Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Январь
2019

Новости за 10.01.2019

ИИМ: Жол кырсыгынан кайтыш болгон милиционердин окуясы иликтенүүдө

Azattyk.org 

Жол кырсыгынан улам кайтыш болгон милиция кызматкери боюнча факт терең иликтөөгө алына баштады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады. 2019-жылдын 10-январында болжол менен саат 01:00 чамасында Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Бишкек-Торугарт айлампа жолунан он алтынчы чакырымынан автоунаа адамды сүзүп кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Ысык-Ата РИИБинин ыкчам тергөө тобу барган кезде белгисиз айдоочу автоунаа менен батыштан чыгышты көздөй баратып... Читать дальше...

Орусияга, АКШга, Кытайга жана Түштүк Кореяга элчиликке талапкерлер көрсөтүлдү

Azattyk.org 

Орусияга, АКШга, Кытайга жана Түштүк Кореяга элчиликке талапкерлер Жогорку Кеңештин комитетинде каралат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев кабарлады. Орусияга элчиликке мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун, Түштүк Кореяга азыркы тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелованын, АКШга азыркы Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаевдин жана Кытайга элчи Канайым Бактыгулованын талапкерлиги көрсөтүлгөн.  Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер... Читать дальше...

Түндүк Кореянын лидери экинчи саммитте “жыйынтыкка жетишүүгө” даяр

Azattyk.org 

Ким Чен Ын бул тууралуу Кытайдын президенти Си Цзинпин менен Бээжиндеги жолугушуусунда билдиргенин бүгүн Түндүк Кореянын жана Кытайдын мамлекеттик медиасы кабарлады. Мындай маалымат Түндүк Кореянын лидери Кытайдагы эки күндүк сапарын аяктап Бээжинден Пхеньянга брондолгон поездинде кайтып баргандан кийин таратылды. Ким Чен Ын Кытайга акыркы он ай ичинде төртүнчү ирет келип кетти. Түндүк Корея менен Кытайдын медиа каражаттарынын маалыматтарына караганда, ал кытай лидери Си Цзинпин менен акыркы... Читать дальше...

КСДП: УКМК экс-мэрлер боюнча “жомок” айтып жатат

Azattyk.org 

Кыргызстан-социал демократиялык партиясы (КСДП) Бишкек шаарынын мурдагы башчылары Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча билдирүү таратты. Анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) экс-мэрлерди коррупцияга байланыштуу айыптаган билдирүүлөрү Кыргызстандын Баш мыйзамынын принциптерин бузуу катары бааланат. Анын ичинде атайын кызмат өзгөчө Конституциянын “күнөөсүздүк презумпциясы” принцибине каршы иштеп жатканы белгиленет. Партиянын басма сөз кызматы тараткан... Читать дальше...

Нарын: лыжа тепкен балдардын суранычы

Azattyk.org 

Нарын аймагында кыш ызгаары күчүндө. Бирок Нарын шаарындагы мындан жыйырма жыл мурда ачылган тоо лыжа спорту боюнча мектептин окуучулары кыш мезгилинде натыйжалуу машыгууга аракеттенишүүдө. Спортко ынтызар өспүрүмдөр өз күчү менен лыжа тебүүгө жол даярдап, бир топ убаракерчилик тартышат.

АКШда бюджет боюнча мунаса табыла элек

Azattyk.org 

Демократиялык партиянын Конгресстеги лидерлери менен президент Дональд Трамптын 9-январдагы сүйлөшүүлөрү баштала электе эле үзгүлтүккө учурады.  Президент менен сүйлөшүүлөргө Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси жана демократтардын Сенаттагы лидери Чак Шумер келген. Пелоси президенттин Мексика менен чек арадагы дубалдын курулушун каржылоо боюнча суроосуна терс жооп бергенден кийин Трамп жыйын залынан чыгып кеткен. Кийин ал "Твиттердеги" баракчасында демократтар менен жолугушуусун “текке кеткан убакыт” деп мүнөздөдү. Читать дальше...

Казакстанда Сириядан кайтарылгандардын айрымдарына иш козголду

Azattyk.org 

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматы кабарлагандай, бул тууралуу бүгүн журналисттерге Астанадан Улуттук коопсуздук комитетинин департамент башчысы Бактыбек Рахимбердиев билдирди.  Анын айтымында, Сириядан Казакстанга жакында кайтарылган ондогон адамдын ичинен алты эркекке жана бир аялга кылмыш иши ачылган. Алар “террордук ишмердикке катышкан” деп шек саналууда.  Казак бийлиги жарыялагандай, 6-ноябрга караган түнкү “гуманитардык операция” учурунда Сирияга Казакстандан 47 киши, анын ичинде 30 бала, 11 аял, алты эркек кайтарылган. Читать дальше...



Ооган согушунун жалган 49 "ардагери" бюджетке 24 млн. сомдук зыян тийгизген

Azattyk.org 

Ооган согушуна катышкандыгы тууралуу жалган маалыматтын негизинде өлкөдөн жөлөкпул алып жүргөн 49 "ардагерге" 24 324 сом каражат коротулган. Бул тууралуу "Азаттыкка" Башкы прокуратуранын басма сөз өкүлү Наргиза Куватова кабарлады. Анын айтымында, ооган согушунун ардагери болгондугун аскер адамдары Орусиядан алынган атайын документтер менен тастыктайт. Учурда андай тастыктаманы Орусиядан алуу мүмкүн болбой жаткандыгына байланыштуу "жалган" ардагерлерди аныктоо кыйын болуп жатат.  - Азыркы мекеме... Читать дальше...

Ооганстанда “Талибандын” чабуулунан 15 полиция кызматкери өлдү

Azattyk.org 

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлагандай, эки провинциядагы чабуулдардан дагы 19 полиция өкүлү жарадар болгон.  Түндүктөгү Тахар провинциясында “Талибандын” согушкерлери полиция бекетине өткөн түнү чабуул койгондо кеминде сегиз полиция кызматкеринин өмүрү кыйылып, он төртү жарадар болгон. Ал эми Баглан провинциясында талибдер полиция бекетине 10-январдын кечинде кол салганда жети полиция кызматкери мерт болуп, бешөө жараланган.  “Талибан” кыймылы бул кол салуулар үчүн азырынча расмий жоопкерчилик ала элек. Читать дальше...

Бишкекте айыппулду ыйгарып алган милиция кызматкерлерине иш козголду

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын прокуратурасы айыппул катары өндүрүлгөн 731 миң 500 сомду өздөрүнө ыйгарып алган Ички иштер министрлигинин онунчу башкармалыгынын жана Бишкектин Биринчи май райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады. Тергөө учурунда такталгандай, аныкталган коррупциялык схема паспорт-виза эрежелерин бузган чет элдик жарандардын жазанасын кымырып алууга багытталган. Тиешелүү кызматкерлер жеке менчик фирма менен сүйлөшүп алып, жасалма документтердин негизинде эсепти жаап жүрүшкөн. Читать дальше...

ЖАМК жазаны жеңилдетүүгө даяр

Azattyk.org 

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) абактагы 500гө жакын адамдын жаза мөөнөттөрүн жаңы мыйзамдарга ылайыкташтыруу процессин баштады. Мурда мерчемделгендей эми алардын дээрлик баарынын жазасы жеңилдетилип, көпчүлүгү боштондукка чыгышы мүмкүн.

Милиция Чаткалда айдоочуну атып салган адам кармалганын кабарлады

Azattyk.org 

Чаткалдагы айдоочунун өлүмү боюнча топтолгон материалдар райондук ички иштер башкармалыгына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Киши өлтүрүү”) менен өндүрүшкө алынды (кылмыш иши козголду). Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады. Милиция буга чейин кабарлангандай окуя 10-январда түнкү саат 03:00дө Чаткал районунун Терек-Сай айылында катталганын ырастады. Бишкек шаарынын тургуну, 31 жаштагы Улан Койчиев шеригинин жанында жүк ташуучу автоунаада аны коштоп бараткан... Читать дальше...

Казакстан Сириядан өз жарандарын кайтарды

Azattyk.org 

Казакстандын күч түзүмдөрү “Жусан” деген атайын операциянын алкагында 5-6 январь күндөрү Сириядан ондогон казак жарандарын алып келишти. Алардын көбү аялдар жана балдар.

Орусиянын ракетага каршы жандоочу атмосферада өрттөнүп кетти

Azattyk.org 

Орусиянын ракеталык чабуулдарды эскертип туруучу “Око” системасына кирген "Космос-2430" деген жандоочу атмосферада күйүп кетти. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Түндүк Американын абадан-космостон коргонуу командачылыгынын (NORAD) маалыматына таянуу менен кабарлады. NORADдын маалыматына ылайык, жандооч орбитадан чыгып, жараксыз болуп калды. Анын күйүп кеткен бөлүктөрү Тынч океандын үстүнө түшүшү мүмкүн экендиги айтылды.   Жекшембикүнү, 6-январда “Radio New Zealand” өзүнүн сайтында Жаңы Зеландиянын... Читать дальше...

Футбол федерациясынын төрагасы Семетей Султанов кызматтан кетти

Azattyk.org 

Кыргызстандын Футбол федерациясынын төрагасы Семетей Султанов кызматын тапшырды. Бул тууралуу ал федерациянын расмий сайтына жазып чыкты.  Семетей Султанов бул кызматка 2012-жылы шайланган. Төрт жылдан кийин 2016-жылы ал бул кызматка экинчи ирет шайланып келген, бирок өзүнүн билдирүүсүндө кызматтан мөөнөтү бүткүчө эле кетип жатканын маалымдады. Семетей Султанов аны кызматтан кетүүгө эч ким мажбурлабаганын жазган. Султанов - экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы. Буга чейин федерациянын... Читать дальше...

Каримова калкалаган ишкер абактан чыкты

Azattyk.org 

Өзбекстанда кезинде Гүлнара Каримованын камкордугунда болгону айтылган "Зеромакс" компаниясынын башчысы сегиз жылдан кийин камактан бошотулду. Байкоочулар Батыш инвесторлоруна олчойгон карызы бар компания жетекчисинин абактан чыкканын өзбек президентинин саясий чечими катары мүнөздөп жатышат.

КСДП: Шайлоо штабынын эсепчисине өлкөдөн чыгып кетүнү Атамбаев сунуш кылган

Azattyk.org 

2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабынын каржы иштери боюнча өкүлү болгон Надира Сатыгул кызына убактылуу өлкөдөн чыгып кетүүнү экс-президент Алмазбек Атамбаев сунуш кылган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева кабарлады. Анын айтымында, Сатыгул кызы учурда Индияда эс алууда жана качан келери азырынча белгисиз. - Икрамжан Илмияновду кармап кетишкенден кийин ушундай сунуш айтылган. Аңдуу, шектүү телефон чалуу болгондо ал Алмазбек Атамбаевге айткан. Читать дальше...

Бир жылда дыйкандарга 5,6 млрд. сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди

Azattyk.org 

2018-жылы “Айыл чарбасын каржылоо - 6” долбоорун ишке ашыруунун алкагында дыйкан жана фермерлерге 5,6 млрд. сомдон ашуун суммада жеңилдетилген насыялар берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады. Министрликке караштуу Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, бул сумма 11 миң 332 айылдык товар өндүрүүчүгө берилген. Бөлүнгөн каражаттардын ичинен өсүмдүк өстүрүүгө 1 млрд. 324,76 млн. сом, мал чарбасына 2 млрд. 867,7 млн. сом, кайра иштетүүгө жана айыл чарбасындагы кызмат көрсөтүүгө 1 млрд. Читать дальше...

Берлиндеги кыргыздар: Назгүлдүн ийгилиги

Azattyk.org 

Кыргызстандык Назгүл Жаманкулова Германияда жашап, иштегенине он беш жыл болду. Ал дары-дармектерге лицензия берүүчү Parexel аттуу Берлинде жайгашкан дүйнөлүк ири компанияда инженер болуп иштейт. Немис элинин ичинде кызын кыргыз элинин каада-салты менен тарбиялап жаткан Назгүл Кыргызстанга качандыр бир кезде кайтып келүүнү самайт.

Терек-Сайда алтын кенине бараткан техниканын айдоочусу окко учту

Azattyk.org 

Чаткал районунун Терек-Сай айылында алтын кенин иштеткен "Чаарат Заав" фирмасына техника алып бара жаткан 25 жаштагы айдоочу окко учуп, каза болду. Бул тууралуу фирмага техника жеткирүүчү жалданма компаниянын атын атагысы келбеген өкүлү "Азаттыкка" билдирди. Окуя 10-январга караган түнү саат 2:00 чамасында Терек-Сай айылында болду. - Кенге эки техниканы башкарып бараткан эки айдоочу менен эки шеригин жолдо белгисиз адамдар тороп, акча доолашкан. Бул маалыматты бизге ошол замат айдоочулар телефон аркылуу билдиришкен. Читать дальше...

Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу салык кызматына өткөрүлөт

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кирешелерди администрациялоо жаатында ишкерлерди колдоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы белгилегендей, мамлекеттик камсыздоо боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясын Социалдык фонддон Мамлекеттик салык кызматына өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Тийиштүү токтомго кол коюлган, ал 2019-жылдын 15-январында күчүнө кирет. Бул функцияларды өткөрүп берүү процессин жеңилдетүү үчүн 2019-жылдын 1-июлуна чейин Салык кызматынын... Читать дальше...

Оштон гемодиализ алгандар саламаттык сактоо министри менен жолугууну талап кылууда

Azattyk.org 

Оштон гемодиализ алып жүргөн жыйырмага жакын бейтап тендердин жыйынтыгына нааразы болуп, Бишкекке саламаттык сактоо министри менен жолукканы келди. Бул тууралуу "Азаттыкка" бейтаптардын бири кабарлады.  - Биз мурда гемодиализди ЮРФА клиникасынан алып жүргөнбүз, - деди ал. - Булар бизге эскертпестен жаңы жылдын алдында "мындан ары БЭМАН клиникасына өтөсүңөр" деп коюшту. Ал жактан биз жакшы боло албай келгенбиз. БЭМАНдын шарттары талапка жооп бербейт. Бизге "ЮРФА менен БЭМАН тендерге катышып, БЭМАН... Читать дальше...

Дыйкандарды таарынткан "жарды" министр

Azattyk.org 

Кыргызстанда айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин иши сын-дооматтан арыла элек. Былтыр өкмөттүн экспорт тууралуу убадасына ишенип, картөшкөнү көп айдаган дыйкандардын мээнети акталбай калды.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *