн-зоок иш чаралары байма-бай өтүп жатат. "Азаттык" кышкы каникулда балдар кайда эс алып жатканына кызыгып, бир топторуна суроо салды.
Магнитогорск шаарындагы көп кабаттуу үйдө болгон жарылуудан кийин уранды алдында калгандарды издөө иши аяктады.
Индиянын түштүгүндөгү Керала штатында полиция менен радикалчылардын кагылышуусу уланып жатат. Башаламандыкка аялдардын чиркөөлөрдүн бирине киришине уруксат берилиши себеп болду. 2019-жылдын 1-январына чейин Индиядагы чиркөөлөрдүн бирине 10 жаштан 50 жашка чейинки курактагы кыз-келиндерге кирүүгө бир нече кылымдан бери тыюу салынып келген. Бул эреже жыл башында жоюлганына байланыштуу өлкө боюнча нааразылык акциялары өтүп жатат. Эң ири башаламандыктар дал ошол чиркөө жайгашкан Керала штатында болууда. Читать дальше...
Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун экс-президент Роза Отунбаева менен Жогорку Кеңештеги алты фракциянын лидерлеринин Өмүрбек Текебаевди бошотуу өтүнүчү президент Сооронбай Жээнбековду мыйзамсыз кадамга барууга түртүп жатат деп эсептейт. Бул тууралуу ал билдирүү таратып, "Мунапыстын жалпы принциптери жана ырайым кылуу жөнүндө" мыйзымдын 14-беренесинин негизинде соттолгон адам өзү президентке ырайым сурап кайрылышы талап кылынарын, ал эми Өмүрбек Текебаев буга чейин ырайым сурабай турганын жарыялаганын билдирген. Читать дальше...
Армениядагы нааразылык акциялары, Жакынкы Чыгыштагы зомбулук, Түндүк Кореянын ымалага келиши жана Чолпон-Атада өткөн Көчмөндөр оюндары. 2018-жылдагы маанилүү окуяларды сүрөт менен эске салабыз.
Бириккен Араб Эмираттарында 5-январда футбол боюнча Азия чемпионаты башталат. Бул жолку мелдештерде чемпионат тарыхында эң көп сандагы командалар катышат. Алардын арасында Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын да курама командалары бар. Буга чейинки оюндарда 2015-жылы Австралия жеңүүчү болгон. Жапония 2018-жылдагы дүйнө чемпионатында эң ийгиликтүү командалардын катарына кошулган. Мелдештер аймактагы чыңалуу күчөп турган маалда өтүп жатат. Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн, Сауд... Читать дальше...
2019-жылы электр кубаты менен иштеген автоунаалар каттоо төлөмдөрүнөн бошотулат. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2018-жылы чыгарган токтому 2019-жылдын 31-декабрына чейин күчүн жоготпойт. Башкача айтканда электромобилдерге карата бажы алымдарынын жана салыгынын нөлдүк коюму киргизилди. Ал эми гидриддик моторлуу автоунаалардын каттоо төлөмдөрү күйүүчү май менен жүргөн унаалардын төлөмдөрүнөн эки эсе азайтылды. Муну менен өкмөт эскирген автотранспорт каражаттарын азайтууну жана Кыргызстанга электр... Читать дальше...
Тажикстанда белгилүү адвокат Файзинисо Вохидованын сөөгү 4-январда жерге берилди. Ал бейшемби күнү кечинде борбордук ооруканалардын биринде пневмония илдетинен 55 жашында көз жумганы белгилүү болду. Москва мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү Файзинисо Вохидова 1995-жылдан бери адвокаттык иш менен алектенип келген. Кесиптештеринин айтымында, ал Тажикстанда бийликтин саясий опоненттерине, журналисттерге жана кыйноонун курмандыктарына юридикалык жардам көрсөткөн саналуу адвокаттардын бири болчу. Читать дальше...
Сиздер билгендей "Азаттыктын" сайтына бир нече макалам чыккан. Айрыкча диний мааниде жазганда "менин оюмча" деп жыйынтык чыгарганым бир топ кишилерге жакпады.
Бразилиянын жаңыдан кызматка киришкен президенти Жаир Болсонару өз өлкөсүндө америкалык аскер базасы жайгашышы мүмкүн экенин кыйытты. SВТ телеканалындагы маегинде ал Кошмо Штаттар менен тиешелүү келишимге кол коюшу ыктымал экенин айтты. Болсонару экономикалык маселелерден улам Вашингтон менен алака оңолушу мүмкүн, ошону менен катар Бразилия АКШ менен аскердик тармакта да алакаларын калыбына келтире алат деп эсептейт. Болсонару Бразилиянын президенттик кызматына 1-январда расмий киришти. Инаугурация... Читать дальше...
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Сириядан америкалык аскерлер чыга башташканын билдирди. Бул тууралуу ал "Newsmax" телеканалындагы маегинде айтты. Ал ошондой эле президент Дональд Трамп мурдагыдай эле Жакынкы Чыгыштагы туруктуулук үчүн чара көрүүгө кызыкчылыгы бар экенин жана Кошмо Штаттар "Ислам мамлекети" террорчул тобу менен Дамаскты колдогон Ирандын аракеттерине каршы өнөктүктү улантарын кошумчалады. АКШнын президенти Дональд Трамп Сириядан америкалык аскерлер чыгарыларын 19-декабрда жарыялаган. Читать дальше...
Ушул жылдын 4-январына чейин өлкө боюнча Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы мас абалында машине айдаган 15 жаранды кармап, ар бирине 17 500 сомдон айыппул салды. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлагандай, салынган айыптын жалпы суммасы 262 500 сом болду. Жаңы жылдан тартып күчүнө кирген Административдик кодекске ылайык 1-январда биринчи жолу Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында мас абалында автоунаа айдап бараткан айдоочу кармалып, 17 500 сом айыпка жыгылган. 1-январдан... Читать дальше...
"Мегаком" компаниясынын башчысы Акылбек Жамангулов "бул компаниядагы жетекчилер тууралуу маалымат жашырылган" деген сөздөрдү жокко чыгарып жатат.
Магнитогорскиде курман болгон 39 адамдын сөөктөрүн жакындары таанышты. Алардын арасында алты баланын сөөгү бар. Бул тууралуу шаардын мэриясы билдирди. 4-январда маркумдардын айрымдарды менен коштошуу зыйнаты өтөт. Магнитогорск, Челябинск жана Москва шаарларынын ооруканаларында беш киши бар, алардын бирөө 11 айлык ымыркай. Наристе урандылардын алдында 35 саат жаткан. Учурда анын абалы туруктуу, өмүрүнө коркунуч жок. 31-декабрдын таңында Магнитогорскиде он кабаттуу үйдө подьезд толугу менен урап түшкөн. Читать дальше...
Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтына орнотулган жаңы жылдык балаты КМШ мамлекеттеринин шаарларындагы эң мыкты он балатынын катарына кирди. Тизмекти "ТурСтат" талдоо агенттиги чыгарган. Агенттиктин сайтындагы маалыматка караганда, 2019-жылды тосуп алыш үчүн КМШда орнотулган балатылардын эң узуну Ашхабадда болду, анын бийиктиги 38 метр. Андан кийинки орундарда Баку (37 м), Ереван (37 м), Ташкент (35 м), Минск (30 м), Дүшөмбү (28 м), Москва (27 м, чыныгы балаты), Астана (25 м), Бишкек (25 м), Тбилиси (25 м) турат. Читать дальше...
Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдиргендей, 5-январда аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3; Талас жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2; Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3; Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21... Читать дальше...
Таластын Манас районунун алты жаштагы тургуну Арсен Жумагулов тууралуу тасманы "Данистеден" күз айында көрсөткөн элек. Анда таң эртеңден каш карайганга чейин ыңгайы келген жерде "Манас" айткан жаш бала тууралуу тасма аябай көп көрүлүп, аны колдогондор аябай көп болду. Арсен азыр атактуу болууга көнүп жатты бекен? Анда тасмага назар салалы.
Ошентип эртең, 5-январда Бириккен Араб Эмираттарында футбол боюнча Азия кубогу башталат. Ал эми 1-февралда биз “Азиянын чемпиону ким?” деген суроого расмий жооп алып калабыз.
Милициянын полковниги, учурда абакта отурган Абдылда Капаров кан басымы көтөрүлүп кеткенине байланыштуу Нарындан Балыкчыга которулган. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) билдирүү таратты. "2017-жылдын 23-июнундагы Ош облустук сотунун өкүмү менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин 1-бөлүгү жана 338-беренеси менен күнөөлүү деп табылып, төрт жылга эркинен ажыратылып жаза мөөнөтүн жатак абагында өтөшү белгиленген. Аталган өкүм күчүнө киргенден кийин соттолгон... Читать дальше...
Кыргызстанда балык уулоочу синтетикалык торлорду, балык кармоочу атайын электр жабдыктарды өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу сунуш кылынууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов иштеп чыгып, коомдук талкууга коюлду. Эл өкүлү балык уулоочу торлор синтетикалык материалдардан даярдалгандыктан чыйрак болуп, көпкө сакталып, сууда чирибей турганын, алар көлдөрдө жана башка суу объектилеринде топтолуп калып жатканын белгилеген. Ошондон улам мыйзамдын негиздемесинде балык... Читать дальше...
Кыргызстанда жаңырган жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген беш кодекс менен эки мыйзамдын тегерегинде талкуу күч алды.
Кыргыз Республикасынын эл артисти, Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын профессору Эсенбүбү Нурманбетованын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди. Андан мурун Бишкектеги Опера жана балет театрында эл артисти менен коштошууга келгендердин митинги өттү. Эсенбүбү Нурманбетова 2-январда 62 жашында дүйнөдөн кайтты. Кыргыз Республикасынын эл артисти 1957-жылдын 13-июнунда Талас районунун Чоң-Алыш айылында туулган. Эсенбүбү Нурманбетова 1987-1988-жылдары Москвада Чоң театрда билимин өркүндөтүп... Читать дальше...