Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Январь
2019

Новости за 21.01.2019

Валерий Кичин: Биз ойлогонубуздай оюн көрсөтө албай калдык

Azattyk.org 

Футбол боюнча Азия кубогунун алкагындагы 1/8 финалдык беттеште Бириккен Араб Эмираттарынын футболчулары Кыргызстанды 3:2 эсебинде утуп, чейрек финалга өттү. Оюндан кийин Кыргызстан курама командасынын капитаны Валерий Кичин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, “ак шумкарлар” жаман эмес оюн көрсөттү деген пикирин айтты. - Биз пландагандай оюн көрсөтө алган жокпуз. Биз чабуулдарды пландаганыбыз менен коргонууда көп туруп алдык. Андыктан ушундай эсеп болуп калды... Ошондой эле Кичин Азия... Читать дальше...

Азия кубогу: Кыргызстан чейрек финалга өтө алган жок

Azattyk.org 

Футбол боюнча Азия кубогундагы беттештердин алкагында Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын футболчуларынын 1/8 финалындагы оюну аяктады. Анда 3:2 эсеби менен Бириккен Араб Эмираттары утту. Беттеш Абу-Даби шаарындагы “Шейх Зайид” стадионунда 21-январда Бишкек убактысы боюнча кечки саат 11де башталган. Эки команданын беттеши курч мүнөздө жүрүп, кошумча убакыт дагы берилди. Кыргызстандык баяндамачылар футбол калысынын айрым чечимдерин сындап жатышат.  Оюнда алгач талаа ээлери эсепти ачып... Читать дальше...

Керч кысыгында кемелер өрттөнүп, 11 адамдын өмүрү кыйылды

Azattyk.org 

Бул тууралуу Орусиянын маалымат агенттиктери кабарлоодо. Маалыматка караганда, Кара деңиздин Керч кысыгына жакын бөлүгүндө, эл аралык сууларда Танзаниянын желеги менен келе жаткан эки кеме дүйшөмбү күнү кечинде өрттөнүп кеткен. “Интерфакс” агенттиги деңизден 11 адамдын сөөгү чыгарылганын, он эки адам аман-эсен куткарылганын, калганы изделип жатканын кабарлоодо. Кырсык болгон жерде куткаруу, издөө иштери али уланууда. Өрт кемелердин биринен экинчисине өткөндө алардын ичиндегилер деңизге секирүүгө аргасыз болгон. Читать дальше...

Азия кубогу: БАЭ Кыргызстанды 3:2 эсеби менен утту

Azattyk.org 

Кыргызстан менен БАЭ оюнунун кошумча таймынын 103 – мүнөтүндө талаанын кожоюндары “ак шумкарларга” пенальтиде гол киргизди. Ошентип, 3:2 эсебинде Бириккен Араб Эмиратынын командасы утту.  Калыс кыргыз командасынын оюнчусу каршылашын атайын жөөлөп кулатты деген жүйө менен пенальти тебүүнү дайындаган.  1/8 финалдык оюндар 20-январда башталган. Андан утуп чыккандар чейрек финалда ойношот. 5-январда башталган Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат. Кыргызстан Азия кубогуна биринчи жолу катышып жатат. Читать дальше...

Азия кубогу: Кыргызстан 91-мүнөттө эсепти теңеди 

Azattyk.org 

Кыргызстан менен БАЭ оюнунун экинчи таймынын 91 – мүнөтүндө талаанын кожоюндарына “ак шумкарлар” дагы бир гол киргизди. Ошентип,  2:2 эсебинде командалар тең келе жатышат.   Командаларга учурда кошумча убакыт берилди. 1/8 финалдык оюндар 20-январда башталган. Андан утуп чыккандар чейрек финалда ойношот. 5-январда башталган Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат. Кыргызстан Азия кубогуна биринчи жолу катышып жатат. Тайпадагы алгачкы оюнунда кыргыз футболчулары Кытайдын командасына 2:1, экинчи... Читать дальше...

Азия кубогу: Бириккен Араб Эмираты Кыргызстанга дагы бир гол киргизди

Azattyk.org 

Кыргызстан менен БАЭ оюнунун экинчи таймынын 65 – мүнөттөрүндө талаанын кожоюндары “ак шумкарларга” дагы бир гол киргизди. Ошентип,  1:2 эсебинде Бириккен Араб Эмираттарынын командасы утуп жатат. Учурда беттешүү курч мүнөздө жүрүүдө. Кыргызстан командасы бир нече чабуул жасап, бирок алар ийгиликсиз болууда. 1/8 финалдык оюндар 20-январда башталган. Андан утуп чыккандар чейрек финалда ойношот. 5-январда башталган Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат. Кыргызстан Азия кубогуна биринчи жолу катышып жатат. Читать дальше...

Азия кубогу: Кыргызстан-БАЭ беттешинин экинчи таймы башталды

Azattyk.org 

Азия кубогунда Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираты командаларынын оюнунун биринчи бөлүгү 1-1 менен аяктады. “Ак шумкарлардан” голдун автору 26-мүнөттө Мирлан Мурзаев болду. Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстан менен оюндун 13-мүнөтүндө гол киргизип, эсепти ачкан. Кыргызстандык футбол баяндамачылардын айтымында, оюн дээрлик тең деңгээлде жүрүп жатат. Беттештин башында талаанын ээлери үстөмдүк кылып жатканы байкалган. 1/8 финалдык оюндар 20-январда башталган. Андан утуп чыккандар чейрек финалда ойношот. Читать дальше...

Азия кубогу: Кыргызстан эсепти теңеди

Azattyk.org 

Кыргызстан менен БАЭ оюнунун 26-мүнөтүндө “ак шумкарлар”гол киргизип, эсепти теңеди. Натыйжада эки команда 1:1 болуп тең келатат. Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстан менен оюндун 13-мүнөтүндө гол киргизип, эсепти ачкан.  1/8 финалдык оюндар 20-январда башталган. Андан утуп чыккандар чейрек финалда ойношот. 5-январда башталган Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат. Кыргызстан Азия кубогуна биринчи жолу катышып жатат. Тайпадагы алгачкы оюнунда кыргыз футболчулары Кытайдын командасына 2:1, экинчи... Читать дальше...



Азия кубогу: БАЭ Кыргызстанга бир гол киргизди

Azattyk.org 

Бириккен Араб Эмираттары 1:0 эсеби менен алдыда келе жатат. Алар Кыргызстан менен оюндун 13-мүнөтүндө гол киргизип, эсепти ача алды. 1/8 финалдык оюндар 20-январда башталган. Андан утуп чыккандар чейрек финалда ойношот. 5-январда башталган Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат. Кыргызстан Азия кубогуна биринчи жолу катышып жатат. Тайпадагы алгачкы оюнунда кыргыз футболчулары Кытайдын командасына 2:1, экинчи оюнунда Түштүк Кореяга 1:0 эсебинде утулуп калган. Ал эми филиппиндиктерди 3:1 эсебинде утуп финалдын 1/8 бөлүгүнө чыгышкан.

Кыргызстан менен БАЭнин футболчуларынын беттеши башталды

Azattyk.org 

Футбол боюнча Азия кубогунда беттештердин алкагында Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын футболчуларынын оюну башталды. Таймаш Абу-Даби шаарындагы “Шейх Зайед” стадионунда Бишкек убактысы боюнча кечки саат 11де башталды.  1/8 финалдыык оюндар 20-январда башталган. Андан утуп чыккандар чейрек финалда ойношот. Бүгүнкү мелдеште Өзбекстан Австралияга 2:4 эсебинде утулуп калды. Оюндун негизги жана кошумча бөлүгү тең-тең аяктады. Бирок Өзбекстан Австралияга пенальти тебүүдө утулду. Эми Кыргызстан... Читать дальше...

Азия биринчилиги: Өзбекстан чейрек финалга чыкпай калды

Azattyk.org 

Азиянын футбол боюнча Бириккен Араб эмирлигинде өтүп жаткан чемпионатынын 1/8 финалындагы бүгүнкү мелдеште Өзбекстан Австралияга 2:4 эсебинде утулуп калды. Оюндун негизги жана кошумча бөлүгү тең-тең аяктады. Бирок Өзбекстан Австралияга пенальти тебүүдө утулду. Эми Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлигинин улуттук командаларынын бир аздан соң башталуучу оюнунда жеңген тарап чейрек финалда Австралиянын курама командасы менен беттешет. (UE)

Oxfam: дүйнөдө экономикалык теңсиздик кеңейүүдө

Azattyk.org 

Oxfam эл аралык каржы уюму дүйнөдө байлыктын бөлүнүүсүндөгү теңсиздик “көзөмөлдөн чыгып”, ажырым кеңейип бара жатканын эскерткен баяндамасын Швейцариянын Давос шаарында Дүйнөлүк экономикалык форумдун ачылышын утурлай жарыялады. Дүйнөнүн бизнес жана саясий элитасы жыйналуучу быйылкы форум 22-январда башталганы турат. Уюм баяндамасында келтирген маалыматка караганда, азыр дүйнөнүн эң бай 26 адамынын колундагы мүлк дүйнө калкынын жарымынын же 3,8 миллиард кишинин байлыгына барабар. Бир жыл мурда... Читать дальше...

Евробиримдик Орусиянын ГРУсунун башчыларына санкция салды

Azattyk.org 

Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери 21-январда Брюсселдеги жыйында жактырган санкцияга ылайык, төрт орусиялыктын активдери тоңдурулуп, алардын биримдик аймагына кирүүсүнө тыюу салынат. Алар Британия орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипалды жана анын кызын бул өлкөнүн аймагында ууландырууга тиешеси бар деп шек санагандар. Натыйжада Евробиримдик санкциясы Орусиянын аскерий чалгын кызматы - ГРУнун башчысы Игорь Костюковго, анын биринчи орун басары Владимир Алексеевге, ошондой... Читать дальше...

Кыргызстан - БАЭ: тарыхый футбол беттеши

Azattyk.org 

Бүгүн, 21-январда Футбол боюнча Азия кубогунун 1/8 финалында Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын командалары беттешүүдө. Оюн Абу-Даби шаарындагы "Шейх Зайид" стадионунда Бишкек убактысы боюнча кечки саат 11де башталды.

Мирзиёев “Азаттыкка”: Чоң ырахмат. Келгиле

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бул сөздөрдү бүгүн, 21-январда Германиянын борбору Берлинде “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысынын саламына жооп берип жатып билдирди. Кабарчынын "Азаттык" радиосунан сизге салам!” деген сөзүнө президент Мирзиёев “Чоң ырахмат. Ден соолукта болгула. Келгиле, келгиле”,- деп жооп кайтарды. Мунун алдында 15-январдан тартып Өзбекстанда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек кызматынын, ВВСнин, “Америка добушу” радиосунун, “Фергана” маалымат агенттигинин... Читать дальше...

Тажик мигранттары полицияны сотко берди

Azattyk.org 

Тажикстандык мигрант ага-ини Солиховдор Москвада полициянын ур-токмогуна кабылганын айтып, сотко арызданышты. Израил Ирандын Сириядагы аскердик жайларына чабуул жасаганын жарыялады. Маалыматка караганда, аба соккулары Дамасктын чет-жакасына урулган. Орусиянын Москва баштаган бир катар шаарларында Курил аралдарын Жапонияга өткөрүп бербөөгө үндөгөн жүрүштөр өттү.

Футбол: кыргыз курамасын таанып алыңыз

Azattyk.org 

21-январда Футбол боюнча Азия кубогунун 1/8 финалында Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын командалары беттешет. Таймаш Абу-Даби шаарындагы «Шейх Зайид» стадионунда Бишкек убактысы боюнча кечки саат 11де башталат.

Казакстан Сириядан өз жарандарын “эвакуациялоо" операциясын улантат

Azattyk.org 

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматы кабарлагандай, бул тууралуу бүгүн Астанадан Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров билдирди. “Бул операция учурунда негизги көңүл бир жаштан беш жашка чейинки балдарга бурулду. Алардын көпчүлүгү Сириянын аймагында жарык дүйнөгө келген. Биз бул операциянын акыркы этабы эмес экенин чечкиндүү айта алабыз. Бул башталышы эле”, - деди Смадияров. Казак бийлиги буга чейин жарыялагандай, 6-январга караган түнкү “гуманитардык операция” учурунда Сириядан Казакстанга 47 киши... Читать дальше...

Митингчилер милиция менен соттошот

Azattyk.org 

Бишкекте митинг учурунда кармалып, Тартип бузуу жөнүндө жаңы кодекстин негизинде айыпка жыгылгандар сотко кайрылышты. Бул январдан баштап күчүнө кирген кодекстердеги тартип сакчыларынын укуктары менен милдеттерине байланышкан маселени козгоду.

Цирктин талабы, министрдин жообу

Azattyk.org 

Эки айга чукул убакыттан бери жетекчи дайындалбаганына нааразы болгон Кыргыз циркинин жамааты Ак үйдүн алдына чыгып, өздөрү сунуш кылган талапкерге көңүл буруу талабын өнөрлөрүн көрсөтүү менен билдиришти. Акцияга чыккандарды Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кабыл алып, директорлукка сунушталган үч талапкерлердин документтери каралып жатканын кабарлады. Мурдагы директор ишинен кеткенден кийин кызматкерлер цирктин артисти Аида Акматованы жетекчи кылып дайындоону сунушташкан.

Сатыбалдиев менен Артыкбаевге айыбы угузулду

Azattyk.org 

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариядан кийин камакка алынган мурдагы жетекчилер Осмонбек Артыкбаев менен Жантөрө Сатыбалдиевге козголгон кылмыш иштери боюнча тергөө аяктады.

“Манас” эпосундагы каармандардын атын ичкиликке коюуга тыюу салуу сунушталууда

Azattyk.org 

“Манас” эпосундагы каармандардын атын алкоголдук ичимдиктерге коюуга тыюу салган мыйзам долбоору коомдун талкуусуна коюлду. "“Манас” эпосу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү депутат Тазабек Икрамов сунуш кылууда. Ага ылайык, «Манас» терминин жана «Манас» эпосунун оң каармандары болгон баатырларды, Манас, Бакай, Семетей, Каныкей, Сейтек аттарын алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки өндүрүмүнө пайдаланууга тыюу салынат. - Азыркы учурда биздин ыйык баалуулуктарыбызга мамиле кылууда республиканын тарбия берүү түзүмдөрүндө иш жүргүзүү... Читать дальше...

Куралган электроавто. Эл топтогон футбол

Azattyk.org 

Жалал-Абадда электромобил жасагандар мамлекеттен колдоо таба алабы? Кыргызстан жеңеби же Бириккен Араб Эмирлигинен кетеби? Таң атпай таштанды шыпырган адамдын мээнетин шаарды булгаган адам түшүнөбү? Нарындык жаш лыжачылар дүйнөлүк мелдештерге жетеби? “Данистенин” жаңы топтомунан көрүңүз.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *