smi24.net
Azattyk.org
Июнь
2019

Новости за 12.06.2019

Парламентте аялдар квотага муктажбы?

Azattyk.org 

Жергиликтүү кеңештердеги мандаттардын 30% аялдар үчүн резервге коюу жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окуудан өтүп, эми жалпы сессияда каралышы керек. Парламентаризм жолун тандаган мамлекет үчүн бул мыйзам канчалык маанилүү?

Бишкекте Монголиянын элчилиги ачылды

Azattyk.org 

Элчиликтин ачылышына ушул күндөрү Бишкекте расмий сапар менен жүргөн Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга, Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жана Монголиянын башкы консулу Тогтох Ганболд катышты. “Расмий сапардын алкагында элчиликтин ачылышы биздин өлкө монгол-кыргыз мамилелерине чоң маани бергенин ырастап турат”, - деп айтты Монголиянын президенти. “Монголия Кыргызстан үчүн боордош өлкө. Эки элди бириктирген көп нерсе бар. Бул болсо мындан аркы кызматташтык үчүн жагымдуу базаны түзүп жатат”... Читать дальше...

Алматыда полиция аянтка чыккан жүзгө жакын адамды кармап кетти

Azattyk.org 

12-июнда Алматы шаарындагы Астана аянтында полиция жүздөн кем эмес адамды кармап кетти. Бул тууралуу «Настоящее время» каналынын кабарчысы билдирди. Адегенде полиция бул райондо жүргөн аялдарды жана кары адамдарды «документ текшериш керек» деген жүйө менен автобуска отургузган. Көп өтпөй ушул жерге жакын жүргөндөрдүн баарын кармай баштаган. Ошондой эле полиция жарандык активист Димаш Алжановду да камакка алды. Алжанов жакында эле түзүлгөн «Ойгон, Казакстан» коомдук кыймылынын мүчөсү. Казакстанда... Читать дальше...

Кытай лидери Бишкекке келди

Azattyk.org 

Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Бишкекке мамлекеттик сапар менен келди. «Манас» аэропортунан аны мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. 13-июнда эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтүп, бир катар документтерге кол коюлат жана бизнес-форум уюштурулат. 14-июнда Кытайдын лидери Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышат. (RK)

Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларды бир жылга узартты

Azattyk.org 

Брюсселде Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн элчилери Орусияга карата санкцияларды бир жылга узартууну колдошту. Сөз 2014-жылы Крымдын аннексиясынан кийин киргизилген чектөөлөр тууралуу болуп жатат. Санкцияларды бекиткенден кийин бул чечимди Европа кеңеши жактырышы керек. Кеңешке Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери катышат. Бул санкцияларга ылайык, Крымда чыгарылган бардык товарларды Евробиримдикке алып кирүүгө, айрым товарларды экспорттоого тыюу салынат. Санкциялардын алкагында европалык... Читать дальше...

Аялдын бир ажалы төрөттөн...

Azattyk.org 

Өткөн аптанын соңунда Ош облустук төрөт үйүндө 26 жаштагы келин төрөттөн каза тапты. Айрымдар «буга дарыгерлердин кайдыгерлиги себеп» десе, дарыгерлер өздөрү аялдардын өз ден соолугуна мамилеси начар болуп жатканын айтышууда.

Майрамда маршта кармалгандар

Azattyk.org 

Москвада журналист Иван Голуновго тилектештик билдирип, маршка чыккандардын арасынан 400дөн ашуун кишини полиция кармап кетти. НАТО күчтөрүнүн Косового жайгаштырылганына 20 жыл болду. Кыргызстандык адистер IT рыногун өнүктүрүүгө кытайлык инвесторлорду тартууга кызыкдар.



"Манас" Бишкекте кытайча жаңырды

Azattyk.org 

Кытайдын Борбордук опера театрынын өнөрпоздору «Манас» операсын кыргыз көрүүчүлөрүнө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында тартуулады. Ал Кытайдагы манасчы Жусуп Мамайдын варианты боюнча айтылган «Манас» жана «Семетей» эпосторунун негизинде мындан эки жыл мурда даядалган. Андан бери Кытайда тогуз жолу коюлган операны кыргызстандыктар абдан жылуу кабыл алып, көзүнө жаш алган көрүүчүлөр бир сааттай кол чаап, ыраазылык билдиришти. Ал эми артисттер "Манас"... Читать дальше...

Парламенттин кечиккен кеги

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин бир нече депутаты экс-президент Алмазбек Атамбаевдин аракеттерине, билдирүүлөрүнө баа берүүнү талап кылды.

Ош шаары Кытайдын эки шаары менен кызматташат

Azattyk.org 

12-июнда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Кытайдын Хэбей провинциясынын Шицзячжуан шаарынын вице-мэри Ли Сюэронг  баштаган делегация менен жолугушту. Жолугушууда Ош шаары менен Шицзячжуан шаарынын ортосунда боордоштук мамиле түзүү боюнча келишимге кол коюунун алкагында пикир алышып, кызматташуу маселелери талкууланды. Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов аталган шаар менен экономика, туризм жана маданият жагынан кызматташууга умтуларын билдирди. Бишкекте Кытай менен Кыргызстандын өлкө башчыларынын... Читать дальше...

Парламентте Салянованын абактагы коопсуздугу боюнча маселе көтөрүлдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Аида Салянованы тергөө абагына камоодо мыйзамдар одоно бузулганына Жогорку Кеңеш өз баасын бериши керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал 12-июнда жалпы жыйында сүйлөп жатып айтты: - Биз, «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары №1 тергөө абагына барып, Аида Салянова менен жолугуп келдик. Салянова өзүнүн бир тууган инисин өлтүрүүнү уюштурган баш кесер менен бир абакта отуруптур. Мунун өзү - Саляновага карата моралдык-психологиялык басым жана кыйноо. Читать дальше...

Шаардык сот Салянованы камакта калтырды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту экс-башкы прокурор Аида Салянованы камакта калтырды. Буга чейин Салянованын адвокаттары экс-ген прокурордун Бишкектеги тергөө абагында кармоо боюнча райондук соттун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен шаардык сотко кайрылган эле. Экс-прокурордун тарапкерлери абакта Салянованын коопсуздугуна коркунуч туулуп жатканын билдиришүүдө.

Жапониянын өкмөт башчысы Иранга баратат

Azattyk.org 

Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэнин Ирандагы расмий сапары башталууда. Мындай жогорку даражадагы жапон аткаминери Тегеранга 1978-жылдан бери бара элек болчу. Тегеранда жапон өкмөт башчысы Абэ аятолла Али Хаменеи жана президент Хасан Роухани менен жолугушат. Жолго чыгаардын алдында Синдзо Абэ Жакынкы Чыгыштагы чыңалган абалга тынчсызданып турганын айткан эле. - Бул чөлкөмдөгү тынчтыкка жана туруктуулукка күчүм жетишинче салым кошкум келет, - деди ал.  Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы Ирандын өзөктүк келишими болот. Читать дальше...

Имамдарга нике каттоо журналы тапшырыла баштады

Azattyk.org 

Кыргызстандын имамдары баш кошкон жубайларга нике кыйса мындан ары нике каттоо журналына жазууга милдеттүү болот. Муфтий Максатбек Токтомушев бүгүн 12-июнда Бишкек жана Чүй облусундагы имамдарга нике каттоо журналдарын тапшырды. Муфтий шарияттык никени катташ үчүн дин кызматкерлери үйлөнүп жаткандардын паспортун талап кылып, 18 жашка толгондорго гана нике кыя аларын эскертти: - Эки жыл мурда мыйзам кабыл алынган. Имамдарга 18 жашка чыга электерди билбей никесин кыйып коюп, камалып кетпесин деп эскертүү берилген. Читать дальше...

Молдовада саясий кризис жана кош бийлик уланууда

Azattyk.org 

Молдовада жаңы өкмөт түзүлүп, саясий кризис уланууда. Жаңы өкмөттүн ыйгарым укуктарын Конституциялык сот тааныган эмес. Өлкөдө иш жүзүндө эки өкмөт иштеп жатат. Конституциялык сот президент Игорь Додондун ыйгарым укуктарын убактылуу токтотконуна карабастан ал Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Жергиликтүү басылмалардын кабарына караганда, Кишинёвдо кырдаал тынч, күч кызматкерлери министрликтердин имараттарын кайтарууда. Эки күн мурда Молдованын президентинин милдетин аткаруучу Павел Филип парламентти тарткатып... Читать дальше...

Москвада жүрүшкө чыккан 200 киши камакка алынды

Azattyk.org 

Москвада журналист Иван Голуновду колдогон жүрүштүн катышуучулары кармала баштады. Алардын арасында оппозициялык саясатчы Алексей Навальный да бар. Мунун алдында Москва мэриясы «чагымга алдырбай, уруксат берилбеген иш-чарага катышпоого» чакырган. «Медуза» басылмасынын журналисти Иван Голунов 6-июнда баңгизат соодасына байланыштуу шек саналып кармалган. Адвокаты анын чөнтөгүнө жана батирине баңгизат атайын ташталганын билдирген. Голунов өзүнө каршы козголгон кылмыш ишин кийинки убакта иликтеп жүргөн көрүстөн бизнесине байланыштырып жатат. Читать дальше...

Йемен козголоңчулары Сауд Арабиясындагы аба майданын аткылашты

Azattyk.org 

Хуситтердин ракетасы аба майданынын залына түшкөн. Жарадар болгондордун арасында үч аял жана эки бала бар. Жалпысынан 26 адам жабыркады. Бул тууралуу Сауд Арабиясы башында турган араб коалициясы билдирди. Мунун алдында хусит козголоңчулары дрондун жардамы менен куралдуу күчтөрдүн парадына абадан чабуул коюшканы кабарланган.

13-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

13-июнда Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда жана Кыргыз тоо кыркаларында жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу жайыттарда жаан карга айланат. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29; Таласта түнкүсүн 11…16... Читать дальше...

Жолдубаева: Эл Атамбаевди каматып коюп унчукпай отуруп калбайт

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) экс-президент Алмазбек Атамбаевди колдогон мүчөлөрү парламентте ага карата айтылган дооматтарга макул эмес. Партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева бүгүн, 12-июнда «Азаттыкка» комментарий берип жатып «депутаттар саясий буюртманы ишке ашырып, ар бирине берилген ролду жакшы аткарышты» деген оюн билдирди: - Албетте, парламентте татыктуу депутаттар жок эмес. Бирок жалпысынан азыркы чакырылыштын деңгээлин жана рейтингин эске алганда, сүйлөбөй, тынч эле отурганы жакшыраак го. Читать дальше...

Кош бойлуу аялдын камалышы боюнча прокуратурага кайрылуу жиберилди

Azattyk.org 

Акыйкатчы институту үч айлык боюнда бар аял эски телефон уурдоо боюнча айыпталып, Бишкектеги №1 тергөө абагында камалганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, акыйкатчы Токон Мамытов 12-июнда тергөө абагына кирип, келин менен баарлашканда ал эски телефонду алганы үчүн кармалганын, аны ээсине кайтарып бергенине карабай камалганын, 1 жаш 2 айлык баласы бар экенин жана кош бойлуу экенин билдирген.  Ал аял буга чейин акыйкатчыга арыз жазып, анда Свердлов райондук милициясынын тергөөчүсү менен... Читать дальше...

ЖАМК Салянованын абактагы шарты тууралуу маалымат берди

Azattyk.org 

Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү адам Бишкектеги №1 тергөө абагынын эркектер кармалуучу режимдик корпусунда отурат жана Аида Салянова жакка өтө албайт. Бул тууралуу бүгүн 12-июнда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) кабарлады. Ал эми Аида Салянова аялдар кармалуучу режимдик корпуста, аны менен кошо бир бөлмөдө уурулук үчүн кармалган 27 жаштагы келин отурат. «Салянованын жанындагы аял - киши өлтүрүү үчүн айыпталган келин» деген маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдирген мекеме анын коопсуздугу толук камсыз кылынганын... Читать дальше...

Москвада нааразылык жүрүшү өтүп жатат

Azattyk.org 

Москвада Чистые пруды районунда журналист Иван Голуновду колдогон жүрүш өтөт деп пландалган жерге Орусия гвардиясынын кызматкерлери келишти. Полиция кызматкерлери жана коммуналдык кызматтардын жумушчулары металлдан тосмолорду орнотушту. Жүрүштүн алдында «Такие дела» басылмасынын журналисти Сергей Карпов кармалган. Полиция үн күчөткүчтөр аркылуу Грибоедовдун эстелигинин алдында чогулган активисттерден тарап кетүүнү талап кылууда. «Иван Голуновдун эркиндиги үчүн» аттуу акциянын уюштуруучуларына... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *