AI: Ирандык эки активисттин өмүрү өтө коркунучта
“Эл аралык мунапыс” уюму ирандык эки активист Эсмаил Бахши жана Сепиде Голиан камакта отурганда ур-тепкиге жана башка зомбулукка кабылганын айтышкандан кийин кайра камакка алынганын билдирди. Укук коргоочу уюм эки активист камакта дагы “кыйноого кабылып, өмүрү коркунучка кептелерин” эскертти. Бахши менен Голиан 20-январда Хузестан провинциясынын борбору Ахваз шаарында кармалышкан. Лондондо жайгашкан Адам укуктары боюнча обсерваториянын маалыматында алар былтыр жыл этегинде абакта көргөн азап-тозокту коомчулукка ачык айтып чыгышкан. Читать дальше...