Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулуна жана дагы эки кыргыз жаранына Алматы шаарындагы Кыргызстандын консулдугу тиешелүү укуктук жардам берет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаментинин башчысы Муратбек Азымбакиев “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, учурда кыргыз жарандары шек саналган иш боюнча тергөө жүрүп жатат.
- Кайсы бир өлкөдө ар кыл кырдаалга туш болгон Кыргызстандын жарандарына жардам берүү - дипломаттык жана консулдук мекемелердин милдети. Жарандардын макамына карабай консулдуктун кызматкерлери мыйзамга ылайык укуктук жардам көрсөтөт, - деди Азымбакиев.
Алматынын Алмалы райондук соту депутат Дамирбек Асылбек уулун, аны менен бирге кармалган Улан Мурадиловду жана Чыңгыз Абакировду Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин “Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу ири өлчөмдөгү товар жана башка предметтерди алып өтүү” жана “Трансулуттук уюшкан топко же трансулуттук кылмыштуу топко аралашуу” беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде эки айга камакта алуу жөнүндө чечим чыгарды.
Алар 17-февралда аткезчилик жана мыйзамсыз соода жүгүртүүгө каршы Казакстандын Башкы прокуратурасынын жетекчилиги менен жүргүзүлгөн ири операциянын жүрүшүндө кармалганы айтылган. (BkA)
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
Семинар библиотекарей Ленинского округа прошел в Центральной библиотеке
Владимир Путин сенсационно получил ключевое признание от Н А Т О.
Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России
Попурри мелодий и дух патриотизма: военный оркестр в парке «Кузьминки» отметил День России
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Объект культурного наследия «Фабрика-кухня» горит на севере Москвы