Казакстан: арыстыктар үйлөрүнө кайта башташты
Казакстандын Арыс шаарында ок-дары кампасындагы жарылуудан кийин коопсуз жактарга көчүрүлгөндөр үйлөрүнө кайта башташты. Жергиликтүү бийлик уюштурган автобустар Чымкент шаарында баш калкалап жаткан миңдеген адамдардын бир бөлүгүн 28-июнда таңкы саат алтыдан баштап Арыска жеткирүүгө киришти. 24-июнда Арыстагы жарылуудан үч киши мерт болуп, ондогон адам жаракат алды. Шаардын 45 миңге чукул жашоочусунун басымдуу бөлүгү коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Бир күн мурда арыстыктардын айрымдары шаарга кайтып барбай турганын билдиришип... Читать дальше...