Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2018

Новости за 24.02.2018

Ооганстанда талиптердин кол салуусунан 30 адам өлдү

Azattyk.org 

23-24-февралда Ооганстандын борбор шаары Кабул жана аймактарда талиптердин кол салуусунан кеминде 30 киши мерт болгонун Reuters агенттиги кабарлады. Ооган бийлигинин айтымында, каза болгондордун арасында аскер кызматындагылар жана жай тургундар бар. 24-февралда Кабулда НАТО өкүлчүлүгү менен АКШ элчилигинин имараты жайгашкан райондо жанкечти өзүн жардырып, эки киши өлгөн. Ошол эле күнү түнү бою жүргөн талиптер менен Ооганстандын аскерлеринин салгылашынан жыйырмадан ашуун киши каза тапты. (BCh)

Сирияга орусиялык эки Су-57 истребители конгону маалымдалды

Azattyk.org 

Сириялык активисттер социалдык тармактарда Орусиянын дагы эки Су-57 истребители Хмеймим авиабазасына конгонун кабарлашууда. Ошондо ал жерде учурда Су-57 моделиндеги төрт учагы турат. Буга чейин бешинчи муундагы эки истребителдин учуп келгени бейшемби күнү белгилүү болгон. Орусиянын Коргоо министрлиги бул боюнча комментарий берген жок. АКШнын Коргоо министрлиги Су-57нин учуп келиши, Орусиянын Сирияда аскер контингентин азайтуу боюнча билдирүүсүнө карама-каршы келет деп билдирүү таратты.

Сирияга орусиялык эки Су-57 тик учагы конгону маалымдалды

Azattyk.org 

Сириялык активисттер социалдык тармактарда Орусиянын дагы эки Су-57 тик учагы Хмеймим авиабазасына конгонун кабарлашууда. Ошондо ал жерде учурда Су-57 моделиндеги төрт тик учагы турат. Буга чейин бешинчи муундагы эки тик учактын учуп келгени бейшемби күнү белгилүү болгон. Орусиянын Коргоо министрлиги эки жаңы тик учактын Сирияга барышы боюнча комментарий берген жок. АКШнын Коргоо министрлиги Су-57нин учуп келиши, Орусиянын Сирияда аскер контингентин азайтуу боюнча билдирүүсүнө карама-каршы келет деп билдирүү таратты.

25-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Кыргызгидромет 26-февралга чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, жолдорунда кар көчкү жүрөрүн эскертти. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. 25-февралда Кыргызстандын аймагында кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -4...+1, күндүз 5…10; Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 5...10; Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…+5... Читать дальше...

Түркмөн бийлиги мамкызматкерлерди велосипед сатып алууга мажбурлады

Azattyk.org 

Быйыл Түркмөнстандагы массалык вело жарышка мамлекеттик ишканалардан үчтөн алтыга чейин адам катышуусу керек. Алар велосипедди өз акчасына сатып алууга милдеттендирилди. "Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчысынын айтымында, айрым мамлекеттик мекемелер акча чогултуп, велосипед сатып алууну чечкен. “Учурда кызматкерлер жарышка катыша турган кесиптештерине велосипед сатып алууга акча чогултмай болушту. Түркмөнстанда велосипед чыгарган завод жок. Өлкөдө анын баасы 3000-4000 (болжолдуу 1000 АКШ доллары) манат турат”... Читать дальше...



Ошто индиялык студент каза болду

Azattyk.org 

Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин алтынчы курсунун студенти, Индиянын жараны Сураб Тирави ооруп каза тапканы айтылды. Ош облустук ооруканасы чет өлкөлүк студентке тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлүп, операция жасалганын маалымдады. Азырынча дарыгерлер анын кандай дарт менен ооруганын айта элек.  Буга чейин 2016-жылдын ноябрь айында ОшМУнун медицина факультетинин студенти каза болгон. Анын жүрөгү ооруганы айтылган болчу. Кыргызстандын медициналык окуу жайларында Индия, Пакистандан келген студенттер көп окушат. Читать дальше...

АКШнын биатлончулары Орусияда өтүүчү дүйнөлүк кубокко бойкот жарыялашты

Azattyk.org 

Март айында Тюменде өтүүчү дүйнөлүк кубок сезонуна АКШнын биатлон федерациясы бойкот жарыялады. Бул тууралуу федерация "Твиттер" баракчасында кабарлады.   Анда "Орусия дагы деле Дүйнөлүк антидопинг агенттигинин кодексине ылайык иш алып барбайт жана ал өлкөгө спортчулардын барышы коркунучтуу" деп жазылган. Федерация Биатлон эл аралык союзунун дүйнөлүк кубокту Тюменде өткөрүү чечими туура эмес болгонун сындады.    Эл аралык олимпиада комитетинин өкүлү Марк Адамс АКШнын биатлон федерациясынын чечимине комментарий берип жатып... Читать дальше...

Кыргыз-өзбек чек арасындагы тыгын

Azattyk.org 

Ош облусундагы “Достук” өткөрмө бекетинде адамдардын тыгыны пайда болду. Бул тууралуу ошол жерде жүргөн “Азаттыктын” кабарчысы маалымдады. Учурда кыргыз тарапта Өзбекстанга өтө албай 500дөй адам турат. Жергиликтүү кыргыз чек арачылары күнүнө жети миңден он миңге чейин адам өтүп, кызматкерлер текшерип жетишпей жатканын айтууда. (Медербек Ниязалиевдин видеосу)

Башы менен сайылган, жыгылган, учуп түшкөн спортчулар. Олимпиада-2018ден сүрөттөр

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Пхёнчандагы Олимпиада оюндарынын көрүчүлөрү спортчулардын жылмаюу коштогон жеңишин же жеңилүү ызаасын гана көрбөстөн оңкосунан түшүп жыгылган учурларга да күбө болушууда.

Чек ара кызматы: “Достуктагы” тыгынга соодагерлердин көбөйгөнү себеп болууда

Azattyk.org 

Ош облусундагы кыргыз-өзбек “Достук” өткөрмө бекетинде эки өлкө жарандарынын соода жүргүзүүсү көбөйгөнүнө байланыштуу чек арада жөө адамдардын тыгыны пайда болду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Чек ара кызматы маалымдады.   Тыгын эки тарапта тең катталууда.  Кырдаалды жоюу үчүн кыргыз тарап чек ара көзөмөл пункттарын көбөйтүүдө. Учурда 10 көзөмөл бөлүмү иштеп жатат, эми дагы төрттөө орнотулат. Чек арадан күнүнө жети миңден ашуун адам өтөт.   Буга чейин ошол жерде жүргөн “Азаттыктын”... Читать дальше...

Орусия: маңзат салынган жүк техникалык кызматкерге тиешелүү болгон

Azattyk.org 

Буэнос-Айрестеги Орусиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө табылган маңзат партиясы элчиликте келишим менен иштеген кызматкерге таандык болгон. "Маңзат Орусиянын Буэнос-Айрестеги элчилигинин турак жай комплексинен жарым жыл мурда табылган" деп билдирди Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова. 22-февраль күнү Аргентина бийлиги маңзат саткандарга каршы операцияда Орусияга жөнөтүлөт делген 389 килограмм кокаинди дипломатиялык жүктөн табышканын кабарлаган. Анда 2016-жылдын декабрь... Читать дальше...

Орусия: Аргентинадагы маңзат жүгү техникалык кызматкерге тиешелүү болгон

Azattyk.org 

Буэнос-Айрестеги Орусиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө табылган маңзат партиясы элчиликте келишим менен иштеген кызматкерге таандык болгон. "Маңзат Орусиянын Буэнос-Айрестеги элчилигинин турак жай комплексинен жарым жыл мурда табылган" деп билдирди Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова. 22-февраль күнү Аргентина бийлиги маңзат саткандарга каршы операцияда Орусияга жөнөтүлөт делген 389 килограмм кокаинди дипломатиялык жүктөн табышканын кабарлаган. Анда 2016-жылдын декабрь... Читать дальше...

Кыргыз-өзбек “Достук” чек ара бекетинде тыгын пайда болду

Azattyk.org 

Ош облусундагы “Достук” өткөрмө бекетинде адамдардын тыгыны пайда болду. Бул тууралуу ошол жерде жүргөн “Азаттыктын” кабарчысы маалымдады. Анын айтымында, учурда кыргыз тарапта Өзбекстанга өтө албай 500дөй адам турат. Жергиликтүү кыргыз чек арачыларынын айтымында, күнүнө жети миңден он миңге чейин адам өтүп, кызматкерлер текшерип жетишпей жатат. Кыргызстандын Чек ара кызматы учурда расмий маалымат даярдалып жатканын кабарлады. 2017-жылдын сентябрь айында кыргыз-өзбек “Достук” чек ара бекетинде... Читать дальше...

Ооганстанда жарылуудан эки киши каза тапты

Azattyk.org 

24-февраль күнү эртең менеки саат 8:15те Кабулдагы НАТО, АКШ элчилигинин кеңсеси жайгашкан райондо жанкечти өзүн жардырып, эки киши каза тапты, жети адам жараат алды. Өлкөнүн ички иштер министри Нажиб Данишдин айтымында, терактты “Ислам мамлекети” уюшкан тобунун өкүлдөрү ишке ашырган. Ооганстандын Коргонуу министрлиги өлкө батышында талиптер менен болгон салгылашта 18 аскер каза болгонун мурдараак билдирген. 23-февралда Фарах провинциясындагы Бала-Булак аскердик постуна талиптер кол салган. (BCh)

Токтогулова: "Оскардын" саясатташып кеткенине күмөн жок

Azattyk.org 

Америка киноакадемиясынын «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземине саналуу күндөр калды. Эмне себептен быйыл абройлуу сыйлыкка көрсөтүлгөн фильмдердин көбү коомчулукту иренжитти? Быйылкы номинанттар мурдагылардан эмнеси менен айырмаланат?

Токтогулова: "Оскар" саясатташып кеткен

Azattyk.org 

Америка киноакадемиясынын «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземине саналуу күндөр калды. Эмне себептен быйыл абройлуу сыйлыкка көрсөтүлгөн фильмдердин көбү коомчулукту иренжитти? Быйылкы номинанттар мурдагылардан эмнеси менен айырмаланат?

Өзбекстанда Нооруз күнү беш тонна сүмөлөк жасалат

Azattyk.org 

Өзбекстандын Наманган шаарында Нооруз майрамына карата беш тонна сүмөлөк кайнатууну пландап жатышат. Ага эки тонна ун, бир тонна май, 450 килограмм жүгөрү уну, 50 килограмм нават керектелет. Бул иш-чараны Намаган шаардык акимияты уюштуруп, сүмөлөктү 25 аял даярдайт. Сүмөлөктү шаар тургундары ооз тийгенден кийин балдар жана карылар үйүнө алып барышат. Нооруз - чыгыш элдеринде жаз майрамы, жаңы жылдын башаты катары белгиленет. Майрам ЮНЕСКОнун маданий баалуулук тизмесине кирген. Ал эми сүмөлөк Ноорузда жасала турган тамак.

Майып баланы багуу кымбат түйшүк

Azattyk.org 

Майып балдардын ата-энелери президентке жана өкмөт башчыга кайрылып, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн берилүүчү жөлөк пулдун өлчөмүн көбөйтүүнү өтүнүштү.

Издөөдө жүргөн кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Azattyk.org 

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кылмыштуу топтун мүчөсүн кармашкан. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат бөлүмүнүн кызматкери Адыл Оморов “Азаттык” радиосуна билдирди. Маалыматка ылайык, 20-февраль күнү милиция кызматкерлери К.М аттуу жаранды текшергенде, жанынан колго жасалган эки бычак табышкан. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси (мыйзамсыз курал алып жүрүү) менен кылмыш иши козголду.   Кармалган жаран буга чейин алдамчылык фактысы боюнча издөөдө... Читать дальше...

Батырбеков: Партия депутаттын казак жарандыгы боюнча билген эмес

Azattyk.org 

Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын жетекчиси Алмазбек Батырбеков Казакстанда кармалган депутат Дамирбек Асылбек уулунун партияга кантип мүчө болгону тууралуу “Азаттык” радиосуна комментарий берди. Алмазбек Батырбеков Асылбек уулу өзүнүн каалоосу жана сунуштардын негизинде партияга кошулганын айтууда. - Партия шайлоого үч-төрт ай калганда түптөлгөн. Асылбек уулу ошондо саясатка аралашам деген өзүнүн каалоосу жана тааныштардын сунушу менен кошулган. Дамирбектин жарандыгы боюнча айтылган эмес. Читать дальше...

"Көчмөндөр оюндарына" тандоо мелдештери өтөт

Azattyk.org 

5-6-март күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында алыш күрөш боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Мелдеште быйылкы сентябрь айында өтүүчү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына спортчулар тандалат. Бул тууралуу Жаштар иштери жана спорт агенттигинин маалымат бөлүмү билдирди. Мелдеш кыздар жана балдар арасында өткөрүлүп өлкөнүн бардык аймактарынан балбандар катышат. Чемпионатты өткөрүүгө мамлекеттен 158 миң сом бөлүнгөн. 2018-жылы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрда башталат. Ачылышы Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо болот. Читать дальше...

Орук-Тамдын жолдо төрөгөн келиндери

Azattyk.org 

Нарын районунун Орук-Там айылындагы жол калың жааган кардын айынан жабылып калды. Бул айыл тургундарын түйшүккө салды. Алар 300 чакырым айланма жол менен райондун борборуна сегиз саатта араң жетишет. Мындан улам төрөтканага жетпей жолдо көз жарган келиндер да бар.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *