Порошенко менен Путин телефондон сүйлөштү
Украинанын президенти Петро Порошенко менен Орусиянын лидери Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул маалыматты Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков да тастыктады.
Киевдин демилгеси менен башталган эки президенттин сүйлөшүүсү узак болгону айтылды.
Песковдун сөзүнө караганда, украин президенти Орусиядагы кыйраган учакка байланыштуу көңүл айтып, авиакырсыктын себебин иликтөөгө жардам берүүнү сунуш кылды.
Ошондой эле сүйлөшүүдө эки президент Жаңы жыл алдында башталган Украинанын чыгышындагы жаңжалда согуш туткундарын алмашууну талкуулашты. Андан сырткары өлкө башчылары «Минск макулдашуусун аткаруудан башка жол жок экенин» моюнга алышканын Песков билдирди.
Буга чейин президент Порошенко немистердин "Bild" басылмасына курган маегинде Минск макулдашуусун аткарбай, Украинанын чыгышында жаңжалдын күчөшүнө байланыштуу Путинди айыптаган.
Путин менен Порошенко 14-февралда Мюнхенде өтчү «норманд төрттүгүнө» кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынын да сөз кылышты.
Эки лидердин телефондон сүйлөшүүсү 12-февралда Минск макулдашуусуна үч жыл толгондо болду.
Киев эки президенттин сүйлөшүүсү “норманд төрттүгүнө” жана АКШга белгилүү болгонун билдирди.
«Норманд төрттүгү» соңку ирет 2017-жылы жайында кездешкен. Анда Порошенко, Путин, Макрон, Меркел Донбастта ок атышууну токтотууну талкуулашкан эле.