Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Январь
2019

Новости за 04.01.2019

1-январдан баштап балдары майып ата-энелерге 4900 сомдон төлөнө баштайт

Azattyk.org 

Майып балдарын баккан ата-энелерге 2019-жылдын 1-январынан баштап 4900 сомдон төлөнө баштайт. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров кабарлады. - 1-январдан тартып бул ата-энелерге беш миң сомго жакын суммадагы айлык төлөнө башталат. Кийин биринчи топтогу чоң майыптарды караган адамдарга да биз келечекте мүмкүнчүлүккө жараша акча төлөөнү караштырып атабыз, - деди ал.  Бул максатка мамлекеттик бюджеттен 420 миллион сом каралган.  Маалыматка ылайык, майып баласын... Читать дальше...

Фигуристтин өлүмү боюнча сот башталды

Azattyk.org 

Алматыда көркөм муз тебүүнүн чебери Денис Тендин өлүмүнө шектүү катары кармалган үч кишинин соту башталды. Алар бейшембидеги алгачкы соттук териштирүүдө негизги айыпты четке кагышты. Маркумдун жактоочулары белгилүү фигурист буюртма менен өлтүрүлгөнүн айтышууда.

Пенсияга чыккандар 1-январдан тартып пенсия алыш үчүн документ чогултпайт

Azattyk.org 

2019-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстандын пенсия курагына жеткен жарандары пенсия алыш үчүн документтерди чогултпайт. Тиешелүү документтерди чогултуу милдети Социалдык фондго жүктөлөт. Жаңы мыйзам күчүнө киргенин "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзамдын автору Аалы Карашев кабарлады: - Пенсияны чегерүүнү жөнөкөйлөтүү боюнча биз мыйзам долбоорун кабыл алганбыз. Документтер Соцфондго керекпи - Соцфонд аларды өзү чогултушу керек. Адам 30-40 жыл иштеп, пенсиянын документтерин алты ай, бир жылдап чогултпаш керек. Читать дальше...

Абылгазиев: тартип бузгандар тийиштүү жаза алышы керек

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мүчөлөрүнө 1-январдан тартып бир катар жаңы кодекстер иштей баштаганын жана айрым мыйзамдар күчүнө киргенин эскертти. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Абылгазиев укук бузуунун айрым түрлөрү үчүн жоопкерчилик күчөтүлгөнүн белгилеген. - Бул чаралар биринчи кезекте жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Тартип бузган жактар тийиштүү жаза алышы керек. Жол кыймыл эрежелерин бузуу көбүнчө айлана-чөйрөдөгү адамдардын жашоосу үчүн коркунуч келтирет. Читать дальше...

Садыр Жапаровдун адвокаты Башкы прокуратурага кайрылат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов анын ишиндеги жаңы жагдайларды иликтөө өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрыла турганын "Азаттыкка" билдирди. Ал Бишкек шаардык прокуратурасынын "Жапаровдун ишинде жаңы жагдай жок" деген чечимине макул болбой жатат.  Адвокат ишти жаңы жагдайлар боюнча кайра карап чыгуу тууралуу  өтүнүчүнө шаардык прокуратурадан 3-январда жооп алган. Анда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 3-декабрдагы "Жапаровдун... Читать дальше...

Демократ Нэнси Пелоси Конгресстин спикери болуп шайланды

Azattyk.org 

АКШ Конгрессинин спикери болуп Демократиялык партиянын өкүлү Нэнси Пелоси шайланды. Анын талапкерлигин 219 конгрессмен колдоп, 192си каршы добуш берди. Пелосиге республикачылардын палатадагы лидери Кевин Маккарти атаандаш болду.  Конгресстин жаңы курамы ишин 3-январда баштады.  Буга чейин Пелоси Мексика менен чек арага дубал куруу үчүн акча бөлбөй эле мамлекеттик мекемелердин ишин калыбына келтире турган мыйзам долбоор кабыл алынарын билдирген. "NBC" телеканалына берген интервьюсунда ал АКШнын... Читать дальше...

Орусияда тыңчылык боюнча кармалган америкалык жаранга айып коюлду

Azattyk.org 

Былтыр 28-декабрда тыңчылыкка шектүү катары Москвада кармалган АКШ жараны Пол Уиланга расмий айып коюлду. Орусиялык "Интерфакс" агенттиги  Уилан айыптоону четке кагып жатканын жазды. Маалыматка караганда, адвокат Владимир Жеребенков Уиландын камакка алынышы боюнча Москва шаардык сотуна даттанып, аны күрөөгө бошотууну өтүндү.  Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Пол Уиланды 28-декабрда кармаган. 29-декабрда Москванын Лефортово райондук соту аны камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Ал коюлган... Читать дальше...

Ош: өрт чыккан мейманканадагы илбирстин терисинин чоо-жайы иликтенүүдө

Azattyk.org 

Ош шаарында эки кыз каза болгон мейманканада табылган илбирстин териси кайдан келгени иликтенип жатат. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы "Азаттыкка" билдирди. 1-январда Оштогу он эки кабаттуу үйдүн жертѳлѳсүнѳн ѳрт чыгып, 20 жана 27 жаштагы эки кыздын өмүрү кыйылган.  Жергиликтүү тургундар жертөлөдө сауна болгонун жана ал шаардын вице-мэринин жакындарына таандык болушу мүмкүн экенин билдирип жатышат. Киши өлүмү менен аяктаган өрт боюнча кылмыш иши козголгон. Текшерүү учурунда... Читать дальше...

Азия кубогуна катышчу кыргызстандык футбол командасынын чабуулчусу алмашты

Azattyk.org 

Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган футбол боюнча Азия кубогуна Кыргызстандын чабуулчусу Виктор Майер барбайт. Команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин маалымдагандай, Майер жаракат алып калганына байланыштуу анын ордун Павел Сидоренко алмаштырат. - Биз аягына чейин Виктордун жакшы болуп кетишинен үмүт үзбөй турдук. Бирок анын жаракаты жана калыбына келүү процесси узак убакытты алчудай. Андыктан биз оюнчунун ден соолугун тобокелге сала албайбыз жана Майер 2022-жылы боло турган Дүйнө... Читать дальше...

Футбол боюнча Азия кубогунун оюндары 5-январда башталат

Azattyk.org 

Бириккен Араб Эмираттарында футбол боюнча Азия кубогу башталууда. Чемпионаттын расмий ачылышы 5-январда болуп, алгачкы оюнду БАЭ менен Бахрейн командалары ойнойт. Бул оюн Абу-Дабидеги 50 миң көрөрманды батырган эң чоң «Зайед Спорт Сити» стадионунда өтөт. Футбол боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын улуттук курама командасы биринчи жолу катышууда. Футболчулар “С” тайпасына жайгашып, Кытайдын, Филиппиндин жана Кореянын командалары менен беттешет. Алгачкы оюн 7-январда Кытайдын командасы менен болот. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *