Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2018

Новости за 26.02.2018

Түркия Ооганстандагы 12 мектепти өз көзөмөлүнө алды

Azattyk.org 

Түркия Ооганстандагы Гүлен кыймылына байланышы бар деген 12 мектепти өз көзөмөлүнө алды. Ооган-түрк мектептерин мындан ары Түркиянын "Маариф" деп аталган мамлекеттик билим фонду иштете турган болду.  26-февралда Кабулда мектептерди өткөрүп берүү салтанаты өтүп, ага Түркиянын билим министри Исмет Йылмаз жана анын ооган кесиптеши Мухаммад Ибрахим Шинвари катышты. Ооганстандын Билим министрлиги кабарлагандай, Түркия Ооганстандагы түрк мектептеринин санын көбөйтүүнү, жаңы жана тажрыйбалуу мугалимдерди алып келүүнү... Читать дальше...

"Чек арасыз кабарчылар" уюму президент Жээнбековго кайрылды

Azattyk.org 

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан "Чек арасыз кабарчылар" (RSF) уюму Кыргызстандагы медиа эркиндигинин абалы тууралуу тынчсыздануусун билдирип, журналисттерге коюлган доолорду токтотуу өтүнүчү менен президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.  Уюм 26-февралдагы билдирүүсүндө Кыргызстанда көз карандысыз журналисттерди опузалаган көрүнүштөр көбөйүп жатканын белгилеп, журналист Кабай Карабековдун Жээнбековдун "беделине шек келтирди" деп 5 миллион сомдук доого жыгылышы, "Заноза" сайтына байланыштуу баш-аягы 40 миллион сомдук доонун коюлушу... Читать дальше...

Атаева: Өмүрбек Текебаевдин ишин эл аралык уюмдар карайт

Azattyk.org 

Францияда жайгашкан "Борбор Азиядагы адам укуктары" деген уюмдун жетекчиси Надежда Атаева абактагы кыргыз саясатчысы Өмүрбек Текебаевдин ишин эми эл аралык уюмдар карай турганын "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, сегиз жылга эркинен ажыратылган оппозициялык саясатчынын иши боюнча доклад жакынкы күндөрү Бириккен Улуттар Уюмунун атайын баяндамачыларына берилет. Атаева Кыргызстан жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пакты ратификациялаганын, ага таянып БУУнун Адам укуктары комитети... Читать дальше...

Атаева: Текебаевдин алдында чоң иш турат

Azattyk.org 

Францияда жайгашкан "Борбор Азиядагы адам укуктары" аттуу уюмдун жетекчиси Надежда Атаева абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин ишин эми эл аралык уюмдар карай турганын билдирди. Cегиз жылга эркинен ажыратылган оппозициялык саясатчынын иши боюнча баяндама жакынкы күндөрү Улуттар Уюмунун атайын баяндамачыларына берилет.

Путин Чыгыш Гутада гуманитардык коридор ачууну буюрду

Azattyk.org 

Орусия 27-февралдан тарта Сириянын көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн Гута аймагында күн сайын гуманитардык коридор ачылып тураарын билдирди. Президент Владимир Путин ок атышууну күндүзгү саат 9дан 2ге чейин токтотууну буюрганын Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгуга шилтеме кылып, орус жаңылыктар агенттиктери жазып чыгышты.  Шойгунун айтымында, гуманитардык коридор жайкын тургундардын өкмөттүн курчоосунда калган бул аймактан чыгып кетишине мүмкүнчүлүк берет. Бул кабарга Сирия өкмөтү, көтөрүлүшчүлөр... Читать дальше...

Компартия Си Цзинпиндин бийлигин узартууну сунуштады

Azattyk.org 

Кытай лидери Си Цзинпиндин бийликтеги мөөнөтү узартылышы мүмкүн. Кытай Компартиясы мамлекет башчынын бийликте калуу мөөнөтүн аныктаган чекти алып салууну сунуштады. Башкача айтканда, буга чейин Кытайдын башчысы беш жылдан эки мөөнөт гана өлкөнү башкара алса, Си Цзинпинь үчүн Баш мыйзамдагы жобо жараксыз болушу мүмкүн.

Си Цзинпин бийликте өмүр бою калабы?

Azattyk.org 

Кытай лидери Си Цзинпиндин бийликтеги мөөнөтү узартылышы мүмкүн. Кытай Компартиясы мамлекет башчынын бийликте калуу мөөнөтүн аныктаган чекти алып салууну сунуштады. Башкача айтканда, буга чейин Кытайдын башчысы беш жылдан эки мөөнөт гана өлкөнү башкара алса, Си Цзинпин үчүн Баш мыйзамдагы бул жобо иштебеши мүмкүн.



Крымда "Pussy Riot" тобунун үч мүчөсү кармалды

Azattyk.org 

Крым жарым аралында орусиялык "Pussy Riot" панк тобунун мүчөлөрү кармалды. Алгач Ольга Борисова топтун бир мүчөсү Александр Софеев менен кошо 25-февралда кармалганын "Твиттердеги" барагына жазды.  Кийинчерээк топтун үчүнчү мүчөсү Мария Алёхина да Крымга келгенде кармалганын Борисова дүйшөмбү күнү билдирди.  Крымдык адвокат Эмил Курбединов "Pussy Riot" панк тобунун үч мүчөсү дүйшөмбү күнү медициналык институтка текшерүүдөн өтүш үчүн жөнөтүлгөнүн айтып, андан башка маалымат бере алган жок.  Текшерүүдөн... Читать дальше...

Асылбек Супатаев: Уулум Кыргызстанда туулуп-өскөн

Azattyk.org 

Казакстанда аткезчилик боюнча айыпталып кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун улуту кыргыз жана ал Караколдо туулуп-өскөн. Бул тууралуу депутаттын атасы Асылбек Супатаев “Азаттыктын” кабарчысына айтып берди.

Данисте: бытылдаган борбор шаар

Azattyk.org 

Көчөлөрү жөө баскандар үчүн ыңгайсыз борбор калаа, өз алдынча тасма тарткан бишкектик Нишана, мектепке машыгуу ийримин ачкан түптүн дзюдочу келин, өкмөттөн бир тыйын албай бала-бакча курган чаткалдык Чынара, таза суусу жана мончосу жок Нарындагы Кара-Чий айылы жана башка видеобаяндарды “Данистенин” жаңы чыгарылышынан көрө аласыздар.

Казакстанда мигранттар түшкөн автобус оодарылды

Azattyk.org 

Казакстанда мигранттар бараткан автобус оодарылып, кеминде тогуз жүргүнчү жаракат алды. Сириянын Чыгыш Гута аймагында «отуз күн ок атышпайбыз» деген макулдашуу сакталбай, чабуул токтобой жатат. Адам өмүрлөрү кыйылууда. Кытайдын лидери Си Цзинпинь өмүр бою бийликте калабы? Коммунисттик партия мамлекет башчылык мөөнөттү чектеген жобону алып салууну сунуштоодо. Нигериянын түндүгүндөгү Дапчи шаарынан өткөн дүйшөмбүдө уурдалган 110 кыз дале табыла элек. Өспүрүм кыздар Боко Харам тобунун жоочулары мектепке кол салгандан кийин жоголгон.

Түркия Чехиядан күрттөрдүн лидерин өткөрүп берүүнү өтүндү

Azattyk.org 

Түркия Сириядагы күрттөрдүн лидери Салих Муслимди өткөрүп берүүнү өтүнүп, Чехияга расмий кайрылды. Бул тууралуу түрк премьер-министринин орун басары Бекир Боздаг билдирди. Анын айтымында, Сириядагы күрттөрдүн "Демократиялык союз партиясынын" мурдагы төрагасы Салих Муслимдин иши 26-февралда Прага сотунда каралат.  Ал 24-февралда Анкаранын өтүнүчү менен Прагада кармалган. "Демократиялык союз партиясы" Анкараны "өз жараны болбогон адамды юридикалык негизи жок карматты" деп айыптап чыкты.  Түркия... Читать дальше...

Депутаттын атасы: Уулум Кыргызстандын жараны

Azattyk.org 

Расмий Астана Казакстанда аткезчилик боюнча шектүү катары кармалган Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу казак жараны экенин, Жамбыл облусунда туулуп-өскөнүн билдирген. Бирок депутаттын атасы өзү да, атадары да көлдүк экенин айтып, уулун казак жараны деген маалыматтарды четке какты.

ТИМ: Казакстандагы жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза болду

Azattyk.org 

Казакстандын Алматы облусундагы кыргызстандыктар катышкан жол кырсыгы жөнүндө маалымат такталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Буга чейин “Замандаш” ассоциациясы Бишкек-Алматы жолунда кыргыз жарандары түшкөн «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү автоунаа кырсыкка учурап, эки адам мерт болгонун кабарлаган. Алардын бири Кыргызстандын жараны, экинчиси Кыргызстанда туулуп-өскөн Казакстандын жараны болгону такталды. Баштапкы маалыматка караганда, автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, автобус менен кагышкан. Читать дальше...

27-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Кыргызгидромет 27-февралга чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, жолдорунда кар көчкү жүрөрүн эскертти. Унаалардын ортосундагы аралык 500 метр менен чектелиши зарыл. 27-февралда кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 1...6, күндүз 5…10; Таласта түнкүсүн 0…5... Читать дальше...

Словакияда иликтөөчү журналист киши колдуу болду

Azattyk.org 

Словакияда иликтөөлөрдү жүргүзүп келген 27 жаштагы журналист Ян Кучакты өз үйүндө сүйлөшкөн кызы менен кошо атып кетишти. Словак полициясынын башчысы Тибор Гаспардын айтымында, журналист менен анын сүйлөшкөн кызынын өлүгү 25-февралдын кечинде алардын Велка-Мака шаарындагы үйүндө табылган.  Полиция Ян Кучактын өлүмүнө анын журналисттик иликтөөлөрү себеп болушу мүмкүн экенин билдирди. Кучак "Aktuality.sk" интернет басылмасында иштеп келген.  Ал акыркы жолу 9-февралда баш калаа Братиславадагы кымбат... Читать дальше...

Асылбек уулунун атасы: Уулумдун улуту кыргыз, ал Кыргызстандын жараны

Azattyk.org 

Казакстанда аткезчилик боюнча айыпталып кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун улуту кыргыз жана ал Караколдо туулуп-өскөн. Бул тууралуу депутаттын атасы Асылбек Супатаев “Азаттыктын” кабарчысына айтып берди. Анын айтымында, уулу казак жарандыгын алганы тууралуу эч кабары жок болчу. - Уулубуз Караколдо төрөлүп, кийин 8-класстан соң Бишкекке спорт мектебине кеткен. Анын Казакстанда туулганы жана улуту казак экени тууралуу маалымат жалган, - деди Асылбек Супатаев. Ошондой... Читать дальше...

Орусиянын соту Собчактын Путин тууралуу арызын четке какты

Azattyk.org 

Орусиянын Жогорку соту президенттикке талапкер Ксения Собчактын президент Владимир Путинге байланыштуу апелляциялык арызын четке какты. Бул тууралуу "Интерфакс" маалымат агенттиги кабарлады. Февраль айынын ортосунда журналист Собчак Путиндин президенттикке талапкер болуп катталышын мыйзамсыз деп табууну өтүнүп сотко кайрылган. Ал өз арызында Путиндин буга чейин үч мөөнөт президент болуп иштегенин жүйө келтирип, анын быйылкы президенттик шайлоого кайра катышууга укугу жоктугун белгилеген.  16-февралда... Читать дальше...

Бектур Асанов №1 тергөө абагына которулду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, абакта 20 күндөн ашык ачкачылык кармаган Бектур Асанов Бишкектеги №1 тергөө абагына которулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кабарлады. Асанов өткөн жуманын соңунда №47 абактан которулган. Буга саясатчынын ачкачылыкты токтоткону себеп болду. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы саясатчынын саламаттыгына тергөө абагындагы дарыгерлер көз салып турарын маалымдады. Буга чейин Асанов менен кошо соттолгон жана ачкачылык кармаган Жогорку Кеңештин мурдагы... Читать дальше...

Лестер шаарындагы жарылуудан төрт киши мерт болду

Azattyk.org 

Улуу Британиянын Лестер шаарындагы жекшембинин кечинде болгон жарылуудан төрт киши мерт болду. Дагы төрт киши жарадар болгонун жергиликтүү полициянын өкүлдөрү дүйшөмбүдө билдиришти.  Дүкөн жана турак үйлөр жайгашкан үч кабаттуу имаратта адегенде катуу жарылуу болуп, андан соң өрт чыккан. Лестердин полициясы окуяны азырынча теракт деп атаган жок. Жарылуунун болжолдуу себептери тууралуу да маалымат бериле элек.  2017-жылы Улуу Британияда бир нече террорчул чабуулдар болуп, андан баш аягы 34 адамдын өмүрү кыйылып... Читать дальше...

Сапар Исаков: Акимдердин иши талданып жатат

Azattyk.org 

Премьер-министр Сапар Исаков учурда акимдердин иши талданып жатканын, анын жыйынтыгы менен айрым район башчылары кызматтан алынарын билдирди. Бул тууралуу премьер-министр “Азаттык” үналгысынын суроолоруна жооп берип жатып айтты. - Бүгүнкү күнгө чейинки иштеринин жыйынтыгын, натыйжасын карайбыз. Көрүп жатасыздар, айрым акимдерди алмаштырып, карап жатабыз, - деди Сапар Исаков. Ошондой эле премьер-министр өкмөттүн облустагы өкүлдөрүн алмаштыруу боюнча азырынча ниети жоктугун, бирок ишинде кемчилик... Читать дальше...

БУУ Сириядагы кармашты "дароо" токтотууга чакырды

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш Сирияда кармашып жаткан тараптарды ок атышууну 30 күнгө токтотуу жөнүндө чечимди дароо аткарууга чакырды. Ал БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жылдык сессиянын ачылыш аземинде сүйлөп жатып, эл аралык көмөктөшүү агенттиктери Дамасктын жанындагы көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн Чыгыш Гута аймагына гуманитардык жардам жеткирүүгө даяр экенин айтты.  - Чыгыш Гута күтө албайт. Бул - жер жүзүндөгү тозокту токтотуунун учуру, - деди Женевадагы жыйынга келген Гутерреш. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *