Михаил Саакашвили депортация үчүн Путинди, Порошенкону айыптады
Грузиянын мурдагы президенти, Украинада оппозициячыл саясатчыга айланган Михаил Саакашвили 12-февралда Киевден Польшага депортацияланганына байланыштуу Facebook баракчасында видео билдирүү жасады.
“Мага каршы кылмыш иши толугу менен жалган. Путин, Порошенко жана Иванишвили менден кутулууну каалап жатышат”,- деген Саакашвили өз жактоочуларын тынчтыкка да чакырды. Ал Иванишвили дегенде Грузиянын мурдагы премьер-министри Бидзина Иванишвилини эске алды.
Украин чек ара кызматы Саакашвилинин өлкөдөн чыгарылганын ал Украинада мыйзамсыз жүргөндүгү менен түшүндүрдү. Оппозициячыл саясатчы Киевден Варшавга келгенин Польшанын Чек ара кызматы да ырастады. Мунун алдында Саакашвили Киевде аны “уурдагандар” тарабынан кармалып, аэропортко алынып кеткени тууралуу кабарлар түшкөн. Саакашвилинин тарапкерлеринин бири Дэвид Сакварелидзе саясатчыны ресторандан беткапчан белгисиз адамдар кармап, кичи автобус менен белгисиз тарапка алып кетишкенин маалымдаган.
Соңку окуя украин соту Грузиянын мурдагы президентинин ыктымал экстрадициядан коргонуу боюнча апелляциялык арызын четке каккандан бир жумадан кийин болду.
Буга чейин Михаил Саакашвили Киевде 8-декабрдын кечинде кармалып, Коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бирок сот 11-декабрда аны бошотуп, прокуратуранын өтүнүчүн колдогон эмес.
Украин бийлиги Саакашвилини "мурдагы президент, Орусияга качып кеткен Виктор Янукович башында турган кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө көмөк көрсөтүп, алардын былыктарын жашырган" деп айыптаган.
Украин бийликтери койгон айыптарды "абсурд" деп атаган Михаил Саакашвили "Жаңы күчтөр кыймылы" менен былтыр октябрь айынан бери Киевде нааразылык чараларын байма-бай уюштуруп, чатырларды тигип, президенттин кызматтан кетишин талап кылып келаткан.
Украин президенти Петро Порошенко Саакашвилиге 2015-жылдын 30-майында украин жарандыгын берип, Одесса облусунун губернатору кылып дайындаган. Бирок 2016-жылдын ноябрында Саакашвили кызматтан кетип, президенттин саясатына каршы чыккандан кийин Порошенко былтыр июлда аны жарандыктан ажыраткан.
Чек арада жасалган тоскоолдуктарга карабай Саакашвили Украина аймагына былтыр сентябрда Польша аркылуу өтүп келген.(UE)