Иран Тажикстандын элчисин чакыртып нааразылыгын билдирди
Ирандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Тегерандагы элчисин чакыртып алып, чет өлкөлүк туристтерге кол салууну Иранга байланыштырганы үчүн расмий Дүйшөмбүгө нааразылыгын билдирди.
Ирандын тышкы саясий мекемеси тараткан билдирүүгө ылайык, 1-августта элчи Нематулло Эмомзадага тажик өкмөтүнүн “жалган жана негизсиз” дооматтары тууралуу “катуу” нааразылык айтылды.
29-июлда Хатлон облусунун тоолуу жолдорунун биринде чет өлкөлүк велосипедчи-туристтердин тобун машине сүзгөндө эки америкалык, бир голландиялык жана бир швейцариялык жаран каза тапкан, үч киши жарадар болгон. “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму видео таратып, кол салгандар анын мүчөлөрү экенин билдирген.
Бирок Тажикстандын Ички иштер министрлиги теракттын артында өлкөдө тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу партиясы” турганын айтып келатат. Партия дооматтарды четке кагууда.
Министрлик кол салгандарды “Иранда машыгуудан өткөн” партиянын “жигердүү мүчөсү” баштап жүргөнүн айткан. Тажик бийлиги бул маалыматтардын далилдерин келтире элек.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бахрам Касеминин айтымында, элчи менен сүйлөшүүдө суни экстремисттерге “көңүл кош мамиле” кылуу чөлкөмдөгү туруктуулукка, коопсуздукка жана тынчтыкка залакасын тийгизери белгиленди.
Укук коргоочу уюмдар тажик бийлигинин “Ислам кайра жаралуу” партиясына мамилесин айыптап келатышат. Партия 2015-жылы террордук уюмдардын тизмесине киргизилип, тыюу салынган.