Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2018

Новости за 12.02.2018

Михаил Саакашвили депортация үчүн Путинди, Порошенкону айыптады

Azattyk.org 

Грузиянын мурдагы президенти, Украинада оппозициячыл саясатчыга айланган Михаил Саакашвили 12-февралда Киевден Польшага депортацияланганына байланыштуу Facebook баракчасында видео билдирүү жасады. “Мага каршы кылмыш иши толугу менен жалган. Путин, Порошенко жана Иванишвили менден кутулууну каалап жатышат”,- деген Саакашвили өз жактоочуларын тынчтыкка да чакырды. Ал Иванишвили дегенде Грузиянын мурдагы премьер-министри Бидзина Иванишвилини эске алды. Украин чек ара кызматы Саакашвилинин өлкөдөн... Читать дальше...

Михаил Саакашвили Украинадан депортацияланды

Azattyk.org 

Грузиянын мурдагы президенти, Украинада “Жаңы күчтөрдүн кыймылы” деген оппозициячыл бирикмеге лидерлик кылган Михаил Саакашвили “ал өзү келген өлкөгө депортацияланганын" бир аз мурда Украинанын Чек ара кызматы жасады. Чек ара кызматынын расмий өкүлү Олег Слободиан Грузиянын мурдагы президенти кайсы өлкөгө депортацияланганын так айткан жок. Бирок Саакашвили акыркы ирет Украинага Польшадан келген. Мунун алдында бүгүн Саакашвили Киевде аны “уурдагандар” тарабынан кармалып, аэропортко алынып кеткени тууралуу кабарлар түшкөн. Читать дальше...

Данисте: конуштагы араңжан турмуш

Azattyk.org 

Таштанды жайдагы Алтын-Казык башаламан конушундагы жашоо, Жети-Өгүздө өлбөстүн күнүн көрүп жашап жаткан майып балалуу ата-эне, Кара-Буурада эл эски мектепке балдарын окууга жиберүүдөн баш тартабыз деп жатышат, кыргыз телерадиосу жана уюктук байланышы жетпеген Баткендеги айыл, Ак-Талаада цехтерди ачып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардамы тийип жаткан ишкер айым, кыргызстандык 17 жаштагы кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси Алина Камалова тууралуу баян.

Пакистанда талиб жол башчыларынын бири жок кылынды

Azattyk.org 

“Техрик-и-Талибан Пакистан” кыймылында жол башчынын орун басары болгон Халид Мехсуд АКШнын учкучсуз башкаруудагы учагынан урулган соккунун натыйжасында жок кылынган. Окуя Пакистандын уруулар жашаган Түндүк Вазирстан аймагындагы Горвак кыштагында болгонун аталган кыймылдын өкүлү Азам Тарик Мехсуд ырастады. Буга чейин Пакистандын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү "Сажна" деген каймана аты бар Халид Мехсуд Ооганстандын Пакистан менен чек арага жакын Пактика провинциясында өлтүрүлгөнүн маалымдашкан. ... Читать дальше...

Текебаев: башкы саясий катам - Атамбаевдин президент болушуна жол ачканым

Azattyk.org 

“Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев бул тууралуу 24.кг агенттиги менен болгон маегинде билдирди. Абактагы саясатчыдан анын адвокаты аркылуу жазуу жүзүндө алынган интервью бүгүн жарыяланды. 24.кг агенттигинин: “Сиз азыр өз саясий ишмердигиңиздеги эң ири саясий ката деп эмнени моюнга аласыз?” деген суроосуна  Өмүрбек Текебаев: “2010-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин президент Роза Отунбаева Конституцияга ылайык КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаевге өкмөт куроону тапшырды. Алмазбек Атамбаев муну ойрон кылды. Читать дальше...

Турсунбеков: Атамбаевге жолуктум...

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы төрага жана КСДПнын мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков “Азаттыктын” 2х1 форматындагы суроолоруна жооп берди. Саясатчыга анын КСДПдагы азыркы орду, саясий келечеги, жаңы президенттин, парламенттин ишмердиги, кылмыш иши козголгон, кесилген саясатчылардын, айып тартып жаткан журналисттердин укуктары, саясатчынын байлыгы тууралуу суроолор берилди.



Саясий ачкачылыкка көңүл бургандар көбөйдү

Azattyk.org 

"Бийликти күч менен басып алууга аракеттенди" деп соттолгон абактагы саясатчылар ачкачылык акциясын улантууда. Алардын жакындары ачкачылык кармагандардын абалы начарлап кеткенин билдирип жатышат. Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) абактагы саясатчылар дарыгерлердин көзөмөлүндө, саламаттыгы канааттандыраарлык экенин билдирип жатат.

Киевде Михаил Саакашвили кармалды

Azattyk.org 

Грузиянын мурдагы президенти, Украинадагы “Жаңы күчтөрдүн кыймылы” деген оппозициячыл бирикменин лидери Михаил Саакашвили Киевде бүгүн кармалды. Бул тууралуу анын кызматташтарынын бири Давид Сакварелидзе билдирди. Анын айтымында, Саакашвилини ресторандан беткапчан адамдар кармап, кичи автобус менен белгисиз тарапка алып кетишкен. Грузиянын экс-президентин, Одесса облусунун мурдагы губернаторун кимдер кармаганы азырынча белгисиз. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Киевдеги кабарчысына Украинанын Коопсуздук кызматынын... Читать дальше...

Орусия: Ан-148 учагы жерге тийгенде жарылган

Azattyk.org 

Москванын сыртында кыйраган Ан-148 учагындагы 71 киши курман болгонун Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги бышыктады. “Саратов аба жолдорунун” жүргүнчү ташыган учагы жекшембиде түштөн кийин Москванын “Домодедово” аэропортунан учуп чыккандан бир нече мүнөттөн кийин байланыш үзүлгөн. Кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен тергөөчүлөрдүн тобу иштеп жатат. Оренбург облусунда дүйшөмбүдө аза күтүү жарыяланды.

Орусияда кыйраган учак “жерге кулагандан кийин гана жарылган”

Azattyk.org 

Мындай билдирүүнү бүгүн Орусиянын Тергөө комитети таратты. Бул мекеменин маалыматына караганда, “кыйроо учурунда учактын бортунда эч кандай өрт чыкпаганы, ал жерге кулагандан кийин гана жарылганы аныкталды”. Орусиядагы бийлик өкүлдөрү "жүргүнчү учактын кыйрашы - теракттын натыйжасы эмес" деген ишенимде экенин ишарат кылышууда. Алар кырсыктын болжолдуу себептерин азырынча жарыялай элек, бирок баардык жагдайлар, анын ичинде учактын техникалык абалы, учкучтардын тажрыйбасы да каралаарын билдирип жатышат. Читать дальше...

Сирия: ар тараптуу айыгыш күчөдү

Azattyk.org 

Өткөн дем алышта Сирияда кагылышуу кайрадан күчөдү. Чабуул коюп жүргөн Израилдин учагы атып түшүрүлдү. Африндеги кагылышууда ондогон өмүрлөр кыйылды. Улуттар Уюму болсо февралдын башынан бери эле аба чабуулдарынан миңден ашуун карапайым адам кырылганы тууралуу коңгуроо кагууда.

Элчинин билдирүүсү, дипломаттын этикасы

Azattyk.org 

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султандын "Тышкы иштер министрлигинен мыйзамга туура келбеген тапшырмалар берилет” деген билдирүүсү ар кандай талкууланууда. Айрым дипломаттар элчини "кызматтык этиканы бузду" деп сындаса, башкалар Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигинде жедеп бышып жетилген маселени көтөрүп чыкканын колдошту.

Кыдыкбаев: ачкачылык кармагандардын ичинен Асановдун абалы оор

Azattyk.org 

"Бийликти күч менен басып алууга аракеттенди" деген айып менен соттолуп, камакта отурган Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков ачкачылык кармоону улантып жатышат.  Адвокат Марс Кыдыкбаев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, алар коюлган талаптар аткарылмайынча ачкачылыктан баш тартай турганын айтышкан: - Булар "акырына чейин барабыз" деп атышпады беле. Ачкачылыкты токтотпойт. "Кургак ачкачылыктан" баш тартышы мүмкүн. Бирок "ачкачылыкты улантабыз, токтотпойбуз" деп атышат. Чынын айтканда... Читать дальше...

Иракты кайра курууга 88 миллиард доллар керектелет

Azattyk.org 

Ирак өкмөтүнүн мындай эсеби бүгүн Кувейттеги эл аралык конференцияда жарыяланды. Анда ирактык расмий адамдар билдиришкендей, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу менен дээрлик үч жылга созулган согуштан кийинки кайра куруу иштеринин куну кеминде 88,2 миллиард долларга турат. Пландоо иштери боюнча министр Салман ал-Жумаилинин айтымында, Ирактын турукташуусу чөлкөмдүн калган мамлекеттерин да турукташтырат. “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштө өкмөткө чечүүчү жардам берген эл аралык коалициянын... Читать дальше...

Орусия: кыйраган учактагы сөөктөрдү издөө жумалап созулушу мүмкүн

Azattyk.org 

Бул тууралуу Орусиянын расмий өкүлдөрү билдирди. Алардын айтымында, издөө иштерин кырсык болгон аймактагы катаал жер шарттары, анын ичинде кардын калыңдыгы да кыйынчылыкка учуратууда.  Ушул сааттарга карата АН-148 учагынын "кара кутучулары" табылганы боюнча карама-каршылыктуу маалыматтар келип жатат.  Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кечээ кечинде жана түндө эки жүргүнчүнүн сөөгү жана өлүктөрдүн 200дөй бөлүгү табылганын кабарлаган. “Саратов аба жолдорунун” учагы кечээ Москванын Домодедово... Читать дальше...

Туугандары энеси сабаган наристенин сөөгүн алгандан баш тартты

Azattyk.org 

Денесине алган катуу жаракаттардан кийин чарчап калган 2 жаш 8 айлык наристенин энесинин туугандары баланын сөөгүн ооруканадан алып кетүүдөн баш тартты. Буга байланыштуу сөөктү жерге берүүнү бүгүн Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы уюштурду. Аталган мекеме билдиргендей, баланын апасынын туугандары кызы 2014-жылы үйүнөн кетип, өз алдынча күн көрүп жүргөнүн айтышкан. Баланын атасы ким экенин жакындары да билбейт экен.  4-февралда Ош облустук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө оор жараат алып, эстен танган баланы энеси алып келген. Читать дальше...

Авиакырсык болгон жерде издөө иштери жүрүүдө

Azattyk.org 

Орусияда кыйраган Ан-148 учагындагы 71 киши курман болгонун Саламаттык сактоо министрлиги бышыктады. “Саратов аба жолдорунун” жүргүнчү ташыган учагы жекшембиде түштөн кийин Москванын “Домодедово” аэропортунан учуп чыккандан төрт мүнөттөн кийин радардан жоголгон. Кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен тергөөчүлөрдүн тобу иштеп жатат. Орусиянын Оренбург облусунда бүгүн аза күтүү жарыяланган.

ТИМ: Түштүк Кореядагы элчи Кылычбек Султан ката кетирди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түштүк Кореядагы элчи Кылычбек Султандын билдирүүсүнө байланышкан маселени карайт. Мекеменин маалымат департаментинин жетекчиси Муратбек Азымбакиевдин “Азаттыкка” айтканы боюнча, Кылычбек Султан өз билдирүүсү менен “ката кетирип койду”. Азымбакиев элчи жарыялаган катта айтылган адамдар мамлекеттик кызматкерлер болгондуктан элчилик аларга көмөк көрсөтүшү зарыл экенин билдирди: - Алар Түштүк Кореяга расмий иш-чарага бараткан аскер адамдары болчу. Аны биздин... Читать дальше...

АКШ менен Түркиянын өкүлдөрү стратегиялык өнөктөштүктү ырасташты

Azattyk.org 

Бул тууралуу Ак үй менен Анкаранын өкүлдөрүнүн жолугушуусунан кийинки билдирүүдө айтылды. Билдирүүдө көргөзүлгөндөй, президент Доналд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт МакМастер жана президент Режеп Тайып Эрдогандын атайын кеңешчиси Ибрагим Калын эки тараптуу карым-катышка таасирин тийгизген маселелерге кайрылып, терроризмдин баардык формаларына каршы биргелешкен күрөштү кеңейтүүнүн жолдорун карашкан. Тараптар ошондой эле “узактан берки өнөктөштөр катары АКШ менен Түркиянын мамилеси... Читать дальше...

Сириядагы аскердик операцияга вандык кыргыздар да катышууда

Azattyk.org 

Түркиядагы "Кыргыз түрктөрү" маданият коомунун мүчөсү Бүнямин Токер "Азаттыкка" билдиргендей, Сириянын Африн аймагында операцияга катышып жүргөн түрк армиясынын катарында вандык жыйырмадай кыргыз бар.  - Биз Анкара шаарында кыргыздар чогулуп, Афринде согушуп жаткан аскерлерибизге колдоо жана көңүл буруу үчүн боз үй тигип, палоо басып элге тараттык. Миңдеген түрк аскерлеринин арасында биздин Улуу Памир айылынан жыйырмадай жигит жүрөт, - деди ал.  Түркия Сириянын түндүк-батышындагы “Зайтун бутагы”... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *