Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2018

Новости за 22.02.2018

АКШнын элчилигине граната ыргытылды

Azattyk.org 

22-февралга караган түнү теги сербиялык киши АКШнын Подгорицадагы элчилигине граната ыргытып, кийин өзүн өзү жардырып жиберди. Дипмиссияда иштегендерден эч ким жабыркаган жок. Окуяны иликтөөгө АКШнын атайын кызматы да катышууда.

"Эл аралык мунапыс" дүйнө лидерлерин айыптады

Azattyk.org 

"Эл аралык мунапыс" уюму АКШнын президенти Доналд Трампты жана дүйнөнүн башка лидерлерин айыптады. Бул укук коргоочу уюмдун жаңы жарыяланган жылдык баяндамасында Трамп баштаган саясий лидерлер адам укуктарына көңүл бурбастан, башка өлкөлөр үчүн “коркунучтуу өнөкөт” жаратып жатканы айтылган.

Орусияда теракт аракетине айыпталган тажикстандыктар соттолду

Azattyk.org 

Москванын аймактык аскер соту Тажикстандын алты жаранын 12 жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыратты. Алар 2016-жылдын августунда борборго жакын Люберцы шаарында кичиавтобусту жардырууга аракет кылган деп айыпталды.  Тергөө алардын баары өзүн "Ислам мамлекети" атаган топтун мүчөлөрү деп билдирген. "Ал уюмга кирүү үчүн аларга теракт уюштуруу сунушталган", деп билдирди соттун маалымат кызматы.  Ошондон кийин алар кичиавтобусту жардырууну чечип, челекке салынган жардыргыч затты таштап кетишкен делет. Читать дальше...

Ошто кармалган өзбек укук коргоочу эркиндикке чыкты

Azattyk.org 

21-февралда өзбекстандык укук коргоочу, активист Исраил Халдаров абактан чыкты. Ал ушул эле күнү үйүнө келгенин "Азаттыктын" өзбек кызматына анжияндык укук коргоочу Саиджахон Зайнобиддинов кабарлады. Халдаров 2003-жылдан тарта оппозициялык "Эрк" партиясынын Анжиян облустук бөлүмүн да жетектеген. 2005-жылдын 13-майындагы кандуу окуядан кийин ал шаардагы чыныгы абал тууралуу коомчулукка маалымат жеткирип турган. Анын ичинде Бабур аянтында өлтүрүлгөн адамдар көмүлгөн жайды да айтып берген.  Ошол... Читать дальше...

Түрмөдөн кийинки түйшүк

Azattyk.org 

Чехиянын Йиржице аймагында адаттан тыш түрмө иштей баштады. Бул жерде темир тор жок, курал кармаган кароолчуну да көрбөйсүз. "Биз жана дүйнө" берүүсүндө дал ушул “Ачык түрмө” долбоору жөнүндө айтып беребиз. Ошондой эле Кыргызстанда жазасын өтөп чыккандар абактан кийинки жашоосун кандай улап кетээрин да талдайбыз.

Подгорицадагы АКШ элчилигине кол салган адамдын аты аталды

Azattyk.org 

22-февралдын түнүндө Черногория борборундагы АКШ элчилигине граната ыргыткан адамдын тек-жайы аныкталды. Жергиликтүү прокуратура жана полиция шектүү 1976-жылы Сербияда туулган Далибор Яукович деп маалымат таратты.  Тергөөчүлөр ал киши "жарылма куралды иштеткенден, аны элчилик тарапка ыргыткандан кийин жарылуудан өлгөн" деп болжолдоодо. Ал М75 үлгүсүндөгү гранатаны жардырган. Ошол аймакта жашагандар эки жарылуунун үнүн угушканын жергиликтүү медиа кабарлады. Өлкөдөгү негизги басылмалардын бири Vijesti... Читать дальше...

Иракта табылган Мариям туугандарын издейт

Azattyk.org 

Ирактагы качкындар лагеринде табылган Мариямдын Тажикстандагы туугандары аны мекенине кайтарууга аракет кылышат. 10 жаштагы кыз Мосул шаарындагы бомбалоодо ата-энесинен, бир туугандарынан ажыраган. Коңшу өлкөдө социалдык сайттарда тажик бийлигин тестиер кызды тезинен алып келүүгө үндөгөндөр көбөйдү.

Кара-Сууда тамактан ууланган дагы бир бала чарчап калды

Azattyk.org 

Ош облусунун Кара-Суу районунда тамакка ууланып, ооруканага түшкөн наристелердин дагы бирөө чарчап калды. Ош облустук балдар ооруканасынын өкүлдөрү "Азаттыкка" билдиргендей, 21-февралда түн ичинде чарчап калган бала эки жашта болчу. Кара-Суу районунда уулануунун белгилери менен он эки киши 13-февралда ооруканага түшкөн. Алардын бешөө балдар. Уулангандар бешик тойдо шире ичип, манты жегенин жакындары айтышкан. 17-февралда тамактан ууланган эки жарым жашар бала чарчап калган.  Учурда Кара-Суу райондук... Читать дальше...



Казакстанда латын алфавитинин жаңы варианты бекиди

Azattyk.org 

19-февралда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев латын арибине негизделген жаңы алфавитти кайра бекитти. Былтыр октябрь айында расмий кабыл алынган алфавиттин биринчи вариантындагы апостроф белгиси эми алып салынды. Коңшу өлкө 2025-жылга чейин латын арибине ырааттуу түрдө толук өтүүнү көздөйт.

Сириянын Чыгыш Гута аймагында чабуулдар токтой элек

Azattyk.org 

Сирия өкмөтүнүн жана анын өнөктөштөрүнүн аскер учактары бешинчи күнү да Чыгыш Гута аймагына сокку урду. Адам укуктарына байкоо салган "Сирия обсерваториясы" 22-февралда эле Чыгыш Гутага 300 снаряд атылып, 13 киши өлгөнүн, жарадарлар жүздөн ашып кеткенин билдирди.  БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш аймактагы эл "тирүүлөй тозокто" жашап жатканын айтып, бардык аскердик аракеттерди тез арада токтотууга чакырды. Бул пикирди уюмдун Сирия боюнча өкүлү Стеффан де Мистура да кайталады:  - Улуттар Уюмунун... Читать дальше...

Өкмөт эки аткаминерге сөгүш жарыялап, алтооно эскертүү берди

Azattyk.org 

Коррупцияга каршы күрөш боюнча мамлекеттик саясатты аткарууда жакшы жыйынтыктарды көрсөтө албаган бир катар мекемелердин жетекчилери тартиптик жазага тартылды. Мындай чечим өкмөттүн 22-февралдагы жыйынында кабыл алынды. Ага ылайык, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевге жана Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Абдухалык Шамшиевге сөгүш жарыяланды.  Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге... Читать дальше...

Согушкердин кызы туугандарын издейт

Azattyk.org 

Эл аралык мунапыс уюму АКШ президенти Дональд Трамп жана дүйнөнүн башка лидерлери кооптуу өбөлгө түзүүдө деп эскертти. Уюмдун жаңы жарыяланган жылдык баяндамасында алар адам укуктарына көңүл бурбай жатышканы айтылган. Пакистандын мурдагы премьер-министри Наваз Шариф кызматтан четтетилгенине байланыштуу бийликтеги партиянын лидери боло албайт. Мындай чечимди сот кабыл алды. Ирактагы качкындар лагеринде табылган 10 жаштагы Мариямдын Тажикстандагы туугандары аны мекенине кайтаруу аракетин көрүшөт.

Мас болуп ишке чыккан жетекчиге чара көрүлмөй болду

Azattyk.org 

Чаткал районунда жайгашкан Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругунун директорунун милдетин аткаруучу Мирлан Асанов жумуш учурунда коруктун башкы кеңсесинде спирттик ичимдик ичип, мас болуп  жүргөндүгү үчүн жазага тартылат. Бул тууралуу коруктун директору Райкан Аманкулов “Азаттыкка” билдирди. 21-февралда коруктун башкы кеңсесине жергиликтүү тургундар менен журналисттер барган учурда директордун орун басары жана убактылуу жетекчилик кызматты аткарып жаткан Мирлан Асанов иш бөлмөсүндө мас абалда отурганына күбө болушкан. Читать дальше...

Чаткал: Кен компаниялары куруп берген суу түтүктөрү керектен чыкты

Azattyk.org 

Чаткал районунун Башкы-Терек жана Коргон-Сай айылдарына эки жыл мурда кен казуучу компаниялардын эсебинен курулуп, пайдаланууга берилген таза суу түтүктөрү жараксыз болуп калды. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Шекербек Муратбеков бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Коргон-Сай айылына 2016-жылы таза суу чыгаруу үчүн элдин суранычы менен “Чанач” кен казган компаниясы 1,8 млн. сом каражат берген. Кийин ал сумма жетпей калгандыктан былтыркы жылы райондун өнүктүрүү фондунан дагы кошумча 2 млн. Читать дальше...

Жээнбековдун журналистке доосун канааттандырган өкүм күчүндө калды

Azattyk.org 

Жогорку сот бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун журналист Кабай Карабековго койгон доосу боюнча ишти карап, Свердлов райондук соту менен Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Карабеков өзү “Азаттыкка” билдирди. Соттун чечимине ылайык, эми Карабеков Жээнбековго 5 млн. сом төлөп бериши керек: - Коллегиялык соттун отуруму он мүнөткө да жеткен жок. Биздин жүйөлөрдү кыпындай да эске алышкан жок. Менин макаламда "бир тууган Жээнбековдор" деп жалпы жазылган, а Сооронбай Жээнбеков эмне үчүн өзүнө алып... Читать дальше...

Өзбекстанда "каржы пирамидасын" түзгөн адам 13 жылга кесилди

Azattyk.org 

Ташкент облустук соту "каржы пирамидасын" түзүп, көз боемочулук кылганы үчүн ишкер Ахмад Турсунбаевди 13 жылга кести. Дароо эле мунапыс менен жазасынын төрттөн бири кыскартылды. ​Турсунбаев 2016-жылы кармалган.  Өзбек тергөөчүлөрүнүн маалыматында, ишкер жергиликтүүлөр арасында Ахмадбай деген ат менен таанылган. Жылына 100-200% үстөк кошуп кайтарууга убада берип, элден акча, машине жана башка мүлктөрдү алып турган. Ага он миңдеген адам каражат бергени, бирок айтылган киреше тургай, тапшыргандарынын өзүн ала албай калышканы тергөөдө айтылган. Читать дальше...

ЖЭБдеги аварияны иликтеген депутаттык комиссиянын өкүлү маалымат берди

Azattyk.org 

Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияны жана ЖЭБди жаңылоону иликтеген депутаттык комиссиянын өкүлү, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов “Азаттыкка” комментарий берип, иликтөөдө белгилүү болгон айрым жагдайларды ачыкка чыгарды: - Бул жерде өтө көп талаш маселе бар. Мына, мисалы, техника-экономикалык негиздемени даярдоого, Кытайдан келген адистерди жайгаштырганга, ташыганга, андан сырткары жабдууларды алып келгенге эле 12 млн. доллар акча жумшалыптыр. 18 млн. доллар административдик чыгымдарга кетиптир. Читать дальше...

Депутаттын жарандыгы көп маселени козгоду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты, Казакстанда аткезчиликке шектүү катары кармалган Дамирбек Асылбек уулунун казак жарандыгы да бар экени ырасталды. Буга байланыштуу Казакстандын Тышкы иш министрлиги Кыргызстанга нота жиберди. Бул маалымат кыргыз коомчулугунда башка өлкөнүн жарандыгын алган киши кантип депутат болгон деген суроолорду пайда кылды.

Москвада Навальный жана анын штаб башчысы кармалды

Azattyk.org 

Орусиялык оппозициячы Алексей Навальныйды Москвада полиция кармап кетти. Саясатчы бүгүн тиш доктурдан чыгып келатканда кармалганын "Твиттердеги" барагына жазды.  Андан жарым саат мурда Навальныйдын федералдык штабынын башчысы Леонид Волков аэропорттон кармалган. Ал оппозициячынын тарапташтары жана ыктыярчылар менен жолукканы Уфага учмак.  ​20-январда Москвадагы райондук сот Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөш фондунун жетекчиси Роман Рубановду 10 суткага камакка алган. Ал 28-январда өткөн, шайлоого... Читать дальше...

Мюррей: Бириккен Корея командасынын келечегин айта албайм

Azattyk.org 

Түндүк жана Түштүк Кореянын бириккен хоккей командасын машыктырган Сара Мюррей бейшембиде маалымат жыйынын өткөрүп, оюнчулары менен сыймыктанып турганын билдирди. Ал хоккейчилердин бирөө эле каршы болсо жамаатка өтө кыйын болмок деген пикирин айтты.  - Башында "Түндүк келатат" дегенде оюнчулар сыяктуу мен да аз-маз каршы болгом. Бирок алар келип, биздин оюнчулар менен музга чыгар замат теңтайлаша аларын, ойногусу, үйрөнгүсү келерин көрсөтүштү. Ошон үчүн биз да аларды үйрөткүбүз келди, - деди Мюррей. Читать дальше...

"Тез жардам" унаалары боюнча комиссия түзүлөт

Azattyk.org 

Германиянын өнүктүрүү банкы Кыргызстан менен достукту чыңдоо программасынын алкагында 15 "Тез жардам" унаасын акысыз берүүнү чечкен. Тендер жарыяланып, Нидерланиядын Dutch Health компаниясы 2017-жылдын жай айларында машинелерди Кыргызстанга алып келмек. Ар түрдүү себептерден улам машинелер кечигип, декабрда гана Бишкекке келди. Бирок алардын бардыгы колдонулбай, гаражда чаң басып турат.

Салянова: Саясаттан кетпейм

Azattyk.org 

Бишкек шаардык сотунун чечими күчүнө киргенине байланыштуу депутаттык мандатынан ажыратыла турган оппозициячыл саясатчы Аида Салянова “Азаттыкка” маек курду. Анда Салянова парламенттен кийинки ишмердиги, өзүнө карата тагылган айыптар жана учурдагы коомдук-саясий абал боюнча көз карашын айтты.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *