Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2018

Новости за 25.02.2018

Москвада "Немцов маршына" миңдеген адам катышты

Azattyk.org 

Орусияда оппозициячыл саясатчы, маркум Борис Немцовду эскеришти. Кремлдин сынчысы Москванын чок ортосунда атып өлтүрүлгөн күндүн үч жылдыгын утурлаган акциялар Орусиянын бир катар шаарларында өтүп, борбордо ага  миңдеген адам катышты.  Москвадагы демонстранттардын эң чоң тобу көч башында “Жаза сөссүз болот!", "Биз унутпайбыз, биз кечирбейбиз!”  деген уранды көтөрүп жүрүштү. Маркум Немцовду эскерген көчө жүрүштөрү, жыйындары башка бир катар шаарларда да өткөрүлдү. -Адамдардын былтыркыдан көп чыкканы мен үчүн да күтүүсүз болду. Читать дальше...

Москвада "Немцов маршына" миңдеген адам катышты

Azattyk.org 

Орусияда оппозициячыл саясатчы, маркум Борис Немцовду эскеришти. Кремлдин сынчысы Москванын чок ортосунда атып өлтүрүлгөн күндүн үч жылдыгын утурлаган акциялар Орусиянын бир катар шаарларында өтүп, борбордо ага  миңдеген адам катышты.  Москвадагы демонстранттардын эң чоң тобу көч башында “Жаза сөзсүз болот!", "Биз унутпайбыз, биз кечирбейбиз!” деген ураанды көтөрүп жүрүштү. Маркум Немцовду эскерген көчө жүрүштөрү, жыйындары башка бир катар шаарларда да өткөрүлдү. - Адамдардын былтыркыдан көп чыкканы мен үчүн да күтүүсүз болду. Читать дальше...

Ирактын соту түркиялык он беш аялды өлүм жазасына кести

Azattyk.org 

Алар “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна колдоо көргөзгөнү үчүн күнөөлүү деп табылды. Судья Абдул Саттар ал-Биркдардын айтымында, өлүм жазасына кесилген аялдардын “Ислам мамлекети” тобунун мүчөлөрүнө “турмушка чыгып”, “террордук чабуулдарды ишке ашырууда аларга логистикалык жардам көргөзгөнү” аныкталды. Ирак өкмөтү “Ислам мамлекети” тобунун мүчөлөрүнүн жакындары же жоочулар деп аныкталган 560 аялды жана 600дөй баланы кармаган. Быйыл январда террордук топтун жоочуларына логистикалык колдоо көргөзгөн деген айып менен германиялык аял... Читать дальше...

Иран: Сириядагы “террорчуларга” сокку уруу улантылат

Azattyk.org 

Тегеран жана Сирия өкмөтү отуз күнгө ок атышуу токтошу керек деген талапты сактай турганын, бирок борбор Дамасктын чет жакасындагы “террорчуларга” сокку уруу улантыларын билдирүүдө. Жарым расмий Тасним жаңылыктар агенттиги Иран армиясынын Башкы штабынын башчысы, генерал Мохаммад Бакеринин “Дамасктын чет жакасынын террорчулар колундагы бөлүктөрүндө тазалоо операциялары улантылат”,- деп айтканын жазды. Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын маалыматына караганда, өкмөттүк күчтөр Чыгыш Гута районуна 25-февралда да абадан сокку урду. Читать дальше...

Массажды билген ишсиз калбайт

Azattyk.org 

Кыргызстанда массаждын түрлөрү кеңири жайылууда. Ага жараша массажчы-укалоочу кесибине кызыгып, окуп-үйрөнүп, аны кошумча жана негизги акча табуунун булагына айланткандар четтен чыгат. Ошол эле учурда мыкты массажчы катары таанылып, кийинчерээк өз мектебин ачкандар да жок эмес.

Түштүк Корея: Түндүк Корея АКШ менен сүйлөшүүгө дилгир

Azattyk.org 

Мындай билдирүүнү Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Индин кеңсеси жасады. Пхёнчхаңдагы Кышкы Олимпиаданын 25-февралдагы жабылуу аземи алдында Түштүк Кореянын президенти Түндүк Кореянын генералы Ким Йонг Чол баштаган делегация менен жолуккан. Түштүк Кореянын Yonhap агенттиги кабарлагандай, генерал Ким мына ушул жыйында Пхеньянда “Түндүк Корея - АКШ диалогун өткөрүү ниети жетиштүү” экенин белгилеген. Эки корей өлкөсүнүн бул расмий жолугушуусу алдында Түндүк Кореянын мамлекеттик кабар агенттиги... Читать дальше...

Кытайда төраганын бийлигин эки мөөнөт менен чектөөнү жоюу сунушталды

Azattyk.org 

Бул сунуш азыркы лидер Си Цзинпиндин бийликте 2023-жылдан кийин да калышына жол ачат. Мамлекеттик “Синхуа” агенттигинин 25-февралдагы маалыматына караганда, Коммунисттик партия Кытайдын Конституциясынын президент жана вице-президент “катары менен эки мөөнөттөн ашуун иштей албайт” деген жобосун жоюуну сунуштады. Мындай сунуш Компартиянын Борбордук комитетинин үч күндүк жыйынын утурлай жасалды. 26-февралда баштала турган кеңешмеде бир катар маанилүү, анын ичинде кадр маселелери да талкууланары күтүлүүдө. Читать дальше...

Кытайда президенттин бийлигин эки мөөнөт менен чектөөнү жоюу сунушталды

Azattyk.org 

Бул сунуш азыркы лидери Си Цзинпиндин бийликте 2023-жылдан кийин да калышына жол ачат. Мамлекеттик “Синхуа” агенттигинин 25-февралдагы маалыматына караганда, Коммунисттик партия Кытайдын Конституциясынын президент жана вице-президент “катары менен эки мөөнөттөн ашуун иштей албайт” деген жобосун жоюуну сунуштады. Мындай сунуш Компартиянын Борбордук комитетинин үч күндүк жыйынын утурлай жасалды. 26-февралда баштала турган кеңешмеде бир катар маанилүү, анын ичинде кадр маселелери да талкууланары күтүлүүдө. Читать дальше...



Түштүк Кореяда кышкы Олимпиада аяктады

Azattyk.org 

Салтанаттуу аземде Олимпиаданын оту өчүрүлдү. Расмий эмес маалыматтар боюнча Түштүк Кореянын Пхёнчхаң шаарында өтүп жаткан Олимпиадада Норвегиянын курама командасы жалпы командалык эсеп боюнча алдыга чыкты. Норвегиялык спортчулар Олимпиадада 39 медал алышты. (14 алтын, 14 күмүш жана 11 коло) Норвегиялыктар 2010-жылдагы Ванкуверде өткөн Олимпиада оюндарындагы АКШ курама командасынын (37 медал) эсебинен ашып рекордду жаңыртышты. Олимпиаданын жабылышында орус спортчулары нейтралдуу желек менен чыгышты. Читать дальше...

Ат-Башыда окуучу кыз өз жанын кыйды

Azattyk.org 

Нарындын Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында 6-класста окуган кыз өз жанын кыйды. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дүйшөнкул Дөөткулов “Азаттык” радиосуна билдирди. Дөөткуловдун айтымында, окуя 23-февралда болгон жана алдын ала маалыматтар боюнча кыз атасынын сөзүнө ызаланган. Өспүрүмдүн жакындары мектепти күнөөлөгөн эмес. Расмий маалыматтарга караганда, 2017-жылы өлкөдө балдар арасында 100дөй суицид катталган. (MiK/TSh)

Орусияда Борис Немцовду эскерүү жүрүшү өтүп жатат

Azattyk.org 

Москванын борборунда шаардык бийлик менен макулдашылган оппозициялык саясатчы, маркум Борис Немцовду эскерүү акциясы өтүп жатат. Жүрүшкө чогулуп жаткандарды полиция текшерүүдө. Алар “Путин, калп айтканды жана согушканды токтот”, “Мен Крым аннексиясына каршымын” деген плакаттарды көтөрүүгө уруксат берген жок. “Борись” деген плакатты көтөргөн жаш жигитти полиция кармап кеткени айтылууда. "Белый счетчик" долбоорунун активисттеринин маалыматында акцияга катышкандардын саны 2 миңден ашты. Владимир... Читать дальше...

Олимпиада оюндарында Норвегия алдыда

Azattyk.org 

Расмий эмес маалыматтар боюнча Түштүк Кореянын Пхёнчхаң шаарында өтүп жаткан Олимпиадада Норвегиянын курама командасы жалпы командалык эсеп боюнча алдыда. Норвегиялык спортчулар Олимпиадада 39 медал алышты. (14 алтын, 14 күмүш жана 11 коло) Норвегиялыктар 2010-жылдагы Ванкуверде өткөн Кышкы Олимпиада оюндарындагы АКШ курама командасынын (37 медал) эсебинен ашып рекорд жаңыртышты. (TSh)

26-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Кыргызгидромет 26-февралга чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, жолдорунда кар көчкү жүрөрүн эскертти. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. 26-февралда кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.   Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -3...+2, күндүз 11…16; Таласта түнкүсүн -3…+2, күндүз 11...16; Баткен... Читать дальше...

Меркел жана Макрон Путин менен Сирия маселесин сүйлөшүүгө даяр

Azattyk.org 

Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркел БУУнун Сириядагы отуз күндүк ок атышууну токтотуу чечимине байланыштуу орус лидери Владимир Путин менен сүйлөшүүнү ниет кылууда. Бул маалыматты 25-февралда француз президентинин аппараты таратты. Лидерлердин телефон аркылуу сүйлөшкөнү тууралуу маалымат 24-февралда БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириядагы атышууларды токтотуу боюнча бир добуштан кабыл алган чечимден кийин жарыяланды.   Франциянын президентинин администрациясы... Читать дальше...

Кышкы Олимпиада: мелдеш жана майрамдык шаң

Azattyk.org 

Түштүк Кореянын Пхёнчхаң шаарында өткөн кышкы Олимпиада-2018 да соңуна чыкты. Биз андагы театрлаштырылган шоу-программанын жана мелдештердин акыркы күнүндөгү эң бир кызыктуу жана кооз ирмемдерин сиз үчүн чогултуп койдук.

Чек ара: “Достуктагы” абал өзгөргөн жок

Azattyk.org 

Ош облусундагы кыргыз-өзбек “Достук” өткөрмө бекетинде жөө адамдардын тыгыны жоюлган жок. Бул тууралуу ошол жерге жүргөн “Азаттыктын” кабарчысы маалымдады. Анын айтымында, кыргыз тарапта болжол менен 500 адам Өзбекстанга өтө албай, кезек күтүп турат. 24-февралда Кыргызстандын Чек ара кызматы эки өлкө ортосунда соода жүгүртүү көбөйгөнүнө байланыштуу чек арада жөө адамдардын тыгыны пайда болууда деген маалымат тараткан. Анда тыгын эки тарапта тең катталып, аны жоюу үчүн кыргыз тарап чек ара көзөмөл пункттарын көбөйтүп жатканы айтылган. Читать дальше...

Олимпиаданын жабылышында Орусия өз желеги менен чыга албайт

Azattyk.org 

Эл аралык Олимпиада комитети Орусиянын спортчуларына Түштүк Кореянын Пхёнчхаң шаарындагы Олимп оюндарынын жабылуу аземинде өз өлкөсүнүн желеги менен чыгууга тыюу салды. 25-февралда Эл аралык Олимпиада комитетинин мүчөлөрү добуш берип, натыйжада орус спортчулары өз мамлекетинин желеги менен чыгууга тыюу салган чечим өзгөрүүсүз калды. Ошентип, бүгүнкү жабылуу аземинде дагы орус атлеттери Олимпиаданын нейтралдуу желеги менен чыгышат. Буга чейин Эл аралык комитет Олимпиада жүрүшүндө Орусия антидопинг эрежелерин сактай алса... Читать дальше...

Кыялкеч аялдардын клубу

Azattyk.org 

Гүлмира Сарман 50 жашка чейин врач болуп иштеген. Учурда режиссерлук, ырчылык, актерлук кесипти үйрөнүүдө. Ал өзүнө окшош демилгелүү курбалдаштары үчүн “49+” клубун ачып, жашоонун жаңы барагын ачып, жаш кездеги кыялдарына жетүүнү каалагандарга көмөк көрсөтөт. Анда “Азыркы Кыргызстандык” түрмөгүнүн каарманы тууралуу баяндан чогуу көрөлү.

ТАПИнин келечеги коопсуздукка көз каранды

Azattyk.org 

Түркмөнстан- Ооганстан-Пакистан-Индия же ТАПИ газ түтүгүнүн Ооганстандагы бөлүгүн куруу иштери башталды. Узундугу 1800 чакырым келген газ кууру эгер долбоордогудай кетсе, Түркмөнстан көгүлтүр отунун Индияга чейин жеткирүүсү керек. Бирок талдоочулар анын келечеги коопсуздук кырдаалына көз каранды болорун белгилешүүдө.

Молдо Нияздын мектеби кейиштүү абалда

Azattyk.org 

Кыргыз элинин атактуу даанышман акыны Молдо Нияздын балдарды окуткан үңкүрү кароосуз калып, ичин чөп басып кетти. Баткендин Кадамжай районуна караштуу Көтөрмө айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылында жайгашкан үңкүргө кирүүчү жол да жеке менчикке өтүп, тосулуп калган. Кыргыз жазма адабиятынын баштоочуларынын бири, ойчул, жазма акын Молдо Нияз өз учурунда ошол үңкүрдү мектеп катары колдонуп, жергиликтүү балдардын сабатын ачкан.

Украиналык диджей Кыргызстанды сындады

Azattyk.org 

Украиналык Юлия Михайлова (DJ Julia Mixa) аттуу диджей  “Инстаграм” “толеранттуулугу төмөн өлкөнү көрүп таң калып жатам. Кыргызстан артисттер үчүн "кара тизмеге" кирди” деп жазды. Бул билдирүүлөр кыргыз интернет колдонуучулар арасында кызуу талкуу жаратууда. 18-февралда Бишкектеги түнкү клубдардын биринде көкүрөгү ачык турган Юлия Михайлованын сүрөтү Интернетке тараган. 21-февралда күч органдары аны “бейбаштык” беренеси менен беш күнгө камакка алган. Эртеси диджейдин жактоочусу Бишкек шаардык сотуна арызданып Михайлова бошотулган. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *