Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Июнь
2019

Новости за 21.06.2019

Бакир Таиров: Матраимов менен байланышым жок

Azattyk.org 

“Азаттык” Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллардын бир бөлүгүн алган "АКА Петролеум" компаниясы менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын башчысы

"АКА Петролеум", Финпол жетекчиси жана экс-президенттин байланышы

Azattyk.org 

“Азаттык” Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларды алган тараптардын бири "АКА Петролеум" компаниясы менен Финансы полициясынын башчысы Бакир Таировдун туугандарынын байланышы бар экенин тактады.

Салянова августка чейин камакта калды

Azattyk.org 

21-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурдагы башкы прокурор Аида Салянованы 26-августка чейин камакта калтыруу тууралуу чечим кабыл алды. Бул жөнүндө адвокаты Рабига Сыдыкова билдирди.

Аида Салянова 26-августка чейин камакта калды (видео)

Azattyk.org 

21-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурдагы башкы прокурор Аида Салянованы 26-августка чейин камакта калтыруу тууралуу чечим кабыл алды. Бул жөнүндө адвокаты Рабига Сыдыкова билдирди. 5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Аида Салянованын бөгөт чарасын карап, аны 26-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган. Мурдагы депутат кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары 3-июнда камакка алынган.

Өзбекстанда биринчи жолу аял Сенаттын төрайымы болуп шайланды

Azattyk.org 

Өзбекстан тарыхында биринчи жолу аял парламенттин жогорку палатасы – Сенатты жетектөөгө шайланды. 21-июнда сенаторлор президент Шавкат Мирзиёев сунуш кылган Танзиля Норбоеванын талапкерлигин колдошоту. Норбоева премьер-министрдин орун басары жана өкмөттүн Аялдар боюнча комитетининин башчысы болчу. Сенаттын мурдагы төрагасы Нигматулла Юлдошев 20-июнда башкы прокурор болуп дайындалган. Мурда бул кызматты аркалаган Отабек Муродов иштен алынган. Мирзиёев жума күнү ага паракорлук боюнча айып тагылганын билдирди.

"Азаттык+": Саясаттагы жаштардын биримдиги

Azattyk.org 

"Азаттык+" бул жолу жаш саясатчылар менен алардын мамлекетти башкаруудагы орду жана ролу тууралуу баарлашты. 2020-жылда өтө турган парламенттик шайлоодо жаштар кандай күчкө ээ болоорун берүүдөн көрүңүз.

Трамп Иранга каршы сокку уруу буйругун бергенин бышыктады

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп америкалык дрондун атып түшүрүлүшүнө жооп иретинде Иранга каршы сокку уруу буйругун бергенин бышыктады. 21-июндагы бир нече твитинде президент Ирандагы үч жайга соккуну чабуулга 10 мүнөт калганда токтотконун, себеби 150дөй киши өлүшү мүмкүн деген маалымат түшкөнүн жазды. Президент муну "ашыкча" чара деп сыпаттарын айтты. Мунун алдында Тегеран 20-июнда атып түшүрүлгөн АКШнын пилотсуз учагы Ирандын аба мейкиндигин бузганынын "талашсыз" далилдери бар деп билдирген. Ирандын... Читать дальше...

Шамил Атахановду үй камагында кармоо мөөнөтү узартылды (видео)

Azattyk.org 

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу үй камагына алынган мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун үй камагындагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Атаханов Бишкектин Биринчи май райондук сотунан чыгып бараткан учурда журналисттерге билдирди. Бирок Биринчи май райондук соту бул кабарды ырастай элек.  Ал судья үй камагын канча убакытка узартканын так айткан жок. Атахановду бир нече укук коргоо органдарынын кызматкерлери коштоп кирип, алып чыгып кетишти. Маалыматка ылайык... Читать дальше...



Жалал-Абадда жайлоодо жоголуп кеткен бала табылды

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Тоскоол-Ата токой чарбасынын Жерде-Айгыр жайлоосунда жоголуп кеткен 12 жаштагы бала 21-июнда саат 17:35те табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, өспүрүм 20-июнь күнү келбей калган. Издөө иш-чараларын жүргүзүүгө аталган министрликтин Майлуу-Суу шаардык №83 жана Ноокен райондук №55 куткаруучулар бөлүмүнөн 12, беш милиция кызматкери тартылды. Табылган бала ата-энесине өткөрүлүп берилди. Абалы жакшы. Читать дальше...

Грузин парламентинин төрагасы кызматынан кетти

Azattyk.org 

Грузия парламентинин спикери Ираклий Кобахидзе кызматынан кетти. Анын билдирүүсүн 21-июнда башкаруудагы "Грузин кыялы" партиясынын баш катчысы, Тбилиси шаарынын мэри Каха Каладзе партия жетекчилигинин жыйынынан кийин журналисттерге окуп берди. Оппозиция лидерлери Кобахидзени жана ички иштер министрин кызматтан кетүүгө үндөп, бүгүн кайрадан көчөгө чыгышарын эскертишкен. Демонстранттар ошондой эле мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда. Өкмөт 20-июнда кечинде жана жумага... Читать дальше...

Ошто лөлү тектүүлөргө кайырчылык боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Azattyk.org 

Кайырчылыкка каршы күрөшүү чарасынын алкагында Ош мэриясынын өкүлдөрү Кара-Суу районундагы Нариман айыл башкармалыгынын жетекчилери менен чогуу лөлү тектүүлөр жашаган аймакта түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Анда жергиликтүү бийлик тарабынан лөлү тектүүлөрдү мыйзам чегинде ишке чегерүү аракети болору тууралуу маалымат берилди. Мунун алкагында аларды кыска мөөнөттүү кесиптик окуу жайларга окутуп, андан кийин иш менен камсыз кылуу сунушталды. Шаардын вице-мэри Нурбек Кадыровдун журналисттерге билдиргени боюнча... Читать дальше...

Тбилиси тынч эмес

Azattyk.org 

Тбилисиде түнү менен нааразылык акциялары өттү. Элдин нааразылыгына орусиялык депутат-коммунист Сергей Гавриловдун Тбилисидеги сапары учурунда спикердин ордуна отурганы себеп болду.

Мигранттын өмүрүн кыйган мушташ боюнча эки кыргызстандык кармалды

Azattyk.org 

Орусиянын баш калаасы Москвада киши өмүрүн алган калайман мушташ боюнча Кыргызстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу Орусиянын күч кызматтарына таянып, Кыргызстандын Ички иштер министрлиги билдирди. Билдирүүдө айтылгандай, кармалгандардын экөө тең Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары. Бири 20 жашта, экинчиси 21 жашта. 19-июнда таңга жуук Москванын «Электрозаводская» метросунун айланасында кыргызстандыктардын ортосунда калайман мушташ болгон. Анда Кыргызстандын жараны бычак жеп ошол жерде каза тапкан. Читать дальше...

Жамгырды күткөн өрт өчүрүүчүлөр

Azattyk.org 

Кара-Көл шаарына караштуу Кетмен-Төбө өрткө каршы куткаруу бөлүмү аймакта суунун жоктугунан жамгырдын суусун атайын бакка топтойт. Тогуз жыл мурда ачылган өрткө каршы бөлүмгө ушул кезге чейин суу жеткириле элек. Буга чейин Кетмен-Төбөдөгү эки көп кабаттуу үй суунун жоктугунан күйүп кеткен.

22-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 22-июнда түнкүсүн жамгыр, бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй, Талас облустарынын айрым аймактарында жамгыр жаап, тоолуу райондордо кар түшөт. Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16...21, күндүз 25...30, Талас жергесинде түнкүсүн 13...18... Читать дальше...

Азияда чочко ылаңы жайылууда

Azattyk.org 

Азия өлкөлөрүндө өтө кооптуу чочко ылаңы жайылып жатат. Кытайда миллионго жакын чочко кырылды. Айрым эксперттер эпидемиялык кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн экенин эскертишти. Жаныбарлардын саламаттыгын коргоо боюнча эл аралык уюм 20-июнда Вьетнамда ылаңдан улам 2,6 миллион чочко жок кылынганын билдирди. Ылаң Лаос, Гонконг, Тайван, Түндүк Корея, Камбожа жана Монголияда да катталган. Адамдарга коопсуз ылаңдын дабасын ветеринарлар таба элек. Акыркы абалга байланыштуу чочко этинин баасы дүйнөдө 40% кымбаттап кетти. Читать дальше...

Бишкек ИИБ: Милиционер балтаны уурдаган эмес (видео)

Azattyk.org 

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы милиция кызматкери жеңине балтаны бекитип жатканы тартылган социалдык тармактардагы видеону комментарийледи. Мекеменин билдиргенине караганда, Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити өтүп жаткан күндөрү кызматкерлер чоң жолдордун жээгин күнү-түнү күзөтүшкөн. Көчөлөрдүн биринде алар кафе ээсине кайрылып, тамакты жылытып алуу үчүн идишин жана отун жарып алуу үчүн балтасын алып турууну суранган. Кафенин кожоюну милиционерди чарбанын короосуна кирүүгө жана ал жерде балта издөөгө уруксат берген. Читать дальше...

Сот Саакашвилиге украин парламентине ат салышууга уруксат берди

Azattyk.org 

21-июнда Киевдеги сот Грузиянын экс-президенти, Одесса облусунун мурдагы башчысы Михаил Саакашвилиге украин парламентине ат салышууга уруксат берди. Саясатчы сот залынан тартылган видеону "Фейсбуктагы" баракчасына жайгаштырып, чечимди "адилет" деп атады, өлкөдөгү “маанай өзгөргөнүн”, сотко басым болбогонун жазды. Мыйзамга ылайык, депутаттыкка ат салышуу үчүн талапкер акыркы беш жыл Украинада туруктуу жашоого тийиш. Саакашвили формалдуу түрдө бул талапты аткарган эмес, себеби былтыр февралда украин... Читать дальше...

Сулуу аялдын өкүтү

Azattyk.org 

Үй-бүлө турмушу өз ырааты, өз нугу менен өтүп кете берет экен. Анын ичинде жеке адамдын кайгысы менен кубанычы, арманы менен сүйүнүчү аралашып, мезгил бүктөмүндө калат.

Кыргызстанда «Улуттук башкаруучу компания» түзүлдү

Azattyk.org 

«Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коому түзүү боюнча  чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.  Өкмөт аппаратынан кабарлашкандай, бул чечим мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын өркүндөтүү максатында кабыл алынды. «Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коому Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык капиталына мамлекеттин 100 пайыз катышуусу менен түзүлүүдө. Анын бир акциясы 100 сом номиналдык наркы менен 100 миң жөнөкөй энчилүү акцияларга бөлүнгөн 10 миллион сом өлчөмүндө аныкталды. Читать дальше...

Евробиримдик Донбасс тургундарына орус паспортторун берүүгө камтама

Azattyk.org 

Брюсселдеги саммиттин биринчи күнүндө кабыл алынган коммюникеде Евробиримдиктин лидерлери Орусиянын Донбасстын жарандарына орус паспортун берүү чечими боюнча тынчсыздануусун билдиришти. Документте бул Минск келишимдеринин максаттарына каршы келери белгиленген. Мындан улам Европа Кеңеши Украинанын чыгышындагы кырдаалга жакшылап көз салууну улантарын жана буга байланыштуу чараларды кабыл алууну караштырарын Москвага эскертти. Апрель айынын соңунда Орусия президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы... Читать дальше...

Чеченстандык укук коргоочу Титиев абактан чыкты

Azattyk.org 

“Мемориал” укук коргоо борборунун Грозныйдагы бөлүмүнүн жетекчиси Оюб Титиев жума күнү эркиндикке чыкты. Бир нече күн мурун сот Титиевди мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу тууралуу чечим кабыл алган. 18-мартта сот аны маңзат сактоо беренеси боюнча төрт жылга колонияга кескен. Титиев 2018-жылдын январында кармалган. Тергөөчүлөр анын машинесинен кара куурай табылганын билдиришкен. Укук коргоочу жана “Мемориал” маңзатты ага полициячылар өздөрү салып коюшкан деп эсептешет. Титиев менен адвокаттары айыптоолорду четке кагып... Читать дальше...

Сириядан кайтарылган казакстандык мекенинде 8 жылга кесилди

Azattyk.org 

Казакстандын Орал (Уральск) шаардык сотук 20-июнда Сириядан кайтарылган Абай Хамзулиновду сегиз жылга эркинен ажыратты. Сот аны “террордук топтун ишмердүүлүгүнө кошулганы үчүн” күнөөлүү деп тапканын “Орол жумалыгы” басылмасы кабарлады. 19 жаштагы Хамзулинов Сириядагы туткундан январда бошотулуп, Казакстанга алып келинген. Тергөөнүн версиясына караганда, ал “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун катарында согушка катышкан. Туугандары мындай дооматтарды четке кагып, аны өспүрүм кезинде Сирияга атасы алып кеткенин... Читать дальше...

Грузин оппозициясы нааразылык акциясын улантат

Azattyk.org 

Грузин парламентинин алдындагы нааразылык акциясында полиция демонстранттарга каршы желим окторду жана көздөн жаш агызуучу газды колдонду. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Тбилисидеги кагылышта 30дай демонстрант, дагы 30дан ашык полиция кызматкери жаракат алган. "Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы окуяны чагылдырып жүргөн бир канча журналист да жабыр тартканын маалымдады.  Таңга маал Грузиянын күч түзүмдөрү кырдаалды толук көзөмөлгө алып, демонстранттар парламенттин аймагынан чыгып кетишти. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *