Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2018

Новости за 14.02.2018

Тажикстанда Рахмондун кайрылуусун укпай койгон мугалим иштен алынды

Azattyk.org 

Дүйшөмбүдөгү Малика Сабирова атындагы хореографиялык окуу жайдын концертмейстери жана бий мугалими Саида Рустамова президент Рахмондун жылдык кайрылуусу маалында залдан чыгып кеткени үчүн иштен айдалды. «Окуу жайдын директору Кенжа Иброхимовдун буйругунда «Улут лидеринин кайрылуусун угуудан баш тартканы үчүн иштен алынсын» деп жазылды» - деди Саида Рустамова «Азаттык» радиосунун тажик кызматына. «Чындыгында андай эмес. Мен залга киргенде бош орун жок экен. Башка жаман оюм жок эле. Жөн эле президенттин... Читать дальше...

Грузиянын экс-президенти Саакашвили Голландияга келди

Azattyk.org 

12-февралда Украинадан Польшага чыгарылган Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили шаршембиде Голландияга барды. 14-февралда Саакашвили Голландияда канча турары тууралуу суроого «Украинадагы кырдаалга жараша болот» деп жооп берди. «Бул өлкөгө кандай болсо дагы мен көп келем» деди ал голландардын улуттук NOS каналына. Голландиянын Тышкы иштер министрлиги саясатчынын өлкө аймагына келгенин бышыктай элек. 50 жаштагы Саакашвилинин аялы Сандра Рулофс Голландиянын жараны. 12-февралда Польшанын... Читать дальше...

Сирияда орусиялык жалданма аскерлер өлдүбү?

Azattyk.org 

Сирияда АКШнын абадан урган соккусунан орусиялыктар мерт болгону тууралуу карама-каршылыктуу маалыматтар айтылууда. АКШнын коргоо министри абадан урулган соккулардан улам орусиялыктар өлгөнү тууралуу кабары жок экенин билдирди. Кремл чет элдик жана жергиликтүү медианын "бир жума мурун АКШнын соккуларынан орусиялык жалданма аскерлер жок кылынган" деген кабарларын ырастаган жок. Бирок Сирияда армияга тиешеси жок орусиялыктар жүрүшү мүмкүн экенин төгүндөбөдү.

Калп айткан министр кызматтан кетти

Azattyk.org 

Сирияда АКШнын аба соккусунан орусиялыктардын мерт болгону тууралуу карама-каршылыктуу маалыматтар айтылууда. Түркияда сот оппозициячыл саясатчы, мурдагы депутат Энис Бербероглунун 25 жылдык жаза мөөнөтүн бир нече эсе кыскартты. Нидерланддын тышкы иштер министри Халбе Зейлстра Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуусу тууралуу калп айтканын моюнга алгандан кийин кызматынан кетти.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси алмашты

Azattyk.org 

Премьер-министр Сапар Исаковдун 14-февралдагы буйругуна ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев берген арызынан улам ээлеген кызматынан бошотулду. Өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен Алина Шаикова Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов билдирди.  14-февралда өкмөттүк аппарат жетекчисинин орун басары Эдуард Турдалиев Мамлекеттик каттоо кызматынын жамаатына жаңы төрайымды тааныштырды. Читать дальше...

Пономарёв: Путин Крымды Януковичтин катына чейин эле каратып алууну чечкен

Azattyk.org 

Орусия өз армиясын Крымга 2014-жылы Орусияга качкан экс-президент Виктор Януковичтин катына чейин эле киргизген. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын экс-депутаты Илья Пономарёв шаршембиде Януковичтин ишин караган Киевдеги сотто айтты. Мурдагы депутаттын айтканына караганда, Путин Крымды аннексиялоо жөнүндө чечимди 2014-жылдын 22-февралынан 23үнө караган түнү кабыл алган.  «22-февралда Путин Сочиде тик учмада аз жерден кырсыкка учурап кала жаздаган. Ал муну чет элдик атайын кызматтардын кол салуусундай кабыл алган. Читать дальше...

Сот Жакупованын үйүн сатыкка чыгаруу боюнча чечим чыгарды

Azattyk.org 

Мындай чечимди Бишкек шаардык сотунун судьясы Кымбат Архарова 14-февралда кабыл алды. Укук коргоочу Чолпон Жакупованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, соттун чечими менен анын Ысык-Көлдөгү 60 чарчы метрлик коттеджди Алмазбек Атамбаевдин доо арызын төлөш үчүн сатыкка коюлмакчы: - Соттун чечими боюнча менин Ысык-Көлдөгү үйүм сатыкка коюлмай болду. Эми ага сатып алуучу издеп атышат. Сыягы Алмазбек Атамбаев Арашандагы үч кабат үйүнө батпайт жатат окшойт.  Сот учурда журналист Нарын Айып жашаган үйдүн... Читать дальше...

Депутат Интернетти көзөмөлдөөнү сунуштады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште Интернетти мониторинг кылчу орган түзүү тууралуу демилге көтөрүлдү. Депутаттар айрым өлкөлөрдөгү тажрыйбаны эске алуу менен маалымат айдыңын көзөмөлгө алып, жоопкерчиликти күчөтүү зарыл деп эсептешет. Парламентте бул өңдүү демилгелер маал-маалы менен көтөрүлүп жүрөт. Интернетти көзөмөлдөө деген эмне жана Кыргызстандын шартында аны ишке ашыруу мүмкүнбү?



Депутат Интернетти мониторинг кылууну сунуштады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште Интернетти мониторинг кылчу орган түзүү тууралуу демилге көтөрүлдү. Депутаттар айрым өлкөлөрдөгү тажрыйбаны эске алуу менен маалымат айдыңын көзөмөлгө алып, жоопкерчиликти күчөтүү зарыл деп эсептешет. Парламентте бул өңдүү демилгелер маал-маалы менен көтөрүлүп жүрөт. Интернетти көзөмөлдөө деген эмне жана Кыргызстандын шартында аны ишке ашыруу мүмкүнбү?

Одесса шаарынын мэри Киев аэропортунда кармалды

Azattyk.org 

Одессанын мэри Геннадий Труханов Варшавадан учуп келген жеринен кармалды. Чек арачылар аны Украинанын Коррупцияга каршы бюросунун кызматкерлерине өткөрүп беришкенин «Украинская правда» гезити жазды. Гезитке чыккан маалыматка караганда Труханов - бюджеттик акчаны сарамжалсыз пайдаланууга байланыштуу ачылган иште шектүү катары каралган төрт кишинин бири. Прокуратуранын версиясында алар «Краян» заводдун жеке колдон өтө кымбат сатып алып, Одесса шаарынын бюджетине чыгым тарттырышкан. Ошондой эле жетекчилер жол оңдогонго көп акча жумшашкан. Читать дальше...

Ачкачылык кармагандар боюнча акцияга чыккандар тарады

Azattyk.org 

Абакта ачкачылык кармап жаткан Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун жана Эрнест Карыбековдун тарапташтарынын Жогорку Кеңештин алдындагы нааразылык акциясы түштөн кийин тарады. Бул тууралуу Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапар Аргынбаев “Азаттыкка” билдирди. Акцияга чыккан 20-30 киши бүгүн президенттен жана соттордон аталган саясатчыларга көңүл бурууну, алардын ишин калыс кароону, УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин да талап кылышты: - Биз бүгүн кечке президенттик... Читать дальше...

Сүйүүдөн чыккан сүрөттөр

Azattyk.org 

14-февраль - Махабат күнүн Бишкектин жаштары да белгилеп жатышат. Бул күнү кафе-ресторандар жыкжыйма, гүл жана жумшак оюнчуктарды саткан дүкөндөрдүн соодасы кызыды.

Журналист "күбөдөн" "айыпталуучуга" айланды

Azattyk.org 

13-февралда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат журналист Элнура Алкановага "коммерциялык сыр камтылган маалыматты мыйзамсыз алып жарыялаган" деп кылмыш ишин козгоп, айыбын угузду. Журналист тагылган айыпты четке кагып, муну саясий буйрутма катары баалады.

Кыргызстанда “коррупционерлердин тизмеси” түзүлөт

Azattyk.org 

Кыргызстанда коррупция, мамлекеттин мүлкүн уурдоо жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча жоопкерчиликке тартылган жана соттолгон кызматкерлердин реестри түзүлөт. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Дамир Сагынбаев “Азаттыкка” билдирди. - Бул реестр бизге эмне үчүн керек? Бул боюнча соттолгон жана соттун өкүмү чыккан кишилер мындан ары мамлекеттик кызматтарга кайра орношуп албашы үчүн жана кайсы бир кызматка кирип албашы үчүн керек, - деди Сагынбаев. Анын айтымында... Читать дальше...

Эл аралык уюм кыргыз бийлигин Алкановага козголгон ишти токтотууга үндөдү

Azattyk.org 

Баш кеңесеси Нью-Йоркто жайгашкан “Журналисттерди коргоо комитети” кыргыз бийлигин журналист Алкановага козголгон кылмыш ишин токтотууга үндөдү.  Уюмдун Борбор Азия боюнча программасынын координатору Нина Огнянова журналистке мындай айып “саясий жүйөсү бар жана журналисттик иликтөөдөн улам” коюлду деген пикирин билдирди. Ал ошондой эле кыргыз бийлигин "кылмыш ишин токтотуп, журналистке өз ишин коркпой аткарууга шарт түзүп берүүгө” үндөдү. 13-февралда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча... Читать дальше...

Сүйүүңүздү кантип билдиресиз?

Azattyk.org 

14-февраль - Махабат күнүн Бишкектин жаштары да белгилеп жатышат. Бул күнү кафе-ресторандар жыкжыйма, гүл жана жумшак оюнчуктарды саткан дүкөндөрдүн соодасы кызыды. Бүгүн дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө Ыйык Валентин күнү белгиленүүдө. Ыйык Валентин же ашыктардын күнү католиктердин майрамы болуп саналат. Бирок кийинки кездери кеңири жайылып, Махабат майрамы катары белгиленип келүүдө. Ал эми сүйүү, жакшы көрүү сезимин кыз-жигитке, ата-эне, жакындарына кантип билдирсе болот? "Азаттык" Бишкек шаарынын тургундарына ушул суроону берди.

Депозиттерди кайтара албаган тажик банктары

Azattyk.org 

Тажикстандагы эки ири банк эки жылдан бери кардарларынын акчаларын толук кайтара албай жатат. Алар банкрот деп расмий таанылган эмес, бирок күнүнө ар бир адамга 200 сомони гана чыгарып берүүдө. Мамлекеттин каржылык жардамы да абалды жеңилдеткен жок.

15-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратып, ушул күндөрү Кыргызстанда туруксуз аба ырайы сакталып, жаан-чачын көп болорун эскертти. Тоолуу жолдорго муз тоңот, кар күрткүсү болот. Кар көчкү коркунучу бар. 15-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде көп жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып калышы мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү көп болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Читать дальше...

Сирияда өлгөн үч орусиялыктын аты-жөнү аталды

Azattyk.org 

Сириядагы АКШнын аба соккусунан өлдү делген үч орусиялыктын ат-жөнү белгилүү болду. Бул тууралуу маалыматты Conflict Intelligence Team иликтөө тобу топтогон. Жарыяланган маалыматта Нижний Новгороддун тургуну Алексей Шихов каза тапканы айтылат. Ал ага чейин Украинанын чыгышындагы куралдуу жаңжалга катышкан. "Русь Триединая" патриоттук тобунун Владимир ("Апостол" лакап аты бар) деген мүчөсү жана Свердлов облусунун тургуну Руслан Гаврилов дагы Сирияда өлгөнү белгилүү болду.    Жума башында Conflict... Читать дальше...

Жээнбеков: экспорт кылган ишкерлер чек арадан тоскоолдуксуз өтүшү керек

Azattyk.org 

Башка өлкөлөргө өндүрүм экспорттогон Кыргызстандын ишкерлери чек арадан тоскоолдуксуз өтүшү керек. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-казак чек арасындагы реконструкцияланган “Чалдыбар-Автожол” көзөмөл-өткөрүү пункту менен таанышуу учурунда ушундай пикирин билдирди. - Биздин өлкөгө келген туристтерди дароо көзөмөл-өткөрүү пункттары тосуп алат жана алгачкы таасирди меймандар дал ушул өткөрүү пункттарынан алышат. Мындан мамлекеттин аброю көз каранды. Ошондой эле өндүрүмүн башка өлкөлөргө экспорттогон... Читать дальше...

Порошенко менен Путин телефондон сүйлөштү

Azattyk.org 

Украинанын президенти Петро Порошенко менен Орусиянын лидери Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул маалыматты Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков да тастыктады. Киевдин демилгеси менен башталган эки президенттин сүйлөшүүсү узак болгону айтылды.  Песковдун сөзүнө караганда, украин президенти Орусиядагы кыйраган учакка байланыштуу көңүл айтып, авиакырсыктын себебин иликтөөгө жардам берүүнү сунуш кылды. Ошондой эле сүйлөшүүдө эки президент Жаңы жыл алдында башталган Украинанын чыгышындагы... Читать дальше...

Караколдо жол оңдоого жумшалуучу акча боюнча кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Каракол шаарындагы №35 жол иштетүү башкармалыгынын (ЖИБ-35) жооптуу кызматкерлери жолду оңдоодон мыйзамсыз акча алганы аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат билдирди. Билдирүүдө айтылгандай, 2016-жылы №35 ЖИБ менен “Ак-Жалга” фирмасынын ортосунда фирманын гаражын астфальттоо боюнча оозеки келишим түзүлгөн. 855 чарчы метр аянт үчүн жеке компания мамлекеттик ишканага 270 миң сом бермек болгон. Натыйжада  “Ак-Жалга” фирмасынын гаражы №35 ЖИБдин эсебинен асфальтталып... Читать дальше...

“Чек арасыз кабарчылар” уюму Ирандын бийлигин айыптады

Azattyk.org 

“Чек арасыз кабарчылар” уюму Иран бийлигинин журналисттерди куугунтуктаганын, жаңылыктар менен маалыматты көзөмөлдөгөнүн “келишүүгө болбой турган көрүнүш” деп атады. Парижде жайгашкан, сөз эркиндигин коргогон уюмдун 13-февралдагы билдирүүсүндө Иран бийлиги “өз өлкөсүндө жана анын сыртында маалыматты көзөмөлдөөнү күчөтүү аракетинде” экени айтылат. “Соңку 39 жылда саясий режимдин эркин медианы куугунтуктаганы "келишүүгө болбой турган” көрүнүш экени, Ирандагы “полициянын жана соттун куугунтугуна” калгандар белгиленет. Читать дальше...

Жаштыгы асманда өткөн Тлеухор

Azattyk.org 

Кыргызстандын Жарандык авиациясы быйыл 85 жылдыгын белгилейт. Бул тармактын тарыхы Тлеухор Бошумованын көз алдында калды. Ал өлкөдө алгачкы борт коштоочулардын бири катары таанымал. Ардактуу эс алуудагы стюардесса авиациядан алыстабай музейди жетектейт.

Кыргызстанда 20 гана мадыл калды

Azattyk.org 

Кыргызстанда 20 баш гана мадыл (жапайы мышык) калды. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги билдирди. Бирок мекеме былтыр канча мадыл болгонун жазган жок. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги былтыркы эсеп менен Кыргызстанда 34 миң 443 тоо теке, 1 миң 207 каман, 3 миң 832 элик, 26 миң 728 улар, 19 миң 656 кыргоол, 17 миң 558 кекилик-чил бар экени аныкталган. Ал эми "Кызыл китепке" кирген жаныбарлардан 313 бугу-марал, 1 миң 34 сүлөөсүн, 199 аюу, 20 мадыл, 436 бүркүт... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *