Жапаровдун иши: прокуратура жаңы жагдай боюнча иш козгоого негиз жок деп тапты
Бишкек шаардык прокуратурасы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун ишине байланыштуу жаңы жагдайлар боюнча "кылмыш ишин козгоого негиз жок" деген чечимге келди. Бул тууралуу Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирди. Анын айтымында, ишти жаңы жагдайлар боюнча кайра карап чыгуу тууралуу актоочу тараптын өтүнүчүнө шаардык прокуратурадан 3-январда жооп келген. Анда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 2018-жылдын 3-декабрындагы чечимин бузууга негиз жоктугу белгиленген. Читать дальше...