АКШнын Катардагы базасын кеңейтүү боюнча меморандумга кол коюлду
Эл-Удейддеги авиа базаны кеңейтүү жана жаңылоо боюнча меморандумга АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун сапарынын алкагында Катардын борбору Дохада кол коюлду. Учурда базада Сириядагы, Ирактагы, Ооганстандагы операцияларга жооп берген америкалык куралдуу күчтөрдүн борбордук командачылыгы жана он миңге жакын аскер жайгашкан. Помпео Катарды жана Перс булуңундагы башка мамлекеттерди өз ара пикир келишпестигин тезирээк жөнгө салууга чакырып, "жалпы максаты бар өлкөлөрдүн ортосундагы талаш-тартыш эч качан ийгилик алып келбейт" деп айтты. Читать дальше...