Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Июнь
2019

Новости за 28.06.2019

Мэй Путинди "жоопкерчиликсиз аракеттерди" токтотууга чакырды

Azattyk.org 

Жапониянын Осака шаарында өткөн "Чоң жыйырманын" саммитинин алкагында Британиянын премьер-министри Тереза Мэй менен Орусиянын лидери Владимир Путин сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Мэй Путинге эки өлкөнүн алакалары Москва башка жолду тандаганда гана оңолушу мүмкүн экенин айтты. Ал ошондой эле орус президентин эгерде мурдагы орусиялык агент Сергей Скрипал менен анын кызынын ууландырылышына байланыштуу начарлап кеткен эки өлкөнүн алакаларын жакшыртууну кааласа, "жоопкерчиликсиз жана дестабилдештирүүчү аракеттерди" токтотууга үндөдү. Читать дальше...

Жаштарды сынаган «Жаш булак»

Azattyk.org 

«Азаттык+» бул жолу Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосундагы «Жаш булак» лагеринде болду. Бул лагерге Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан, Орусия, Беларус жана Өзбекстандан жигердүү 250 улан-кыз келди. Алар Кырчын жайлоосунда эң үнөмдүү шартта жашашат.

Саляновдун өлүмүндөгү саясий өңүт

Azattyk.org 

Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук териштирүү кийинкиге жылды.

Оштон Көлгө жеткирген каттам

Azattyk.org 

Жайкы туристтик сезонго карата Ош аба майданынан «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна каттам кайра жанданды.

Стамбулдун жаңы мэри ишке киришти

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин Осака шаарында кездешти. Стамбулдагы мэр шайлоодо бийликтин талапкерин жеңип чыккан оппозициянын өкүлү Экрем Имамоглу кызматка киришти.

Италияда 43 адамдын өмүрүн алган көпүрө толугу менен жок кылынды

Azattyk.org 

Италиядагы Генуя шаарындагы Моранди көпүрөсүнүн калдыктары толугу менен жок кылынды. Өткөн жылдын август айында көпүрө кулап, 43 адам ажал тапкан. 45 метр бийиктиктеги эски конструкциянын калдыктарын жок кылыш үчүн адистер жарым тонна жардыруучу зат колдонушкан. Жардыруунун алдында бийлик жакын айланадагы 3,5 миңдей адамды убактылуу коопсуз аймактарга көчүрдү. Өткөн кылымдын 60-жылдары курулган Моранди көпүрөсү үйлөрдүн жана темир жолдун үстүнөн өтчү. Былтыр 14-августта шашке ченде анын темир жолдун үстүндөгү... Читать дальше...

Самаев: "Чемпион" деген ат бала кезде коюлган

Azattyk.org 

Кыргыз-казак чек арасындагы аткезчилик жана буга байланыштуу атышууда аты аталган депутат Урматбек Самаев парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары болуп шайланды.



Түштүк Кореядагы мигранттар Өзбекстанга 34,4 млн. доллар которушкан

Azattyk.org 

Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук банкы 28-июнда жарыялаган баяндамада айтылат. Өзбекстанга жарандары которгон акчанын көлөмү боюнча алдыңкы үч орунда АКШ, Түркия жана Түштүк Корея мамлекеттери турат. Быйылкы жылдын биринчи кварталында Сеулдан Ташкентке 34,4 млн. доллар которулган. Бул былтыркы жылдын ушул маалына караганда 57% көп. Түштүк Кореяда иштеген өзбекстандыктардын саны жылдан жылга өсүп жатат. Расмий маалыматтарга караганда, 2017-жылы Түштүк Кореяда мыйзамдуу иштеген өзбек мигранттардын саны 63 миңге жакын болсо... Читать дальше...

Диний иденттүүлүктүн илимдеги орду

Azattyk.org 

“Биз жана дин” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында дин жана социология, “диний иденттүүлүк” деген илимий аталыштарды талдаган маекке көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Жалал-Абадда үч тургун милиционерлердин үстүнөн даттанышты

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун үч тургуну милиция кызматкерлеринин басымына кабылып келатканын айтып чыгышты. 28-июнда алар басма сөз жыйын уюштурушту.  Жабыркадык дегендердин бири Давран Хасанов быйыл жазында көчөдө бараткан жеринен аны милиция кызматкерлери токтотуп, документин сураганын, паспорту жок болгондуктан бөлүмчөгө алып кетишкенин айтты:  - Чөнтөгүмдөн бардык нерсемди столдун үстүнө койдум. Бир милиционер өзү чөнтөгүмө колун салып, маңзат алып чыкты. Анан башка бир ишкердин атын атап, "ошол... Читать дальше...

Нышанов: «Текебаев Атамбаевден сыйлык алып берген»

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов мурдагы президент Курманбек Бакиевди парламенттик шайлоодо кантип утуп чыкканын жана андан кийин чоң саясатка аралашып бийликтин басымына кабылганын «Бийлик сырлары» көрсөтүүсүндө айтып берди. Ошондой эле ал 2010-жылдан кийин саясаттагы чоң өзгөрүүлөр жөнүндө кеп кылып, кийин президент Атамбаевге «Эл баатыры» наамын ыйгаруу боюнча демилге көтөрүп, аны колдоп чыкканынын себептерин түшүндүрүп берди. Депутат Сайдулла Нышанов чынында... Читать дальше...

"Газпром" мектепти бергиси келбей турат

Azattyk.org 

"Газпром-Кыргызстан" компаниясы Бишкек шаарына куруп берген мектебин өзүнө 20 жылга берүүнү сурады. Азырынча Бишкек шаардык мэриясы компаниянын суранычына расмий жооп бере элек. Бирок "Газпромдун" бул сунушун Жогорку Кеңештин депутаты сынга алды.

Өзгөндүк окуучулар жолчырак жасашты

Azattyk.org 

Өзгөндөн келген бул окуучулар Кыргызстанда жасалган биринчи жолчырактын макетин даярдап бүтүштү. Алар жакын арада бул макетти кадимки жолчыракка айлантып өздөрү туулуп-өскөн айылына орнотууну пландап жатышат.

Ысык-Көлдө өзбекстандык аял чөгүп кетти

Azattyk.org 

Ысык-Көлдө Өзбекстандан келип эс алып жүргөн аял чөгүп кетти. Окуя 28-июнда күндүз саат экилерде болду. "Тез жардам" кызматы 1950-жылы төрөлгөн Татьяна Линин өлүмүн каттады. Баштапкы маалыматтарга караганда, эс алуучу Ташкент шаарынан келген. Анын сөөгү аймактык оорукананын өлүкканасына жеткирилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Мындан тышкары милиция териштирүү иштерин баштады. Аял Бостери айылынын "Кыргыз деңизи" санаторийинде эс алып жаткан. Сөөгүн суудан куткаруучу алып чыккан. Бул... Читать дальше...

Эрика Марат: Кыргыз бийлиги мурункулардын катасын кайталоодо

Azattyk.org 

Кыргызстандын азыркы бийлиги мурункулардын катасын кайталап жатат. Мындай пикирин "Азаттык" радиосуна курган маегинде АКШда жашаган саясат талдоочу, Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин профессору Эрика Марат билдирди. Ал Кыргызстанда болуп жаткан азыркы саясий кырдаал жаңы оппозициячыл жүздөрдүн пайда болушуна шарт түзөт деп үмүттөнөрүн кошумчалады. Талдоочунун пикиринде, азыркы бийлик мурункулардын каталарын кайталап, мамлекеттик институттарды бекемдөө эмес, жеке мамилелерди териштирүү менен алек болууда. Читать дальше...

«Электр станциялары» ишканасына жаңы башкы директор дайындалды

Azattyk.org 

"Электр станциялары" ишканасына Таалайбек Толубаев башкы директор болуп дайындалды. Бул директорлор кеңешинин чечими экенин ишкананын басма сөз кызматы кабарлады.  Расмий маалыматка ылайык, Толубаев энергетика тармагында 1983-жылдан бери иштеп келатат.  Мурдагы башкы директору Аскар Эшимбеков быйыл мартта кайтыш болгон.  "Электр станциялары" - Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүп, жылуулук менен камсыздаган негизги ишкана. Курамына жети ГЭС, эки жылуулук электр борбору кирет.

Жээнбеков: Казынаны толтура албагандар жеке жоопкерчилик тартышы керек

Azattyk.org 

Мамлекеттик казынанын киреше бөлүгүн толук камсыз кылбаган мекемелердин жетекчилери жеке жоопкерчилик тартышы керек. Мындай талабын президент Сооронбай Жээнбеков 28-июнда өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин алдына койду. Президент республикалык бюджеттин толтурулушу боюнча пландык көрсөткүчтөрдү толук аткаруу жана мамлекеттик казынанын чыгаша бөлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи. Жолугушууда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча чаралар талкууланды. Быйылкы жылдын... Читать дальше...

Саляновдун өлүмүн териштирген сот отуруму башка күнгө жылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын экс-башкы прокурору, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмүн териштирген сот белгисиз мөөнөткө жылды. Буга айыпталуучу тараптын адвокаттары келбей калганы себеп болгонун Саляновдун жакындары "Азаттык" радиосуна билдиришти. Отурум 28-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтүшү керек эле.  Ички иштер министрлиги Саляновду өлтүрүү ишинде саясий өңүт бар болушу мүмкүн деген божомолдор каралып жатканын 26-июнда маалымдаган.  ... Читать дальше...

Матраимов парламент комитетиндеги кызматын улантууда

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты  Искендер Матраимов Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрайымынын орун басары кызматын улантууда. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди: - Искендер Матраимов комитеттин жетекчисинин орун басары. Ал эми экинчи орун басарлыкка кечээ Урматбек Самаев шайланган. Мурда бул орун бош болчу. Депутаттардын көпчүлүгү анын талапкерлигин колдошкон. Читать дальше...

АКШ: Президентикке үмүткөр демократтардын экинчи теледебаты өттү

Azattyk.org 

АКШда Демократиялык партиянын атынан президенттикке талапкер болууну көздөгөн саясатчылардын экинчи теледебаты өттү. 27-июндагы телетаймашка бул жолу да он талапкер катышты.  Эки миллионго чукул америкалык түз эфирде көргөн эки сааттык дебатта медициналык кызматтардын акысынын жогорулугу, айлык акыдагы теңсиздик сыяктуу маселелерге көбүрөөк көңүл бурулду. Баш-аягы 24 демократ 2020-жылы өтө турган шайлоодо республикачылардын жалгыз талапкери, азыркы президент Дональд Трампка атаандаш болууну көздөп турат. Читать дальше...

Трамп менен Путин саммитте жолугушту

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен “өтө жакшы” мамилелерин кубаттады. Трамп Путинди Америкадагы шайлоого кийлигишпөөгө чакырды.

Иркутск облусунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Azattyk.org 

Орусиянын Иркустк облусунда суу ташкындан улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Эки миңден ашуун турак жай, мектеп, оорукана суунун алдында калганын "Сибирь.Реалии" сайты жазды. Бир нече күндөн бери тынбай жааган нөшөрдөн улам жергиликтүү дарыяларда суу нугунан чыгып кеткен. Табият кырсыгы эки кишинин өмүрүн алганы кабарланды. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, облус боюнча он көпүрө бузулуп, 18 айыл-кыштак менен байланыш үзүлдү. Алыскы аймактардан тик учак менен жүздөй адам коопсуз аймактарга көчүрүлдү. Читать дальше...

"Apple" компаниясынын башкы дизайнери кызматтан кетет

Azattyk.org 

"Apple" компаниясынын башкы дизайнери Жонни Айв кызматтан кетип жатканын корпорациянын өкүлдөрү билдиришти. Маалыматтарга караганда, Айв өзүнүн дизайнерлик студиясын негиздөөнү чечкен. "LoveFrom" деп аталган студиянын башкы кардарларынын бири "Apple" компаниясы болору күтүлүүдө. Айв "Apple" компаниясы 90-жылдардын соңунда чыгарган түркүн-түстүү компьютерлерден баштап, бардык "iPhone" смартфондорунун дизайнын түзүүгө катышкан. Ал ошондой эле технологиялык гиганттын түптөөчүсү, маркум Стив Жобс... Читать дальше...

Караколдо үч жашар бала сууга агып кетти

Azattyk.org 

Караколдо үч жашар бала сууга агып, чарчап калды. Бул тууралуу Караколдун Кирпичный кичирайонунун тургуну Замира Оторбаева билдирди. Наристе суунун жээгинде ойноп жатып, байкабастан түшүп кеткен. Бала жеңил болгондуктан суунун агымы менен кетип, наристенин сөөгү жакынкы Ак-Суу районунун Жолколот айылынан табылды. Укук коргоо органдары тиешелүү иштерин жүргүзүп жатат. Окуя 28-июнда түштө болгон. Баланын сөөгүн суудан анын туугандары өздөрү таап чыгышкан. Азыр жээринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери иштеп жатат. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *