Пхенчхаң Олимпиадасы: Канада менен Германия алтынды бөлүштү
19-февралда Пхенчхаңдагы Олимпиадада үч медал топтому ойнотулду. Лыжа менен трамплинден секирүү боюнча норвегиялык эркектер командасы чемпион болушту. Күмүш германиялыктарга, коло Польшанын атлеттерине буйруду. Коньки тебүүдөн да норвегиялык Ховард Лоренцен алтынды алып кетти. Экинчини Түштүк Корея спортчусу Ча Мин Кю, үчүнчү орунду кытайлык Гао Тиньюй жеңип алды. Баарынан да бобслейде кызык болду. Эки кишиден турган командалардын жарышында Германия менен Канаданын спортчулары экөө тең алтын медалга арзыды. Читать дальше...