Жумабеков: Матраимовдордун тоюна чакыруу менен баргам
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков 19-июнда "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасында май айында бир тууган Матраимовдор өткөргөн иш-чарага барганы, анда сүйлөгөн сөзү тууралуу соболго жоопко берди. - Мен төрага катары кесиптешим, КСДП фракциясынын депутаты Искендер Исмаиловичтен (ред: Искендер Матраимов) келген чакыруу кагазы менен баргам. Эми андай иш-чаралар депутаттар эл менен жолугушкан учурда, майрамдарда уюштурулат. Спорт оюндары болот, аларга барып турабыз. Эл менен жолугушабыз. Читать дальше...