Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Июнь
2019

Новости за 14.06.2019

Ноокаттагы жаңы дем

Azattyk.org 

"Азаттык+" бул жолу Ноокаттын дымактуу тургундары, шаардыктардан кем калышпай, фитнес менен машыккан ноокаттык эжелер, эзели суу жетпеген Он-Эки-Белдеги жаңы конуштарга суу чыгарган Жигитали Рахманов, бала кезиндеги кыялына 63 жашында жеткен Мукум Матиков тууралуу айтып берет.

ШКУ "үч коркунучка" каршы күрөшөт

Azattyk.org 

Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун XIX саммити өтүп жатат. Ага катышуу үчүн уюмга мүчө Кытай, Индия, Орусия, Пакистан, Ооганстан жана Борбор Азиянын өлкөлөрү баштаган 12 мамлекеттин лидерлери Бишкекте чогулду. Анын жыйынтыгында коопсуздук маселелери боюнча Бишкек декларациясы кабыл алынды.

Кыргызстан менен Индиянын соодасы солгун

Azattyk.org 

2018-жылы Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү болгону 37 миллион долларды түзгөн. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өткөн Кыргызстан-Индия бизнес-форумунда айтты. Ишкерлердин жыйынында кыргыз бийлиги Индия менен соода-сатыкты жакшыртуу ниетин билдирип, инвесторлорду Кыргызстанга чакырды.

Молдова: Павел Филиптин өкмөтү отставкага кетмей болду

Azattyk.org 

Молдовада Демократиялык партиядан көрсөтүлгөн премьер-министр Павел Филиптин өкмөтү отставкага кетип жатат. Бул тууралуу партиянын вице-президенти Владимир Чеботарь 14-июнда Кишинёвдогу маалымат жыйынында билдирди. Ал партия Молдовадагы саясий кризисти курчутуп жибербөө үчүн мындай чечимге келгенин айтты. Молдова парламенти февраль айындагы шайлоодон бери коалиция түзө албай койгондон кийин 7-июнда өлкөнүн Конституциялык соту парламентти таратууну жана жаңы шайлоо өткөрүүнү буюрган. Сот бул... Читать дальше...

МАК: "Сухой Супержеттин" кырсыкташына чагылган себеп болгон

Azattyk.org 

Орусиядагы авиация тармагындагы иликтөөчүлөр өткөн айда Москванын Шереметьево аэропортунда «Сухой Супержет-100» учагы кабылган кырсыкка чагылган себеп болгонун билдиришти. Мамлекет аралык авиация комитетинин (МАК) 14-июнда жарыяланган корутундусунда айтылгандай, чагылгандан улам учактын автопилот системасы иштебей калган. Натыйжада «Сухой Супержет-100» тездик менен ылдыйлай баштаган. Мамлекет аралык авиация комитети - Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Жарандык авиация боюнча кеңешинин аткаруучу органы катары саналат. Читать дальше...

Роухани Бишкектен АКШны сындады

Azattyk.org 

Ирандын президенти Хасан Роухани Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкектеги саммитинде АКШ бийлигинин Тегеранга карата саясатын сындады. Вашингтон Оман булуңунда мунай ташып бараткан эки танкерге жасалган чабуул үчүн Иранды айыптады. Тегеран дооматтарды четке кагууда.

Трамп Оман булуңундагы чабуул боюнча Иранды айыптады

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп Оман булуңунда Жапония менен Норвегиянын мунай ташыган эки кемесине коюлган чабуул боюнча Иранды айыптады. Бейшемби күнү болгон чабуулду Тегеран уюштурганын Трамп 14-июнда "Фокс-Ньюс" телеканалындагы маегинде билдирди. Анын алдында Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы танкерлерге коюлган чабуулдагы Ирандын ролун айгинелейт деген видеону жарыялады. Бул видеодон Ирандын "Ислам революциясынын сакчылар корпусуна" таандык деген кайык бутага алынган... Читать дальше...

Тапанча менен видеого тартылып калган киши милицияга өзү келди

Azattyk.org 

Улуттук гвардиянын кызматкеринин күбөлүгүн көрсөтүп, курал көрсөткөн киши милицияга өзү келди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады. 28 жаштагы жаран (Ж.Т.) тасма 13-июнда, кечки саат ондо Ала-Арча суу сактагычында тартылганын айтты. Ал мас абалында болгонун, “аны белгисиз төрт адам жана аял келип, уруша баштагандыктан күбөлүгүн көрсөтүп, участкалык милиция экенин” мойнуна алды. Аларга оюнчук тапанчаны көрсөткөнүн, буга чейин эч качан ички иштер органдарында иштебегенин... Читать дальше...



Бээжин кыргыз азыгына эшигин ачты

Azattyk.org 

Кыргызстан тоо балын, кокон гиласын, буудай унун жана быштак баш болгон сүт азыктарын Кытайга экспорттой турганы маалым болду.

Жээнбеков индиялык ишкерлерди инвестиция салууга чакырды

Azattyk.org 

2018-жылы Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү болгону 37 миллион доллар болду. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан-Индия бизнес-форумунда айтты. Мамлекет башчы эки өлкөнүн соода кызматташтык жаатындагы дарамети толук колдонулбай жатканын белгиледи. "Азыркы кыргыз-индия соода-сатыгын бир кыйла жакшыртууга потенциал бар. Айрыкча кыргыз тараптын экологиялык жактан таза органикалык продукциясын Индияга экспорттоонун көлөмүн жогорулатса болот. Алар Индиянын... Читать дальше...

«Чанг Ан» банкы макамын насыялык компания кылып өзгөртүү чечимин кабыл алды

Azattyk.org 

Кыргызстандагы «Чанг Ан» инвестициялык банкынын акционерлери мекемени «Чанг Ан» чакан насыя компаниясы кылып кайра түзүү боюнча чечим кабыл алышты. Бул тууралуу компаниядан билдирүү алган Кыргыз фондулук биржасы кабарлады. Коммерциялык мекеменин акционерлери 13-июнда чогулушкан. Жыйында алар компаниянын юридикалык макамынан сырткары жобону жаңылоо жана директорлор кеңешинин курамын алмаштыруу бүтүмүнө келишкен. Ага ылайык, микрофинансылык компаниянын директорлор кеңешинин төрагасы болуп Алишер Мамасаидов... Читать дальше...

Ошто ишкер аялдардын жармаңкеси өтүп жатат

Azattyk.org 

“Евразиялык ишкер айымдар -2019” деген аталыштагы жармаңке-көргөзмө ишин 14-июнда баштады. Иш-чарага Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынан келген ишкер аялдар катышууда. Мындан тышкары Бишкек шаарынан, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй облустарынан, коңшулаш Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Казакстан, Армения, Кытай жана Монголиядан да ишкер айымдар чакырылган. «Евразиялык ишкер айымдар - 2019» жармаңкеси “Аш фестивалы” менен коштолду. Жармаңке-көргөзмөдө жергиликтүү жана чет элдик ишканалар өндүргөн кийим-кече... Читать дальше...

АКШ деңиздеги чабуулду Ирандан көрдү

Azattyk.org 

Оман булуңунда мунай ташып бараткан эки танкерге коюлган чабуул үчүн Иран жооптуу. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео билдирди. Анын айтымында, Кошмо Штаттар мындай тыянакка анда колдонулган куралдар боюнча алынган чалгын маалыматтарды изилдегенден кийин келген.

Бишкекте Кыргызстан-Индия ишкерлик форуму өтүп жатат

Azattyk.org 

Бишкекте Кыргызстан-Индия бизнес-форуму өтүп жатат. Жыйынга Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Индиянын премьер-министри Нарендра Моди катышууда. Кыргызстандын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Адылбек уулу Шумкарбектин маалыматына караганда, бизнес-форумга Индиядан 30дай ишкер, Кыргызстандан 150гө жакын бизнесмен келди. Анын айтымында, Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы жылдык соода алмашуу 40 миллион долларды түзөт. (BTo)

Салянованын адвокаты аны госпиталга которуу боюнча өтүнүч келтирди

Azattyk.org 

Экс-депутат, мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын адвокаты Рабига Сыдыкова саясатчыны абактан ооруканага которуу боюнча Мамлекеттик жаза аткаруу кызматына жана башка тиешелүү органдарга өтүнүч жиберди. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокат билдирди. “Аны дарыгерлер күн сайын келип текшерип жатат, "Тез жардам" да бир нече жолу келип кетти. Ага жүрөк кемтиги (порок сердца) диагнозу коюлган. Андан башка да өтө олуттуу диагноздор коюлган. Бул оорулар суук жерде жана стресстик абалда болгондо күчөйт экен. Читать дальше...

Бизнес-акыйкатчы кызматына беш талапкер ат салышууда

Azattyk.org 

Кыргызстанда бизнес-омбудсменди шайлоо 17-июнда болот. 13-июнга пландалган иш-чара Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине байланыштуу башка күнгө жылган. Бул кызматка, “Акчабар” порталынын маалыматына караганда, беш талапкер ат салышууда. Алар – Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Нурлан Мусуралиев, Эл аралык ишкер кеңештин мурдагы жетекчиси Актилек Түнгатаров, Улуттук ишкер кеңештин төрагасы Сергей Пономарев, президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Нурсулуу Ахметова жана Улуу Британиянын... Читать дальше...

Конгрессте орус газын бутага алган мыйзам долбоору сунушталды

Azattyk.org 

АКШ Конгрессиндеги республикачыл сенаторлордон турган топ Орусиянын газ куурлары боюнча долбооруна санкция сала турган мыйзам долбоорун сунуштады. Эгер колдоо тапса, бул документ орус газын Чыгыш Европа менен эмес, Балтика деңизи аркылуу Германияга жеткирүүнү көздөгөн "Түндүк агым - 2" долбоорунун ишин кечеңдетиши мүмкүн. Мыйзам долбоорунда белгиленгендей, Москвага энергия булактарын экспорттоого инвестиция же кызмат көрсөтүү аркылуу жардам берген тараптар "кара тизмеге" алынат. Вашингтон... Читать дальше...

Саакашвили шайлоого "Жаңы күчтөр кыймылын" баштап барат

Azattyk.org 

Грузиянын экс-президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили украин парламентине шайлоодо «Жаңы күчтөрдүн кыймылы» деген партияны баштап барат. Бейшемби күнү саясатчы Киевдеги атайын басма сөз жыйынында партиясынын талапкерлери менен тааныштырды. Саакашвили Жогорку Радага коалиция түзүү же соодалашуу үчүн эмес, өлкөнү өнүктүрүү үчүн баратканын билдирди. Бирок ага акыркы беш жылда Украинада жашабагандыктан, талапкер катары каттоодон өтпөй калышы мүмкүн. Саакашвили андай болсо... Читать дальше...

Бишкекте тапанча менен видеого түшкөн адам изделип жатат

Azattyk.org 

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жана Улуттук гвардия социалдык тармактарда тараган видеодогу адам алардын кызматкери эместигин тактаган билдирүү таратты. Эки мекеме тең жагдай боюнча териштирүү жүрүп жатканын, кийин толугураак маалымат берилерин кабарлашты. Милиция видеодо тартылган киши изделип жатканын кошумчалады. Мунун алдында "Фейсбук" жана башка түйүндөрдө өзүн “укук коргоо органдарынын кызматкери” деп тааныштырган мас адамдын видеосу жарыяланган. Анда ал “Тынчтыкбек Женишбек уулунун”... Читать дальше...

Левада: Орусияда Украинага терс көз караштагылардын саны азайды

Azattyk.org 

"Левада-борборунун" жаңы сурамжылоосу Орусияда Украина менен АКШны "душман мамлекет" деп эсептеген жарандардын саны азайганын көрсөттү. Май айында жүргүзүлүп, жыйынтыгы 14-июнда жарыяланган сурамжылоого ылайык, Кошмо Штаттарга карата терс көз караштагы орусиялыктардын саны былтыркыдан 11 пайызга азайып, быйыл 67 пайызды түздү. Украинаны кас маанайдагы өлкө деп эсептегендердин саны былтыр 49 пайыз болсо, быйыл 40 пайызга чейин азайды. "Левада-борборунун" директору Лев Гудков айрым орусиялыктар... Читать дальше...

Өзбекстан ШКУнун алгачкы экономикалык форумун Самаркандда өткөрүүгө чакырды

Azattyk.org 

Өзбекстан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алгачкы экономикалык форумун Самарканд шаарында өткөрүүнү сунуш кылат. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда Бишкекте аталган уюмдун башчыларынын саммитинде өзбек президенти Шавкат Мирзиёев билдирди: - Биз биринчи экономикалык форумду өткөрүүгө даярбыз. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн ишкерлери ортосунда аймактык деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп туруу керек. Бүгүн Бишкекте өткөн саммитке Кыргызстандан тышкары Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Тажикстандын президенттери жана Пакистандын... Читать дальше...

Моди ШКУга террорчулукка каршы эл аралык саммит өткөрүүнү сунуш кылды

Azattyk.org 

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди террорчулукка каршы эл аралык саммит өткөрүүнү сунуш кылды. Бүгүн 14-июнда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде сүйлөп жатып ал терроризмди колдогон өлкөлөрдү "изоляцияда калтыруу" керек экенин айтты. - Террорчуларга жардам берип, аларды каржылаган өлкөлөр жоопко тартылышы керек, - деди Моди. Ошондой эле ал аймактагы коопсуздукту камсыз кылууда Ооганстан маселеси өзгөчө мааниге ээ экенин айтты. "Нью-Дели досу Ооганстанга мындан ары да колдоосун... Читать дальше...

Сот “Бишкек жүргүнчүлөр автокомбинатын” мэрияга өткөрүп берди

Azattyk.org 

Бишкектин Октябрь райондук соту “Бишкек жүргүнчүлөр автокомбинатын” жана ага караштуу жер тилкесин алып-сатуу боюнча келишимди жокко чыгарып, мүлктү ага мурда ээлик кылган шаардык муниципалитетке кайтарган чечим кабыл алды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады. Соттун чечимине ылайык, шаардагы жалпы аянты 666,4 чарчы метрди түзгөн комплекс, 8001,3 чарчы метрди түзгөн имарат, 5,028 гектарды түзгөн жана 0,258 гектарды түзгөн жер тилкеси шаарга кайтарылды. “Бишкек жүргүнчүлөр автокомбинаты” коммуналдык... Читать дальше...

ШКУ саммити ишин жыйынтыктады

Azattyk.org 

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити Бишкек декларациясын кабыл алуу менен аяктады. Мындан тышкары маңзат соодасына каршы күрөшүү, санариптешүү жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, айлана-чөйрөнү коргоо, гуманитардык маселелерди жөнгө салуу, туризм, айыл чарба тармактары боюнча кызматташтыкты камтыган макулдашууларга кол коюлду. ШКУ катчылыгынын эл аралык "Астана" каржылык борбору, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасы жана Европа экономикалык комиссиясы менен кызматташуу меморандумдары кабыл алынды. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *