Иран дүйнөлүк державаларга убакыт чектеди
Расмий Тегеран жакын арада өзөктүк келишимдин айрым шарттарын аткаруудан баш тартаарын эскертти. АКШ Ирандын мындай билдирүүсүн "шантаж" деп атады.
Расмий Тегеран жакын арада өзөктүк келишимдин айрым шарттарын аткаруудан баш тартаарын эскертти. АКШ Ирандын мындай билдирүүсүн "шантаж" деп атады.
Египеттин экс-президенти жана «Мусулман агайындарынын» мурдагы лидери Мухаммад Мурси 17-июнда көз жумду. Египеттин мамлекеттик телеканалы кабарлагандай, 67 жаштагы Мурси анын тыңчылык иши боюнча сот жараяны өтүп жаткан учурда эсин жоготуп, мүрт кеткен. Мурси бир катар иштер, анын ичинде палестиналык радикал «ХАМАС» тобу жана ливандык «Хезболла» уюму менен байланышта деген айыптар боюнча соттолуп жаткан. Мурси «Араб жазы» учурунда Хосни Мубарак бийликтен кулатылгандан кийин, 2012-жылы президенттик шайлоодо жеңип... Читать дальше...
«Данисте» программасынын кезектеги чыгарылышында кой бакканын жомок кылып жазган Марлэн, айылына 2 млн. сомго балдар аянтчасын курган сузактык жаштар, кымыз саткан нарындык өспүрүмдөр жана өрүктөрүн Орусия, Казакстанга саткан баткендик дыйкандар жана башка баяндарды көрө аласыздар.
Польшанын коргоо министри Мариуш Блащак АКШнын аскерлери жалпысынан алты аскердик базага бөлүштүрүлүп жайгаштырыларын маалымдады. Өкмөт өкүлү «Поляк радиосундагы» маегинде НАТОнун күчтөрү Орусиядан келчү коркунучтун алдын аларын айтты. Варшава менен Вашингтон аскерлер жайгаша турган аймактарды өзүнчө макулдашуу аркылуу тактоону сүйлөшкөнүн белгиледи. Өткөн аптада Вашингтон менен Варшава Германиядан Польшага миңдей аскерди жана чалындоо максатында пилотсуз учактар бөлүмүн жөнөтүүнү макулдашкан. Бул үчүн Варшавада атайын аэродром да курулмакчы.
Өзбекстанда орто окуу жайынын бүтүрүүчүлөрү коррупция тууралуу дилбаянды мугалимердин көрсөтмөсү менен жазышканы жөнүндө арызданышууда.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия 17-июндагы жыйынында мурдагы мамлекет башчысына тогуз бөлүмдөн турган оор айыптарды койду.
«Азаттыктын» май айынын соңунда жарыяланган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсү коомчулукта чоң резонанс жаратты.
Бишкектин Октябрь райондук соту 17-июнда Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевге байланыштуу өкүм чыгарды. Бул тууралуу Кадыралиевге каршы сотко арыз жазган ишкер Сактан Келдибаев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, сот прокуратуранын Канжар Кадыралиевди 15 жылга эркинен ажыратуу тууралуу сунушун канааттандырган жок. Ал күнөөлүү деп табылды, бирок эч кандай жазага тартылган жок. Ушул кезге дейре үй камагында болгон Канжар Кадыралиевге карата кандай негизде чечим чыкканы... Читать дальше...
Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуунун жол-жобосун караган депутаттык комиссия экс-президентке тогуз бөлүмдөн турган айып койду. Комиссия Атамбаевге тагылган кине аны экс-президент статусунан ажыратып, кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз болот деп эсептейт. Ал эми КСДП комиссиянын жыйынында айтылгандарды «чуулуу коррупциялык иштерден коомчулуктун көңүлүн алагды кылуу» деп сыпаттады.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамдарынын бири Икрамжан Илмияновдун тергөөсү аяктаганы жарыяланды.
Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык боюнча жаңы келишим даяр болду, ага 6-июлда кол коюлат. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы байланыштар кызматы кабарлады. Жаңы келишимди даярдоого бир жылдан ашык убакыт кетти. Буга чейин Евробиримдиктин Борбор Азиядагы атайын өкүлү Петер Буриан келишим боюнча эл аралык макулдашуулар, соода-экономикалык жана визалык кызматташтык багытында бир нече маселе бар экенин айткан. 8-июнда өткөн акыркы жолугушууда бардык талаштуу маселелер такталды. Читать дальше...
Баткен облусунда жыл башынан бери жети киши сууга чөгүп каза болду. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 17-июнда «Азаттыкка» билдиргенине караганда, сууга чөккөндөрдүн бешөө жаш балдар. Алардын төртөө эки жаштагы наристе, бирөө 10 жаштагы бала. Милиция өкүлдөрү элди жайында сууга түшүп эс алууда этият болууга, айрыкча балдарга көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды. 2018-жылдын биринчи жарымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 81 адам сууга чөгүп каза тапкан. Читать дальше...
Гендер деген эмне? Аял - эркектин социалдык ролдору тууралуу стереотиптик таңуулоолор эмнеге алып барат? Бул жолу “Эже-сиңдилер” берүүсүндө гендердик билим тууралуу баарлаштык.
Топчубек Тургуналиев "«Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу буйрукка бүгүн 17-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Ал эми Тургуналиевдин орун басары болуп жазуучунун уулу Элдар Айтматов дайындалды. Академия түзүү тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 31-январында кол койгон. Жарлык «Манас» эпосун, кыргыз элинин эпикалык маданиятын, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк мааниге ээ болгон көркөм... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Сагынбек Самидин уулу экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иштерге байланышы тергелип жатканын билдирди: - Бул факт кылмыштарды каттоо боюнча реестрге жазылып, тергөөнү уюштуруу үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. 319-(«Коррупция») беренеси менен экс-президенттин тиешеси бар деп материалдар бөлүнүп алынган. Атайын кызматтын... Читать дальше...
Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Лондондо «Жалпы кызыкчылыктарды издөө» уюмунун кезектеги жыйынына катышууда. Бүгүн, 17-июнда Бириккен Королдуктун өкмөтү менен тынчтык орнотуу тармагындагы кызматташтыктын 20 жылдыгына карата сыйлык тапшыруу салтанаты өтөт. Бул сыйлык чыр-чатактарды басууга, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана тынчтык орнотууга салымын кошкон ишмерлерге берилет. Сыйлыктын 2018-жылдагы лауреаты Отунбаева быйылкы сыйлыкты Шри-Ланканын мурдагы президенти Чандрика Бандаранаике Кумаратунга айымга тапшырат. Читать дальше...
Иран 27-июндан тартып байытылган урандын көлөмүн көбөйтөрүн дүйшөмбүдө, 17-июнда Атом энергиясы боюнча агенттиктин (МАГАТЭ) башчысы Бехруз Камалванди билдирди. Анын айтымында, бул 2015-жылы Тегеран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн байытылган урандын көлөмүн дагы 300 килограммга көбөйтүү деген сөз. Мунун алдында Ирандын президенти Хасан Роухани эгер өзөктүк макулдашууга кол койгон тараптар эч кандай «оң» белги бербесе, Тегеран документте белгиленген шарттарды ишке ашыруудан баш тарта берерин билдирген. Читать дальше...
Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын алгачкы жыйыны өтүп жатат.
Европа Биримдиги Борбор Азиядагы мамлекеттер менен кызматташууну тереңдетүү боюнча жаңы стратегия кабыл алды. Бул документ бүгүн Европа Кенешинин Люксембургдагы жыйынында кабыл алынды. Бул кеңешке Европа Биримдигинин курамындагы 28 өлкөнүн жетекчилери кирет. Жаңы стратегияда Европа Биримдигинин Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыгынын жаңы максаттары, милдеттери камтылган. - Жаны стратегияда Европа Биримдиги Борбор Азияда реформаларды ишке ашырууга көмөктөшүүнү жана аларды бекемдөөнү каалайт. Читать дальше...
Тажикстандын борбор шаары Дүйшөмбүнүн көчөлөрүндөгү, коомдук жайлардагы видеого каттаган камераларга жакында адамдардын жүзүн таанып-аныктай турган система киргизилет. Мындай система алгач эл аралык аэропортто, ири соода борборлору менен базарларда, темир жол бекети өңдүү адамдар көп чогулган коомдук жайларга коюлган камераларга орнотулат. Тажик бийлиги бул саамалык шаардагы кылмыштуулукту азайтууга, жоголгон жарандарды табууга жардам берерин айтууда. Тажикстанда «Коопсуз шаар» долбоору 2013-жылы башталган. Читать дальше...
Асел Кодураңова жетекчилик кылган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын айыптарына мындай жооп берди: - Экс-президент менен сүйлөштүм. Ал муну болбогон нерсе жана Матраимов-Жээнбеков кланы башында турган коррупциядан коомчулуктун көңүлүн башка жака буруу аракети катары баалады. Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын алгачкы жыйыны өттү. Читать дальше...
Велосипедде жүрүү өзүнчө ырахат. Ал ыңгайлуу, ылдам жана ден соолукка пайдалуу. Абаны, айлана-чөйрөнү булгабайт. Автоунааларга салыштырмалуу баасы да арзан, бензинге да акча коротпойсуң.
Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары Мырзалы Жумаевдин айтымында, «Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тиешеси бар» деген көрсөтмө бар. Жумаев муну парламент депутаты Каныбек Иманалиевдин суроосуна жооп берип жатып айтты. «Бул иш ИИМдин Тергөө кызматында. Тергөө учурунда мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов сурак протоколунда «Батукаевди бошотууга Атамбаевдин катышы бар» деп көрсөтүп кетип атат. «Тапшырма берилген» деп». Читать дальше...
Соң-Көлдө туристтерге замапбап эс алуучу жайды ачып жаткан жеке ишкер жергиликтүүлөрдүн коркутуусуна кабылды. Алар ишкерге "беш күндүн ичинде көчүп кетпесең, боз үйлөрүңдү өрттөп кетебиз" деп айтышкан. Милиция териштирүү иштерин баштады. Ал эми Ак-Талаа районунун Куртка айылынын тургундары коркутуу болбогонун, "экологияга аяр мамиле кылбай жатасыңар" деген гана сөз болгонун айтууда.
Орусиянын Сахалин облусунда патент менен иштеген мигранттарды жумушка алууга тыюу салынган тармактардын тизмеси кеңейди. Эмгек жана калкты жумуш менен камсыз кылуу боюнча облустук агенттиктин маалыматына ылайык, маселен, ландшафт жасалгалоо, жарандарга иш таап берүү жана жарнама агенттиктерине чет өлкөлүк жарандарды ишке кабыл алууга болбойт. Былтыр жыл соңунда губернатор Валерий Лимаренко патент менен иштеген мигранттарга билим берүү, азык-түлүк өндүрүү жана башка тармактарга кирүүгө тыюу салган буйрукка кол койгон. Читать дальше...