Аида Салянова ооруканадан тергөө абагына которулду
Мурдагы баш прокурор Аида Салянованы ооруканадан №1 тергөө абагына алып кетишти. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Асия Сасыкбаева "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Маалыматты Жаза аткаруу кызматынан ырасташты. Аида Салянова 15-июнда саламаттыгына байланыштуу Бишкектеги №1 тергөө абагынан Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулган. Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынган. Эки күндөн кийин... Читать дальше...