Качкындар менен мигранттарды колдогон жыйын жана жүрүш
Лондондогу 9-декабрдагы демонстрациянын катышуучулары Улуу Британиядагы качкындарга жана мигранттарга колдоо көрсөттү.
Лондондогу 9-декабрдагы демонстрациянын катышуучулары Улуу Британиядагы качкындарга жана мигранттарга колдоо көрсөттү.
Сиздер билген жана билбеген Ольга Мануйлова
Германиянын Йена шаарындагы Фридрих Шиллер университети тамактанууга байланыштуу узактан берки изилдөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. 1990-2016-жылдар аралыгында жүргүзүлгөн изилдөө туура эмес тамактануудан улам адам өлүмү эң көп мурдагы советтик өлкөлөрдө катталганын көрсөткөн. Сап башында Өзбекстан, ар бир 100 миң кишиден 394ү тамакты туура ичпегендиктен өлүмгө учурайт делет. Кыргызстанда жүз миңдин ичинен 350 киши деп көрсөтүлүп, үчүнчү орунга коюлган. Алдыңкы ондукта жалаң постсоветтик өлкөлөр... Читать дальше...
Грециянын коргоо министри Панос Камменос Македониянын аталышына байланыштуу талаштан улам кызматтан кетип жатканын билдирди. Ал ошондой эле «Көз карандысыз гректер» партиясы коалициядан чыгып, өзү менен кошо дагы алты министр кызматын тапшырарын белгиледи. Камменос өлкөнүн аталышына байланыштуу талаш боюнча мунасага башынан каршы. Бирок македон парламенти «Түндүк Македония» деген аталышты таанып, ратификациялагандан кийин гана кызматтан кетүүнү чечти. Грек өкмөт башчысы Алексис Ципрас ушундан... Читать дальше...
Техастык демократ-конгрессмен Хулиан Кастро 2020-жылдагы президенттик шайлоого катышарын расмий жарыялады. Кастро 44 жашта, чоң атасы Мексикадан көчүп келген. Барак Обаманын администрациясында Турак-жай курулушу жана шаарды өнүктүрүү министрлигин жетектеген. Аны көптөн бери Демократтар партиясынын «жаркын жылдыздарынын» бири катары баалап келатышат. Кастро талапкерлигин коерун жарыялары менен АКШны түрө кыдырарын да билдирди. Кастро алдыдагы президенттик шайлоо үчүн формалдуу үгүт өнөктүгүн баштаган биринчи саясатчы эмес. Читать дальше...
Сауд Арабиялык Рахаф аль-Кунун ишембиде Торонтого учуп барды. Мунун алдында ага Канада бийлиги башпаанек берген. Аль-Кунун саудиялык коомдогу катаал эрежелерди, чектөөлөрдү сактоодон баш тартканы үчүн ата-эне, туугандары тарабынан куугунтукка кабылганын, өмүрүнө коркунуч барын айтып Таиландга бир жума мурда качып барган. Рахаф аль-Кунун Баңкоктун чек ара көзөмөл бекетинде кармалган. Ал үй-бүлөсү менен Кувейтке барган жеринен качып кеткенин, эгер Сауд Арабияга кайтарышса өмүрүнө коркунуч тууларын билдирген. Читать дальше...
Нарын районунун Кара-Кужур аймагынан мыйзамсыз аңчылыкка чыккандар кармалды. Алардын жанынан алты тоо текенин эти табылган. Өкмөттүн токтомуна ылайык ар бир атылган тоо теке үчүн 100 миң сомдон айып төлөнөт.
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (7-14-январь).
Кыргыз гидрометеорология борбору билдиргендей, 14-январда өлкө аймагында кар жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -3...-8, күндүз 6...11; Таласта түнкүсүн -4...-9, күндүз 5...10; Ысык-Көлдө түнкүсүн -10...-15, күндүз -1…4; Баткенде түнкүсүн -3...-8, күндүз 5...10; Ошто жана Жалал-Абадда түнкүсүн -2...-7, күндүз 5...10; Нарында түнкүсүн -23...-28, күндүз -11...-16 градус болот. 14-январда Бишкекте түнкүсүн кар жаабайт. Читать дальше...
Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында белгисиз адамдар талкалап кеткен православ көрүстөнүндөгү жыгач кресттер оңдолууда. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты. Маалыматка караганда, Бишкектеги жана Караколдогу православ чиркөөсүнүн өкүлдөрү барып, эстеликтерди калыбына келтирүүгө көмөктөшүүдө. 11-январдын кечинде белгисиз адамдар Ысык-Көлдүн Ананьево айылындагы православ көрүстөнүнө келип, маркумдарга коюлган эстеликтерди талкалап кетишкен. Бул боюнча атайын тергөө тобу түзүлүп, күнөөкөрлөрдү издеп жатат. Читать дальше...
Ош прокуратурасынын мурдагы прокурору Канжар Кадыралиевдин үстүнөн сот жараяны Бишкектин Октябрь райондук сотунда жанданды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кадыралиевге каршы арыз жазган өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаев кабарлады. Анын айтымында, буга чейин иш негизсиз создугуп, каралбай келген. Эми кийинки жараян 17-январда өткөнү турат. 2014-жылы Башкы прокуратура Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык”, “Опузалоо” жана “Өзүм билемдик” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп... Читать дальше...
АКШнын президенттик администрациясынын архивинде Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусунун кеңири стенограммасы жок болушу мүмкүн. Бул тууралуу "The Washington Post" гезити америкалык жогорку даражалуу кызматкерлердин маалыматына таянып жазды. Басылманын маалыматы боюнча, президент Трамп жолугушуу учурунда котормочулар кеңири түрдө жазган баяндаманы алууга буйрук берген жана кимдир-бирөөгө маалымат берүүгө тыюу салган. Гезит мындай аракеттер буга чейин АКШнын президенттери... Читать дальше...
Cапфир менен рубинге карк жаңы экзотикалык планета. Түшүмдүүлүктү мол кылуунун жаңы усулу. Коопсуз заттарды билгендей таанычу шайман. Адамзат Тибетти 30 000 жыл мурда эле байырлаганын археологиялык табылгалар ырастады.
Тажикстандык журналист Хайрулло Мирсаидов сегиз айга сыртынан абакка кесилди. Хожент шаардык соту ушундай чечим кабыл алды. Журналистке "буга чейинки соттун чечимин аткарган эмес" жана "өлкөдөн уруксатсыз чыгып кеткен" деген айып коюлган. Буга чейин Хожент шаардык соту журналист Мирсаидовду "мамлекеттик каражатты кымырып алган, максатсыз пайдаланган жана жалаа жапкан" деп айыптап, былтыр 11-июлда 12 жылга түрмөгө кескен. Сот чечиминен кийин Мирсаидовдун үй-бүлөсү мамлекеттин пайдасына 124 миң сомони компенсация төлөгөн. Читать дальше...
Орусия Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында убада берген аскердик-техникалык жардамдын бир бөлүгү Бишкекке жеткирилди. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. Маалыматка ылайык, чек араны коргоо жана өткөрмө пунктарын жакшыртуу максатында 123 автоунаа жана инженердик техника каражаттары жиберилген. Алардын арасында тоо шартында жүрчү 108 автоунаа, эки автокран, төрт санитардык автоунаа, эки жүктөөчү жана башка техника каражаттары бар. Аны тапшыруу 15-январда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өтмөкчү. Читать дальше...
Борбор Азия өлкөлөрүнө байланыштуу айрым жаңылыктар.
Президент Жээнбеков түрмөдө отурган Текебаевге ырайым берүүдөн баш тартты. Кытай бийлиги 2 миңдей казак улутундагыларды өлкөдөн чыгарат. АКШнын Мексика менен чек арасында дубал куруу маселеси талашка түштү.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунда азыр бозонун сезону. Кыштын кыраан чилдесинде айылдыктарды сөөктөн өткөн сууктан мына ушул бозо сактап, ток алып жүрөт. Аймакта “Ак талаанын бозосу” деп бренд болуп калган суусундукту жасоонун салттуу ыкмасы бузулбай, муундан муунга өтүп келет.
АКШнын президенти Дональд Трамп өкмөттүн ишин жарым-жартылай токтотууга алып келген “шатдаун” мындан ары да уланышы мүмкүн экенин эскертти. Трамп бул үчүн парламенттеги демократтарды айыптады. “Демократтар “эс алуусун токтотуп, жумушка чыкмайынча”, биз узак убакыт бою жумушка келбешибиз мүмкүн”, - деп жазды АКШнын президенти 12-январда "Твиттердеги" баракчасына. Кошмо Штаттарда өкмөттүн толук каржыланбай турганына 12-январда 22 күн толду. Бул АКШ тарыхындагы эң узун “шатдаун” болуп калат. Буга... Читать дальше...
Кытайдын түндүгүндөгү Шеньси дубанында шахтада жарылуу болуп, 21 киши көз жумду. Бул тууралуу мамлекеттик "Синьхуа" агенттиги кабарлады. Анын маалыматына ылайык, кырсык бүгүн эртең менен болгон. Кырсыктан соң алтымыштан ашык кенчи куткарылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришкен. Шеньси дубанында көмүр кендери көп жайгашкан. Акыркы убакта Кытайда шахталардагы кырсыктар азайганы менен бул жагынан ал дагы эле дүйнөдөгү эң кооптуу жайлардын бири болуп саналат.
2018-жылы мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн бюджетке 158,3 миллион сом түшкөн. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду кабарлады. Фонддун маалыматы боюнча, былтыр ижарадан 100 миллион сом топтоо пландалган. Мамлекеттин карамагындагы имараттарды ижарага берүүдөн түшкөн каражаттын көбөйүшүн мекеме аукциондордун электрондук түрдө өтө баштаганы менен түшүндүрүүдө. Былтыр октябрдан тартып 10 электрондук аукцион өткөрүлгөн. Январь айынын аягына чейин 58 аукцион өткөрүү пландалууда. Мамлекеттик... Читать дальше...
Жол кырсыгынан каза болгон подполковник Күнболот Касмалиевдин өлүмү боюнча шектүү катары бир адам камалып, үч киши сурак берип жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын облустук милициясынын башчысы Улан Алиев билдирди. Анын айтымында, жол кырсыгы тууралуу версия каралууда. Ага ылайык "Howo" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа милиция кызматкерин сүзүп кеткен. 2019-жылдын 10-январында болжол менен саат түнкү бир чамасында Кант шаарынан жол кырсыгы катталган. Анда белгисиз айдоочу Нарын облустук милициясынын кызматкери Күнболот Касмалиевди сүзүп... Читать дальше...
Түркия Сирия менен чек арадагы аймакта аскерлерин күч алдырууда. "Reuters" агенттиги жазгандай, Сириянын Идлиб провинциясына чектеш Түркиянын Хатай аймагына бир колонна танк жана чопкутталган унаалар жеткирилди. Расмий Анкара бул маалыматка комментарий берген да жок, Сириянын аймагында аскердик операция жүргүзүлүшү мүмкүн экенин четке каккан да жок. Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен сүйлөшкөн соң эки тарап күрттөрдүн коргонуу... Читать дальше...
Чыңгыз Айтматовдун теги тууралуу учкай кеп.
Ишембиде Францияда “сары кемселчендер” кыймылынын мүчөлөрү тогузунчу жолу өкмөткө каршы акцияга чыгышты. Парижде сегиз миңдей киши чыгып, полиция Елисей талааларына жакын көчөлөрдү жабууга аргасыз болду. Ал эми шаар борборундагы Триумфалдык арканын жанында полиция көздөн жаш агызчу газ колдонду. Ага чейин акцияга чыккандардын арасында коопсуздук күчтөрүнө карай жардыргыч патрондорду ыргыткандар болгон. Франциядагы маалымат каражаттары жазгандай, 12-январда өлкө боюнча 32 миңге жакын адам нааразылык акциясына чыккан. Читать дальше...