Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Июнь
2019

Новости за 18.06.2019

Атамбаевге коюлган айып, КСДПнын жообу

Azattyk.org 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратып, ага айып тагуунун жол-жобосун караган депутаттык комиссиянын корутундусун парламенттин эки комитети колдоду. Мурдагы өлкө башчыга алты оор кине тагылды. Ал эми КСДП Атамбаевге коюлган айыптарды «курулай сөз жана эч бир документ менен негизделген эмес» деп баалады.

«Kloop» менен кошо даярдалган долбоор «Канн» фестивалында алтын байге алды

Azattyk.org 

Кыргызстандагы «Kloop.kg» сайты менен «Leo Burnett Moscow» агенттиги чогуу өткөргөн социалдык акция Канн фестивалында «Сырткы жарнама» номинациясы боюнча жеңишке жетип, алтын байге алды. Бул тууралуу аталган сайт кабарлады. Былтыр ноябрь-декабрь айларында «Kloop.kg» сайты менен «Leo Burnett Moscow» кыз ала качууга каршы «Көшөгө», «Мен «макул» деп айткан эмесмин» аттуу социалдык акция өткөрүшкөн. Анын максаты кыз ала качуунун кылмыш экенин элге жеткирүү болгон.  Акцияда ала качууну баштан кечирген... Читать дальше...

«Кыргыз почтасы»: Интернеттен алынган товарларды жеткирүү тездейт

Azattyk.org 

«Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасына заманбап 18 автоунаа берилди.  Бүгүн, 18-июнда Бишкекте автоунааларды тапшыруу аземинде «Кыргыз почтасы»​ ишканасынын жетекчиси Марс Наспеков бул техника каражаттары мекеменин ишин илгерилете турганын билдирди. Ал мындан ары «Кыргыз почтасы»​ Кытайдын Кашкар шаарына чейин жете турган өлкөдөгү жалгыз ишканага айланарын айтты. Наспеков Кытайдын Интернеттеги дүкөндөрүнөн алдырыла турган товарларды жеткирүүнүн мөөнөтү да 15-20 күнгө чейин кыскара турганын кошумчалады. Читать дальше...

«Боингди» атып түшүргөн шектүү адамдардын ысымдары аталат

Azattyk.org 

Донбасстын үстүнөн учуп бараткан жүргүнчү ташыган «Боингдин» кулашын иликтеген Эл аралык бирдиктүү тергөө тобу ушул шаршембиде 4 шектүү адамдын аттарын атайт деп күтүлүүдө. Бул тууралуу билдирген Украинанын тышкы иштер министринин орун басары Елена Зеркаль маалыматтын булагын атаган жок. Тергөө тобу жана Нидерландынын сот органдары Зеркалдын сөздөрүнө комментарий бере элек. Буга чейинки расмий билдирүүдө шаршемби күнкү басма сөз жыйынында иликтөөдө аныкталган жаңы маалыматтар берилери айтылган. Жана... Читать дальше...

Бишкекте эмерек цехтен чыккан өрт өчүрүлдү

Azattyk.org 

Бишкектин Октябрь районундагы Матросов көчөсүндө жайгашкан эмерек цехинде бүгүн, 18-июнда  саат 16 чамасында өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, тилсиз жоо  саат 17:45те толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен эмерек цехинин 300 чарчы метр аянты күйүп кетти.

Евробиримдик уран калдыктарын зыянсыздандырууга көмөктөшөт

Azattyk.org 

Европа Биримдиги Кыргызстандагы уран калдыктарын зыянсыздандырууга жана айлана-чөйрөнү калыбына келтирүүгө жардам берет. Бул тууралуу Европа комиссиясынын өкүлү Паскаль Даурес билдирди. Даурестин айтымында, Европа Биримдиги Борбор Азиядагы айлана-чөйрөнү калыбына келтирүү боюнча атайын программа иштеп чыккан. Анын алкагында Борбор Азиядагы уран калдыктары көмүлгөн жети жай тандалып алынган. Анын ичине Кыргызстандагы Миң-Куш, Майлуу-Суу, Шекафтар тандалып алынган. Еврокомиссиянын өкүлү бул программаны... Читать дальше...

Кадыралиевдин иши кыскарып тынды

Azattyk.org 

Мурдагы прокуратура кызматкери Канжар Кадыралиевге карата чыккан райондук соттун өкүмүн жокко чыгарууну суранып жабырлануучу ишкерлер Бишкек шаардык сотуна кайрылмай болушту.



Орусияда 5 Крым татары соттолду

Azattyk.org 

Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында Түндүк Кавказ аймагынын аскердик соту 5 Крым татарын экстремизмге байланыштуу айыптап, узак жылдарга түрмөгө кести. Алар 2017-жылы үйлөрүндө тинтүү жүргөндөн кийин кармалып, Орусияда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» уюмуна мүчө болгон деген айып коюлган. Теймур Абдуллаев аттуу киши «Симферополдо бул уюмдун бөлүмүн түзгөн» деп айыпталган. Прокуратура бардыгын 17 жылдан 11 жылга чейин эркинен ажыратууну суранды. Абдуллаев 17 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кесилди... Читать дальше...

Каргаша чакырган капкаксыз чуңкурлар

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын көзү азиз тургуну капкагы жок люкка түшүп кетип, жараат алып ооруканага жаткырылды. Бул кырсык үчүн жабырлануучу Бишкек шаардык мэрияны айыптап, укук коргоо органына арыз менен кайрылды. Бишкектин көчөлөрүн бойлото жер алдына жаткырылган суу түтүктөрүн көзөмөлдөп, текшерип туруу максатында коюлган чоюн капкактуу люктарды жаза басып алып же түшүп кетип кырсыктаган учурлар буга чейин да болуп келген.

Кетмен-Төбөдөгү илең-салаң турмуш

Azattyk.org 

Кара-Көл шаарына караштуу Кетмен-Төбө айылдык аймак башкармалыгынын кызматкерлери акыркы беш жылдан бери коркунуч жараткан имаратта эмгектенип келет. Санитардык эпидемиологиялык кызматтын быйыл март айында “Имарат ичинде иштөөгө болбойт” деп берген кезектеги билдирмеси аткарылбай турат. Мындан сырткары айылдагы башка социалдык объекттер кароосуз калып, четинен талкалана баштады.

Ошто базардын ордуна аллея курулуп жатат

Azattyk.org 

Ош шаарындагы Кулатов кичирайонундагы чакан базардын ордуна курулуучу аллеянын жер алдындагы коммуникация иштери аяктап калды. Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсатаровдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, аллея күзүндө пайдаланууга берилет. Анын айтымында, аллея мэриянын бюджетинен курулат, ага «Нурзаман» курулуш компанисы көмөк көрсөтүүдө. Мэриянын маалыматы боюнча базардын ордуна курулуп жаткан аллеянын узундугу 850 метрди түзөт. Ага бак тигилип, отургучтар орнотулат. Оштогу Кулатов кичи районунда базарды сүрүп... Читать дальше...

Экс-президент Мурси сотто көз жумду

Azattyk.org 

АКШ Ирандын аймактагы кастык аракеттерине жооп чара катары Жакынкы Чыгышка бир миң аскер жөнөткөнү турат. Египеттин экс-президенти, "Мусулман агайындар" кыймылынын мурдагы башчысы Мухаммад Мурсинин сөөгү жерге берилди. УЕФАнын мурдагы төрагасы Мишел Платини коррупция ишине байланыштуу кармалды.

Мамдума СССР менен АКШ түзгөн келишимден чыгууну караган мыйзам кабыл алды

Azattyk.org 

Орусиянын Мамлекеттик Думасы орто жана жакын аралыкка учуучу ракетеларды жок кылуу тууралуу келишимди токтотуу жөнүндө мыйзамды кабыл алды. Макулдашууга 1987-жылы СССР менен АКШнын лидерлери кол коюшкан. Президент Владимир Путин документтин аткарылышын токтотуу тууралуу мыйзам долбоорун майдын этегинде Думанын кароосуна сунуш кылган. Анын алдында, февралда АКШ келишимден чыгуу жараянын баштаган. Вашингтон Орусиянын «9М729 Новатор» деген жаңы ракетасы документтеги шарттарды бузат деп эсептейт. Читать дальше...

Атамбаевге коюлуп жаткан кинелерди парламенттин эки комитети тең колдоду

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жоопко тартыш үчүн кол тийбестиктен ажыратуу маселесин бүгүн 18-июнда Жогорку Кеңештин эки комитети тең удаа карап, дароо макулдугун беришти. Кол тийбестик боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссиянын корутундусун адегенде Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети карады. Андан кийин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти боюнча комитетте талкууланды. Эми маселе парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат. Читать дальше...

«Бир адамдан бир китеп» аймак аралады

Azattyk.org 

Бүгүнкү күндө «Бир адамдан бир китеп» долбоору республика боюнча жайылып, учурда 50дөн ашык китепкана 40 миңге жакын жаңы адабият менен толукталды.

19-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

19-июнда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз... Читать дальше...

Кодуранова: Атамбаевдин маселесин парламент кеминде 2,5 ай карашы керек эле

Azattyk.org 

«Жогорку Кеңеш мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу аракетинде мыйзамдык нормаларды бузуп жатат» деп билдирди бүгүн 18-июнда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Атамбаевди колдогон КСДПнын жетекчисинин милдетин аткаруучу Асел Кодуранова.  - Кандай жол менен болсо да депутаттар жайкы каникулга кеткенче Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратууга аракет кылып жатышат. Мөөнөттөр бузулууда. Биз эсептесек, кеминде 2-2,5 ай убакыт кетмек, - деди ал.  Ошондой эле Кодуранова... Читать дальше...

Кытай АКШны Иранга «ашыкча кысым» көргөзбөөгө чакырды

Azattyk.org 

Кытай Кошмо Штаттарды Иранга көрсөтүлгөн «кысымдын ашыкча ыкмаларын» жеңилдетүүгө чакырды. Кытайдын тышкы иштер министри Ваң И Сириянын башкы дипломаты менен кездешүүдөн кийин Иранды өзөктүк келишимде кала берүүгө үндөдү. - Биз бардык тараптарды сабырдуу болууга, кандайдыр тирешүүгө алып бара турган кадамдарды жасабоого чакырабыз, - деди Ван И. АКШ Иранды мунай ташыган танкерлерге коюлган чабуул үчүн кайрадан айыптап, Жакынкы Чыгышка миңдей аскер жөнөткөнү турат. Бул тууралуу буйрукка коргоо... Читать дальше...

Дүйнө калкы картайып баратат

Azattyk.org 

2050-жылга карай Жер шаарында 9 миллиард 700 миллиондой киши жашап калат. Бирок калктын өсүү темпи төмөндөп, бир топ өлкөлөрдүн эли картаят. Мындай тыянак БУУнун жаңы докладында айтылат. Документте Индия 2027-жылга барып калк жагынан Кытайдан озуп чыгары, Африканын түштүгүндөгү өлкөлөрдө калктын саны эки эсеге өсөрү белгиленген. Индиядан тышкары Пакистан, Нигерия, Конго Демократиялык республикасы, Эфиопия, Танзания, Индонезия, Египет жана АКШда калктын саны көбөймөкчү. Ошол эле маалда глобалдык алкакта балдардын төрөлүшү азаят. Читать дальше...

Орозбек Опумбаев УКМК төрагасы болду

Azattyk.org 

Орозбек Опумбаев Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка 18-июнда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койду. Буга чейин Опумбаев төраганын биринчи орун басары, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгын жетекчиси болуп иштеген, өкмөттүн аппаратында да эмгектенген. УКМКнын мурдагы жетекчиси Идрис Кадыркулов 15-майда паспорт, тендер чырына байланыштуу кызматтан кеткен. (RK)

Депкомиссия Атамбаевге алты айып такты

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселесин кароо үчүн түзүлгөн атайын убактылуу депутаттык комиссия өз корутундусун чыгарды.

Атамбаевдин кол тийбестиги тууралуу маселе парламенттин жалпы жыйынына коюлат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун парламенттин жалпы жыйынына алып чыгууга макулдугун берди. Ага чейин бул маселе Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти боюнча комитетте да каралат. Комиссиянын корутундусунда демилгелүү топтун кайрылуусунда көрсөтүлгөн... Читать дальше...

УЕФАнын мурдагы төрагасы Платини кармалды

Azattyk.org 

УЕФАнын мурдагы төрагасы Мишел Платини коррупциялык иштерге байланыштуу кармалды. «Le Monde» басылмасы кабарлагандай, сөз 2022-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтө турган мамлекетти тандоодо болгон болжолдуу коррупциялык ишке байланыштуу болуп жатат. Ушундай эле шек менен Франциянын мурдагы ички иштер министри Клод Геан да сурак берип чыкканы маалым болду. 2010-жылдын соңунда ФИФАнын аткаруу комитети өткөргөн добуш берүүнүн жыйынтыгында чемпионатты өткөрүү укугун Катар алган. 2018-жылкы мундиаль Орусияда өтөрү маалым болгон. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *