Cтокгольмдогу терактка шектелген өзбек жаранынын соту болот
Швециядан башпаанек сураган 39 жаштагы өзбекстандык жаран былтыр апрель айында Стокгольмдо адам өмүрүн алган террордук чабуул койгон деп айыпталууда. Анын соту 13-февралга белгиленди. Рахмат Акилов жүк ташыган машине менен Швециянын баш калаасында эл көп жүргөн көчөдө бараткандарды тепселеткен. Чабуулда беш киши каза тапкан. Ага “терроризм жана терроризм аракети” деген айып тагылды. Сот өкүмү июнь айында чыгары белгилүү болду. Сот Акиловго мындай чабуул жасоого эмне түрткү бергенин териштирет. Читать дальше...