Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2018

Новости за 14.08.2018

Түркиянын Анталия шаарында консулдуктун өкүлчүлүгү ачылды

Azattyk.org 

Анталияда консулдук ачылганы тууралуу "Азаттык" радиосуна Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунун өкүлү Азиз Аданов билдирди.  - Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин буйругу менен Түркиянын Анталия шаарында Стамбулдагы башкы консулдуктун өкүлчүлүгүн ачтык. Азырынча майдан октябрь айына чейин туристтик сезондо кызмат кылабыз. Мындан кийин жарандарыбыз Стамбулга учуп барбай эле Анталия шаарындагы кеңсебизге кайрылса болот. Буга чейин Түркияда Анкара шаарында Кыргызстандын элчилиги жана... Читать дальше...

Казакстан: Кытай аскер техникалары Орусияга баратат

Azattyk.org 

Казакстандын Коргоо министрлиги өлкө аймагы аркылуу Кытайдын аскер техникалары Орусияга баратканын ырастады. Аскер күчтөрү Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) контртеррористтик машыгууларына катышары пландалган. Министрлик кытайлыктар Орусиянын Челябинск облусундагы Чебаркуль полигонуна баратат деп тактады. Расмий маалыматтарга караганда, Кытай аскер техникаларын аймактык “Чыгыш” колбашчылыгынын кароолу коштоп жүрөт. Августтун аягында өтө турган “Тынчтык миссиясы” машыгуусуна ШКУ өлкөлөрүнүн – Кыргызстан... Читать дальше...

"Кудайдын колу" тиреген көпүрө

Azattyk.org 

Чейрек кылымдан бери талаштагы Каспийдин макамы аныкталды. АКШ долларынын куну өсүп, жергиликтүү валютанын арзандашына эмне себеп болууда? Түндүк менен Түштүк Корея быйылтан тарта ымалага келип, ынтымак сүйлөшүүлөрүн баштады. Эки бир тууган Кореянын окшоштугу менен айырмасы кандай? Вьетнамда “Кудайдын колу” кармаган көпүрө салынды.

Барак эксклавы Өзбекстандын башка жерине алмаштырылышы мүмкүн

Azattyk.org 

Кыргызстандын Өзбекстандагы эксклавы ушуга окшогон башка жерге алмаштырылышы мүмкүн. Кыргыз өкмөтүнүн маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгул уулу бул маселе кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык жумушчу тобунун 7-августта Фергана шаарында өткөн жыйынында каралганын “Азаттык” радиосуна билдирди. - Кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык жумушчу тобунун жыйынында Барак маселеси да каралган. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо иштери эки өлкөнүн премьер-министрлери бекиткен жумушчу тобу тарабынан алынып барылып жатат. Читать дальше...

Казакстанда Каспийден кармалган азербайжандыктар соттолду

Azattyk.org 

Казакстандын соту Азербайжандын төрт жаранын алты айдан эркинен ажыратты.  Мангыстау облусундагы сот азербайжандыктарга "чек араны бузуп өткөн жана осетр балыгына мыйзамсыз тор салган" деп айып таккан.  Каспийдеги осетр балыгынын икрасы дүйнөдөгү эң кымбат деликатестердин катарында.  Кесилгендердин аттары аталган жок. Алар жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин дагы беш жыл бою Казакстанга киргизилбей турган болду.  Советтер Союзу кулагандан бери Каспийдин деңиз же көл экени расмий аныкталбай... Читать дальше...

Өзбекстан: сүйүшкөн жаштар поездге боюн таштады

Azattyk.org 

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунда 17 жаштагы кыз менен 20 жаштагы жигит поезддин алдына боюн таштап, жашоо менен кош айтышты. Алардын сөөгү ишемби күнү жерге берилген.  Жакындары кыздын атасы экөөнүн никесине каршы болушканын билдирип жатышат.  "Кыз быйыл 11-класска көчкөн. Экөө бири-бирине ашык эле. Бирок туугандарынын бири кыз менен жигиттин бирге болушуна караманча каршы болду. Көпчүлүк "булардын өз өмүрүнө кол салышына ошол эле себеп болду" деп жатат. Бул бүтүндөй айыл үчүн чоң кайгы болду" деди Кумкыштактагы маркумдардын айылдашы. Читать дальше...

Италияда көпүрө кырсыгынын курмандыктары көбөйүүдө

Azattyk.org 

Италиянын Генуя шаарындагы көпүрө кырсыгынан өлгөндөр 30 кишиге жеткенин Транспорт министрлиги билдирди. Жабыркаган сегиз киши ооруканага жеткирилди. Куткаруучулар дале урандыларды аңтарып, адамдарды издеп жатышат. Моранди көпүрөсү үйлөрдүн жана темир жолдун үстүнөн өтөт. Анын темир жолдун үстүндөгү, жарымынан көп бөлүгү урап түшкөн. Өтүп бараткан автоунаалар да кошо кулаган.  - Кеминде эки жүк ташуучу унаа, эки жеңил машине кулаганын көрдүм, – деди Кузано аттуу күбө.   Моранди көпүрөсү 1960-жылдары курулган, бийиктиги 50 метр. Читать дальше...

Конгресс Орусияга каршы санкцияларды күчөткөн долбоорду жарыялады

Azattyk.org 

Шейшембиде АКШ Конгрессинин сайтында Орусияга каршы мурдагы санкцияларды күчөтө турган мыйзам долбоору жарыяланды. Аны мурда эки партиянын тең өкүлдөрүнөн турган сенаторлор сунуш кылышкан.  "Американы Кремлдин агрессиясынан коргоо мыйзамы" аттуу документ АКШ менен Орусиянын президенттеринин 16-июлдагы жолугушуусунан кийин кабыл алынган.  Мыйзам долбоорунда Крым, Скрипалдардын ууланышы, Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоо жана Сириядагы согуштагы Орусиянын ролу чечмеленген.  Документ кабыл... Читать дальше...



"Тазалыктын" башчысы мэрдин орун басары болду

Azattyk.org 

Бишкек мэринин орун басары Эркин Исаков кызматтан кетти. Ал өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын мэриянын басма сөз катчысы Калперизат Айдарбекова “Азаттык” радиосуна ырастады. Анын ордуна “Таалык” мамлекеттик ишканасынын директору Рысбек Сарпашев келгенин мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев билдирди. Бишкектин жаңы шайланган мэри Азиз Суракматов расмий түрдө бүгүн, 14-августта кызматына киришти. Мэриянын жамаатына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырып, шаар... Читать дальше...

Саякбай айкөл болгон

Azattyk.org 

Кыргыздын залкар манасчысы Саякбай Каралаевдин (1894–1971) өмүр жолун аздектеп иликтеп жаткан илимпоз Данияр Исанов манасчынын кызы Гүлсүн апа менен баарлашып, айрым жылмаюу туудурган окуяларды жазып сунуш кылды.

Орусияда авиабилеттер кымбаттайт

Azattyk.org 

Түркия АКШда чыгарылган электрондук жабдууларга бойкот жарыялайт. Ооган армиясы стратегиялык Газни шаарынан “Талибандын” согушкерлерин дээрлик сүрүп чыкканын жарыялады. Корей музыкасы- Kpopтун күйөрмандары Лос-Анжелесте Кcon фестивалына чогулушту.

Мэриядан бошотулган кызматкердин жакындары журналистке каршы даттанышты

Azattyk.org 

"Коомдук телерадиокорпорациянын (КТРК) “Ала-Тоо-24" каналынын журналисти Бурулай Пусурманкулованы сөгүп, акарат келтирди" деп иштен бошотулган Бишкек мэриясынын кызматкери Рустам Бейшеналиевдин жакындары журналистке каршы арызданды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бейшеналиевдин апасы Калыгүл Бейшеналиева билдирди. Анын айтымында, арыз президенттик аппаратка, КТРКнын башкы директоруна, Байкоочу кеңешине жиберилди. Анда жаңжалга Пусурманкулованын да күнөөсү бар экени, эми өз кызмат абалын пайдалануу менен... Читать дальше...

Түркия айфонго бойкот жарыялайт

Azattyk.org 

Түркия АКШда чыгарылган электрондук жабдууларга бойкот жарыялайт. Президент Режеп Тайип Эрдоган мындай чечимди Түркияга каршы "экономикалык чабуулга" жооп катары мүнөздөдү. Андан мурда АКШ эки түрк министрине санкция салып, Түркиядан ташылган алюминий менен болоттун бажы төлөмүн көбөйткөн. Бул жагдай түрк лирасынын курсунда рекорддук төмөндөөгө себепчи болгон.

Түркия айфондон баш тартууну көздөп жатат

Azattyk.org 

Түркия АКШда чыгарылган электрондук жабдууларга, анын ичинде "Apple" компаниясынын товарларына бойкот жарыялаганы турат. Президент Режеп Тайып Эрдоган мындай чечимди Түркияга каршы "экономикалык чабуулга" жооп катары мүнөздөдү.  - Биз чет өлкөлүк валюта менен сырттан алып келген ар бир товарды бул жакта дагы жакшы сапатта өзүбүз өндүрөбүз. Эми ал товарларды өзүбүз экспорттой баштайбыз. АКШнын электрондук жабдууларына бойкот жарыялайбыз. Эгер аларда "Iphone" болсо, башка жакта "Samsung" бар, - деди Эрдоган шейшембидеги билдирүүсүндө. Читать дальше...

15-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

15-августта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 30...35; Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 28...33; Баткен облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 31...36; Ош, Жалал-Абад облустарында 16...21, күндүз 31...36; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10...15, күндүз 24...29, Нарын облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 23...28 градуска жетет. Бишкекте 16-августта жаан-чачын жаабайт. Читать дальше...

Гербдин автору Асеин Абдраев каза болду

Azattyk.org 

Кыргызстандын гербинин авторлорунун бири, сүрөтчү Асеин Абдраев 70 жашында каза болду. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэриясы кабарлады. Маалыматка ылайык, Абдраев узакка созулган оорудан улам 13-августта көж жумду. Маркумду акыркы сапарга узатуу аземи 16-августта Нарын шаарында өтөт. Асеин Абдраев 1948-жылы Нарын районундагы Ак-Чий айылында туулган. 1969-жылы Бишкек сүрөтчүлөр окуу жайын, 1980-жылы Алматыдагы Абай атындагы университетти бүткөн.  1994-жылы милициянын генералы Садырбек Дубанаев менен... Читать дальше...

Вестминстердеги окуя теракт катары бааланууда

Azattyk.org 

Лондондогу парламент имараты - Вестминстер сарайынын тосмосун жана анын оро-парасында жүргөн кишилерди унаасы менен сүздүргөн киши "террордук кылмышка" байланыштуу шек саналууда. Кесепеттен кеминде эки адам жарадар болгон. Бул тууралуу Лондон полициясы билдирүүдө.  "Окуя болгон жерде автоунаанын айдоочусу - эркек киши кармалды" деген кабар полициянын "Твиттер" барагына жарыяланды.  Окуяны терроризмге каршы командачылык иликтей баштады.  Күбөлөр шектүү айдоочу унаасын катуу айдап адегенде жөө жүргүнчүнү... Читать дальше...

Журналистке мыйзамсыз иш козгогон тергөөчүлөргө кылмыш иши ачылды

Azattyk.org 

Башкы прокуратура журналист Элнура Алкановага карата иш ачкан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финполиция) тергөөчүлөрүнө кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Алканова Башкы прокуратуранын расмий маалыматына таянып билдирди. Анын айтымында, тергөөчүлөр Кылмыш-жаза кодексинин "Күнөөсүз экендиги белгилүү адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу" беренеси боюнча шек саналууда. Алканова Башкы прокуратурага Финполициянын Тергөө башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Ажибаев менен... Читать дальше...

Тармактык департамент "Абанын бешинчи эркиндигине" түшүндүрмө берди

Azattyk.org 

Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация департаменти өкмөт жакында киргизүүнү пландап жаткан "Ачык асман" долбоорунун алкагында ишке аша турган “Абанын бешинчи эркиндиги” боюнча түшүндүрмө берди. Департаменттин директору Курманбек Акышевдин айтымында, авиацияда жалпысынан тогуз эркиндик этабы бар деп эсептелет. Кыргызстан буга чейин анын төртөөнө уруксат берген. Биринчиси учактардын өлкөгө конбой түз учуп өтүп кетишине, экинчиси конуп, май куюп, кайра башка өлкөгө учуп кетишине укук берет. Читать дальше...

Хаменеи АКШ менен урушпасын билдирди

Azattyk.org 

Ирандын руханий көсөмү Аятолла Али Хаменеи АКШ менен урушка да, сүйлөшүүгө да барбай турганын "Твиттердеги" баракчасына жазды.  "Биз алар менен көп нерсени баштан чогуу өткөрдүк, бирок каршылаш тарап дайыма тирешти биринчи баштап келет. Эгер бизге согуш жарыялашса, жооп кайтарабыз. Бирок өзүбүз эч качан согуш отун тутантпайбыз" деп жазды ал. Вашингтон Тегеран менен дүйнөнүн алты державасы кол койгон өзөктүк келишимден май айында чыгып кетип, мурда токтотулган санкцияларды кайра киргизген. Андан бери Иранда экономикалык каатчылык күчөдү. Читать дальше...

Кой-Таш аскер бөлүгүндөгү окуя боюнча үч офицерге айып тагылды

Azattyk.org 

Кой-Таштагы №73809 аскердик бөлүктөгү мыйзамды жана тартипти бузууга байланыштуу үч офицерге айып тагылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдирасулова билдирди. Анын айтымында, учурда аталган офицерлердин бөгөт чарасы каралганы жатат. Буга чейин "Азаттыкка" Кой-Таш аскер бөлүгүнүн "Ала-Тоо" полигонунда кызмат өтөп жаткан айрым жоокерлердин ата-энелери арыз менен кайрылган. Алар жетекчилик быйыл жазында армияга чакырылган жигиттерди башка бирөөлөргө жалдап бергенин... Читать дальше...

АКШнын аскердик бюджети 700 млрд. доллардан ашты

Azattyk.org 

Президент Дональд Трамп 13-августта Кошмо Штаттардын 2019-жылга карата коргонуу бюджетин 717 млрд. доллар өлчөмүндө бекитти.  "Азыркы бюджет АКШнын куралдуу күчтөрүнө жана алардын аскердик кубатын бекемдөөгө болуп көрбөгөндөй чоң салым кошот" деди Трамп документке кол коюп жатып.  Эл аралык терроризм менен күрөшүүгө 69 млрд., өзөктүк арсеналды жаңылоого 22 млрд. долларга жакын каражат каралган. Ал эми 77 даана F-35 кыргын салуучу учагын сатып алыш үчүн 7,6 млрд. доллар бөлүнгөн.  Пентагондун... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *