Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2018

Новости за 15.02.2018

Иран президенти Индияга барды

Azattyk.org 

Иран президенти Хасан Роухани жоон топ министрлери жана ишкерлердин коштоосунда 15-февралда Хайдарабад шаарына келди. Үч күндүк сапар учурунда ирандыктар Чобахар портуна жана башка инфраструктуралык долбоорлоруна Индиядан инвестиция тартууну сүйлөшөт. «Чобахар транзити жана Чобахар аркылуу Индия үчүн Ооганстанга, Борбор Азияга жол ачылышы - Иран менен Индиянын мамилесинин бирден бир маанилүү өңүтү», - деди Роухани сапар алдында. Өткөн декабрда Иран Чобахар портун кеңейткен. Тегеран бул порт деңизге... Читать дальше...

Мигрант өмүрүнө ким кам көрөт?

Azattyk.org 

Жылына Кыргызстанга Орусияда каза болгон мигранттардын 350дөй сөөгү жөнөтүлөт. Ар кандай кырсыктардан ден-соолугу жабыркап, оору-сыркоолорго кабылгандар да арбын. Чет жакка ишке чыккан эмгек мигрантынын өмүрүн камсыздандырууга мезгил жеттиби? Өкмөт буга кам көрө алабы? Мигранттар өз өмүрүн камсыздандырууга даярбы? Чет жерде казак тапкан жана кырсыкка учураган мекендештерге кам көрүү маселеси «Биз жана дүйнө» берүүсүндө.

Орусия Сирияда ондогон жараны өлгөнүн четке какты

Azattyk.org 

Орусия Тышкы иштер министрлиги Сирияда жүздөгөн орусиялыктар өлдү деген кабарларды «бурмаланган маалымат» деп эсептейт. Бул тууралуу министрликтин расмий өкүлү Мария Захарова бейшембидеги маалымат жыйынында билдирди. "Ондогон, жүздөгөн Орусия жарандарынын өлгөнү тууралуу материалдар адаттагыдай эле бурмаланган маалымат. Алар 400, 200 же 100, 10 дагы эмес. Алдын ала маалыматка караганда, ошол куралдуу кагылышта сөз Орусиянын жараны деп болжолдонгон беш адамдын өлүмү тууралуу жүрүшү мүмкүн", - деди Захарова. Читать дальше...

Зуманы өз партиясы бийликтен кетирди

Azattyk.org 

АКШнын Флорида штатындагы Паркленд шаарында куралчан жигит мектепте ок ачып, 17 адамды атып өлтүрдү. Ооганстанда өткөн жылкы кол салуулар менен согуштук аракеттерде өмүрү кыйылган жана жаракат алган жайкын тургундардын саны бир аз азайды. Түштүк Африканын президенти Жейкоб Зума өз партиясынын басымынан кийин кызматтан кетти.

Бишкек-Ош жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды

Azattyk.org 

15-февралда саат 19:20 чамасында Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош жолун бөгөп калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Абдышарип Бекилов "Азаттыкка" билдирди: - Биз маалыматты азыр эле алдык. Баштапкы маалыматтар боюнча көчкүдөн жабыркагандар жок. Учурда көчкүнүн көлөмүн жана ал түшкөн жерди тактоо иштери жүрүп жатат. 14-февралдан бери кар тынбай жаап жаткандыктан бир нече саат мурун Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу автоунаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилген. ӨКМдин маалыматына ылайык... Читать дальше...



Санкт-Петербургда кыргызстандык мигрант каза болду

Azattyk.org 

28 жаштагы кыргызстандык мигрант 14-февраль күнү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн чатырынан кар күрөп жатып учуп кеткен. Маркум Кадамжай районунун Таш-Коргон айылынын тургуну болгон. Ал Санкт-Петербург шаарындагы Борбордук райондо көчө шыпыргыч болуп иштечү. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен маалымдашты.  ​"Алдын ала маалыматтар боюнча мигрант чатырга чыгып алып кар күрөп жатканда коопсуздук чаралары сакталган эмес. Учурда мекендешибиздин сөөгү Санкт-Петербург... Читать дальше...

Түштүк Африка Республикасына жаңы президент шайланды

Azattyk.org 

Түштүк Африка Республикасынын парламенти Сирил Рамафосаны өлкө президенттигине шайлады. Анын талапкерлигин 15-февралда башкаруучу Африка Улуттук конгресси партиясы сунуштаган. Бир нече саат мурда мурдагы президент Жейкоб Зума башкаруучу партиянын талабын аткарып, кызматынан кетип жатканын билдирген.  Партия өлкөнү тогуз жылдан бери башкарып келаткан Зуманы коррупцияга айыптаган.  Сирил Рамафоса буга чейин вице-президент болчу.

Окуучулар кол телефонго тасма тартышты

Azattyk.org 

Нарын районунун Таш-Башат айылындагы мектептин окуучулары кол телефонго кыска метраждуу тасма тартышып, аны айылдын тургундарына эки күн көрсөтүштү. Бир билетти жыйырма сомдон сатып, түшкөн пайдасына өздөрү окуган мектепке музыкалык аппарат алып беришти.

Жатын рагын дарылаган аппарат иштен чыкты

Azattyk.org 

Бишкектеги Улуттук онкологиялык гематологиялык борбордо аялдардын жатын рагын радиоактивдүү нур аркылуу дарылоочу АГАТ-ВТ аттуу жабдуу жарактан чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Бул жабдуу 2016-жылы октябрда Орусиянын "Росатом" ишканасынан алынган. Оңдоо иштери бир айга чейин созулушу ыктымал экенин билдирген министрлик бейтаптардан кечирим сурады. Кыргызстанда аялдардын жатын моюнчасынын рагын дарылоочу жабдуулар жетишсиз экени буга чейин да айтылып келген.

Жээнбеков парламентке жаңыча мамиле кылабы?

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештеги өкүлүн алмаштырды. Бул кызматка мурда “Республика” партиясынан депутат болгон Курманбек Дыйканбаев келди. Мындай кадам коомдук-саясий чөйрөдө "президент парламентке ишенген адамын алып келди" деген пикир жаратты.

Өкмөттүн жаш кадры кызматтан кетти

Azattyk.org 

14-февралда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев кызматынан өз ыктыяры менен кетти. Мекемени 1,5 жылдай жетектеген 31 жаштагы Дастан Догоев өзүн жаңычыл көз караштагы жетекчи катары көрсөттү деген баалар айтылууда.

ЕККУнун өкүлү Алканова боюнча кыргыз бийлигине кайрылды

Azattyk.org 

ЕККУнун ЖМКдагы эркиндик боюнча расмий өкүлү Арлем Дезир журналист Элнура Алкановага козголгон кылмыш иши боюнча Кыргызстандын бийлигине кайрылды. Бул тууралуу пикирин ал өзүнүн "Твиттердеги" расмий аккаунтунда жарыялады: "Мен кыргыз бийлигине жөнөткөн катымда фрилансер-журналист Элнура Алкановага байланыштуу маселе койдум. Журналисттик иликтөөлөр - бул сөз эркиндигинин өзөгү. Журналисттер кылмыш куугунтугуна алынбай, эркин иштеши керек", деп жазды Дезир. 14-февралда баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан... Читать дальше...

ТАР: Зуманын "оюну бүттү"

Azattyk.org 

Түштүк Африка Республикасынын (ТАР) президенти Жейкоб Зума өз партиясынын басымынан кийин кызматтан кетүүгө аргасыз болду. "Африканын улуттук конгресси" коррупция жаңжалдарында аты аталган президентти шаршембинин кечине чейин кызматтан кетүүгө чакырган.

Флоридада мурдагы окуучу мектепке кол салды

Azattyk.org 

АКШнын Флорида штатындагы Паркленд шаарындагы мектепке куралчан киши кирип барып, 17 адамды атып өлтүрдү. 15тей киши ооруканада жатат, догдурлар алардын үчөөнүн абалы оор экенин билдиришти.

Акаев: Ишенимден чыккан орган жетекчилери кызматтан кетиши керек

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Бишкекте №47 абакта ачкачылык кармап отурган үч саясатчынын абалы тууралуу маселе көтөрүп, парламент аларга көңүл бурушу керек экенин билдирди.  Ачкачылык кармап отурган оппозиция өкүлдөрү менен жолугуп чыкканын, алардын бири Бектур Асановдун абалы оор экенин айткан Акаев күч органдарындагы мамилени сындады: - Күч органдарына президент өз баасын берди. Нормалдуу мамлекеттерде президенттин ишениминен кеткен органдардын жетекчилери, президенттин ачык айткан сынынан соң иштен кетиши керек эле. Читать дальше...

2017-жылы Ооганстанда кол салуудан, согуштан өлгөндөр азайды

Azattyk.org 

Ооганстанда былтыр кол салуулар менен согуштук аракеттерде өмүрү кыйылган жана жарадар болгон жайкын тургундар бир аз азайды. Бирок абадан урулган соккуларда өмүрү кыйылгандар мурдагы жылдагыдан көбөйгөн. Мындай бүтүм Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссиясы 15-февралда чыгарган жаңы баяндамада айтылат.  БУУнун эсебинде, былтыр Ооганстанда кол салуунун ар кандай түрлөрүнөн жана согуштук аракеттерде жайкын тургундар арасынан 3 438 адамдын өмүрү кыйылса, 7015 киши жарадар болгон.  - Биз жайкын тургундардын... Читать дальше...

Өкмөт башчы Панфилов районунун акимин иштен аларын билдирди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште айтылган сындан улам премьер-министр Сапар Исаков Чүйдүн Панфилов районунун акимин иштен аларын билдирди.  15-февралда парламент жыйынында депутат Бактыбек Райымкулов бул райондун акиминин ишин сындап, кар эрип, үйлөрдү суу каптаган Каптал-Арык айылына басып барбай койгонун айтты:  - Ал жерге аким да, анын орунбасары да басып барбай койду. Эл телефон чалып, мен да телефон чалып жооп ала албадык. Андай акимдер керекпи?  Депутаттын бул сөзүнө жыйынга катышып жаткан премьер-минист Сапар Исаков жооп берип... Читать дальше...

Навальный сайтына бөгөт коюлганын билдирди

Azattyk.org 

Орусиялык оппозициячы Алексей Навальный сайтына бөгөт коюлганын билдирип чыкты. Саясатчы муну вице-премьер-министр Сергей Приходько жана миллиардер Олег Дерипаска тууралуу иликтөөсүнөн кийинки эскертүүгө байланыштырат. Мурдараак Орусиянын көзөмөл комитети (Роскомнадзор) иликтөө материалдарын таратууга тыюу салган сот чечими бар экенин билдирип, жергиликтүү маалымат каражаттарына аны жарыя кылбоону эскерткен. Ал эми Навальныйдан материалдарды алып салууну талап кылган. Саясатчы буга каршы Роскомнадзорду сотко берген. Читать дальше...

Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатына катышпайт. Себебин машыктыруучусу түшүндүрдү

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Машыктыруучу Нурбек Изабековдун айтымында, Тыныбекова былтыр Польшада өткөн "Ziolkowski, Pytlasinski & Poland Open" эл аралык турниринде америкалык балбан менен күрөшүп жатып, ийинин оорутуп алган.

Москва: орус депутаты мигранттарга жан тартты

Azattyk.org 

Орусияда эмгек акысын ала албай арызданган эмгек мигранттары көбөйдү. Өткөн жумада Москвада бир топ мигранттар эмгек акысына, иш шарттарына нааразылык билдирип чыгышкан.

Жапон ишкери кыргыз президентинен жардам сурады

Azattyk.org 

Жапониянын Матсуда Шинжи аттуу жараны Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго ачык кат жазып, жардам сурады. Өз кайрылуусун чет өлкөлүк укук коргоочу "жапон жарандары негиздеген кайрымдуулук фондунун каражатын Кыргызстандын жараны Элмира Эмилканова жеп кетти, соттор калыс чечим чыгарбай жатат" деп негиздеген. Бул кайрылууга президент жана сот өкүлдөрү комментарий бере элек.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *