Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2018

Новости за 01.08.2018

Грузияда 13 өлкөнүн аскер машыгуусу башталды

Azattyk.org 

Грузиянын президенти Гиоргий Маргвелашвили өлкөнүн бир бөлүгүн окупациялагандыгы үчүн Орусияны айыптады. 1-августта АКШ жана НАТОнун башка мүчөлөрү менен эки жумалык аскердик машыгууну ачып жатып президент: “Биз бүгүн кошуна Орусия 20 пайыз жерин мыйзамсыз окупациялаган өлкөнүн аймагында турабыз”, - деди. Грузияда ушуну менен төртүнчү ирет өткөрүлүп жаткан машыгууга НАТОнун мүчөсү болбогон Украина, Армения жана Азербайжан да катышууда. Бир нече күндөн кийин Грузия менен Орусиянын ортосундагы 5 күндүк согушка 10 жыл болот. Читать дальше...

"Левада": Орусияда митингчил маанай күчөдү

Azattyk.org 

"Левада-борборунун" жаңы сурамжылоосуна ылайык, орусиялыктардын экономикалык талаптар менен митингдерге чыгууга даярдыгы 2000-жылдан бери эң жогорку чекти көрсөттү. "Эгер мындай массалык нааразылык акциялары болсо, жеке өзүңүз ага катышасызбы же жокпу?" деген суроого сурамжылоого катышкандардын 28 пайызы "ооба" деп жооп беришкен. Президент Владимир Путин бийлик башына келгенден бери бул көрсөткүч мынчалык жогору болгон эмес. Буга чейин 1998-жылы гана орусиялыктардын 33 пайызга чукулу экономикалык... Читать дальше...

Кытайлык казак Сайрагүл Сауытбай сот залынан бошоду

Azattyk.org 

Алматы облусунун Жаркент шаарындагы сот кытай жараны, улуту казак Сайрагүл Сауытбайды чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн алты айга шарттуу кесип, бирок аны Казакстанда калтыруу тууралуу өкүм чыгарды. Судья Сауытбайга жаза чегерүүдө Казакстан кол койгон БУУнун Балдардын укуктары жөнүндөгү конвенциясы эске алынганын айтты. Шаршембидеги өкүмдөн кийин Сайрагүл Сауытбай сот залынан бошотулду.

Жеңиш: Кыргызстанды биз көтөрөбүз

Azattyk.org 

Жеңиш Исамамбетов Түштүк Кореянын Ансан шаарында заводдо иштейт. Кореяда үй-бүлө куруп, кыздуу болушкан. Мекенинде бизнес түптөгүсү келет. Ал четтеги мигранттардын тапкан каражаты, тажрыйбасы менен жакынкы жылдары Кыргызстан өнүгөт деп ишенет.

Ирандын президенти Роухани парламентке чакырылды

Azattyk.org 

Ирандын президенти Хасан Роухани бир айдан кийин өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыктар боюнча парламентке маалымат бермей болду. IRNA мамлекеттик жаңылыктар агенттиги 1-августта кабарлагандай, депутаттар экономиканын солгундашы, жумушсуздуктун күчөшү жана улуттук валютанын куну кетиши боюнча Роуханиден түшүндүрмө талап кылып жатышат. Алар ошондой эле Тегеран менен дүйнөнүн алты дерважасы өзөктүк келишимге эки жыл мурда кол койгонуна карабастан, ирандык банктар глобалдык каржы кызматтарын толук колдоно албай жатканына да көңүл бурушууда. Читать дальше...

Денис Тен - жарк эткен жылдыз

Azattyk.org 

Казакстандык 12 жаштагы Нурали Бейсекожа маркум фигурист Денис Тенге арнап музыка жазды. Көркөм муз тебүү боюнча белгилүү спортчу Денис Тенди 19-июлда түштө Алматынын борбордук бөлүгүндө кылмышкерлер бычактап кетишкен. Полициянын маалыматына караганда, ага автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген эки белгисиз адам кол салган. Тен алган жараатынан ооруканада каза тапкан. Денис Тен 1993-жылы 13-июлда Казакстанда төрөлгөн. Ал 2014-жылы Сочиде өткөн Олимпиадада коло медаль тагынган. Андан бир жыл мурда Дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган.

Коррупциялык иштер үчүн ачылган эсепке 235 млн. сомго жакын акча түштү

Azattyk.org 

Коррупциялык иштер үчүн ачылган атайын эсепке 31-июлга карата 234,8 млн. сом которулду. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады. Анын маалыматына караганда, эсепке түшкөн каражаттын 63,3 миллион сомун Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финпол), 111,6 млн. сомду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) которгон. Ал эми Башкы прокуратура которгон каражаттын суммасы 59,6 млн. сомду түзсө, Ички иштер министрлиги 533 миң сом төктү. Президент Сооронбай Жээнбеков... Читать дальше...



Балдар үйлөрүнүн системасын реформалоо тобу түзүлдү

Azattyk.org 

Балдардын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын, баланын үй-бүлөдө жашоо укугун коргоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, ошондой эле үй-бүлө институтунун ролун күчөтүү максатында эксперттик жумушчу топ түзүлдү. Буга байланыштуу буйрукка президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Досалы Эсеналиев кол койду. Топтун курамына мамлекеттик органдардын, балдардын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын камсыз кылуу ишин жигердүү жүргүзгөн өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү кирди. Жумушчу топ бул маселени иликтеп чыгып... Читать дальше...

Кыргыз жигиттин Сахалиндеги эрдиги

Azattyk.org 

Сахалинде бир аялды куткарып жатып сууга чөгүп кеткен кыргызстандык жигиттин сөөгү мекенине жиберилди. 17 жаштагы жигит Орусияга жайкы эс алууга барып, 29-июлда шаардын четиндеги көлмөдө эс алып жүргөндө кырсыкка кабылган.

Акылбек Осмоналиев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалды

Azattyk.org 

Акылбек Осмоналиев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 1-августта кол койгону жөнүндө маалымат өкмөттүк аппараттан алынды. Ош облусунун Ноокат районунда туулган Акылбек Осмоналиев буга чейин президент менен өкмөттүн иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп иштеп турган. Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турган кезинде өкмөт аппаратынын жетекчиси болуп эмгектенген. Ага чейин Улуттук статистика комитетинин төрагалыгын аркалаган эле. Читать дальше...

Орус журналисттеринин ойго салган өлүмү

Azattyk.org 

Борбордук Африка Республикасында орусиялык журналист Орхан Жемаль, оператор Кирилл Радченко жана режиссер Александр Расторгуев киши колдуу болду. Чыгармачыл жамаат “Вагнердин аскердик жеке компаниясы” деген ат менен белгилүү орусиялык кошуундун ал өлкөдөгү жалданма аскерлери жөнүндө даректүү фильм тартмак. Орусиялык тергөөчүлөр кылмыш ишин иликтеп жатышат.

Аба ырайы: тоолорго кар жаайт

Azattyk.org 

2-августта Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түнкүсүн бийик тоолуу райондордо жаан жана кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет.  Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 14...19, күндүз 25...30, Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 24...29, Ошто, Жалал-Абадда... Читать дальше...

Орусия Армениядагы мурунку лидерлердин камалышын сындады

Azattyk.org 

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва Армениядагы жаңы бийликтин мурдагы лидерлерге кылган мамилесине тынчсызданып турганын билдирди. Ал жаңы армян жетекчилеринин кадамдарында саясий өңүт бар экенин 31-июлда айтты. "Соңку бир канча күндөгү окуялар Армениянын жаңы жетекчилигинин "мурдагы лидерлерди саясий куугунтукка албайбыз" деген билдирүүлөрүнө каршы келет", - деди Лавров. Орус тышкы иштер министринин мындай билдирүүсүнөн мурда Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочарян камакка алынган. Читать дальше...

Токтонасыров: Уландын окуясы дыкат текшерилсин

Azattyk.org 

Укук коргоочу жана жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров 1-августта "Уланбек Эгизбаевдин окуясы дыкат текшерилсин" деген жазуусу бар плакат көтөрүп өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыкты.

Абактагы Текебаев ооруканага жатты

Azattyk.org 

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев 31-июлда №47 абактан Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна которулду.

Каракол шаардык кеңеши мэр Арпачиевге ишеним көрсөткөн жок

Azattyk.org 

Каракол шаардык кеңешинин депутаттарынын көпчүлүгү мэр Данияр Арпачиевге ишенбестик көрсөтүштү. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Сейит Өскөнбаев билдирди.  Анын айтымында, 31-июлдагы кеңештин 21-сессиясына катышкан 30 депутаттын 28и шаардын жетекчисине ишеним көрсөткөн эмес.  - 2017-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү тууралуу отчетту кабыл алган эмеспиз, "канааттандырарлык эмес" деп табылган. Андан сырткары, шаарда жол, тратуар, фонтан, аялдама, борбордук көчөлөргө... Читать дальше...

Эгизбаевдин өлүмүнүн себептерин иликтөө бир айга узартылды

Azattyk.org 

“Азаттыктын” иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнүн себептерин иликтөө бир айга узартылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү Сүйүнбек Мунайтбасов билдирди:  - Эгизбаев чөгүп кеткен окуя Ысык-Көл районунда кылмыш каттоо китебине катталып, иликтөө иши жүрүп жатат. Жазык-процессуалдык кодексте көрсөткөндөй кылмыш боюнча үч же 10 күндүн ичинде чечим кабыл алынышы керек. Эгер бул аралыкта чечим кабыл алынбаса, прокурордун макулдугу менен бир айга узартылат. Бул... Читать дальше...

Кытайлык казак Сайрагүл Сауытбай сот залынан бошотулду

Azattyk.org 

Алматы облусунун Жаркент шаарындагы сот кытай жараны, улуту казак Сайрагүл Сауытбайды чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн алты айга шарттуу кесип, бирок аны Казакстанда калтыруу тууралуу өкүм чыгарды. Судья Сауытбайга жаза чегерүүдө Казакстан кол койгон БУУнун Балдардын укуктары жөнүндөгү конвенциясы эске алынганын айтты. Шаршембидеги өкүмдөн кийин Сайрагүл Сауытбай сот залынан бошотулду. Ага чейин мамлекеттик айыптоочу Сауытбайдын эрезеге жете элек балдары бар экенин эске алып, ага сыртынан көзөмөл... Читать дальше...

Мексикада учак кыйрап, жүргүнчүлөрү аман калды

Azattyk.org 

Мексикада "Aeroméxico" аба жолдоруна таандык жүргүнчү учагы асманга көтөрүлгөндөн беш мүнөт өтпөй жерге кыйрап түшүп, борттогу 103 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрүнүн баары аман калды. Бирок шейшемби күнү болгон кырсыктан кеминде 97 киши жабыркаганы белгилүү болду. Дуранго шаарынан Мехикого жол тарткан "Embraer 190" учагы так эмне себептен кулап түшкөнү азырынча аныктала элек. Бирок бийлик өкүлдөрү кырсыкка аба ырайы себеп болгонун айтып жатышат. Окуя болгон штаттын губернатору Хосе Росас Аиспуро учак катуу шамалга туш болгонун... Читать дальше...

Өзбекстан экстремисттик мүнөздөгү сайттарга бөгөт коёт

Azattyk.org 

Өзбекстан экстремисттик мүнөздөгү маалыматтарды камтыган интернет сайттарына расмий бөгөт коё баштайт. Мындай чаралар каралган мыйзамга өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 31-июлда кол койду. Документ расмий жарыялангандан үч айдан кийин күчүнө кирет. "Экстремисттик уюмдардын материалдары, белгилери жана атрибуттары белгиленген тартип боюнча өчүрүлүп же жок кылынышы керек. Эгер өчүрүүгө мүмкүн болбосо, анда андай маалыматтарды колдонууга чектөө коюлат", - деп жазылган мыйзамда. Документке ылайык... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *