Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2018

Новости за 02.08.2018

Орус журналисттер өлтүрүлгөн жерде теле жабдуулар, акча жана документтер табылган жок

Azattyk.org 

Борбордук Африка Жумуриятынын маалымат министри орусиялык журналисттер мерт болгон жерде эч кандай теле жабдуулар, акча же документтер табылбаганын билдирди. Кол салууда аман калган жергиликтүү айдоочу алардын машинесин тартып алууга аракеттенишкенин, андан кийин жанындагыларды атып салышканын айтып берген. Орхан Жемал, Алекандр Расторгуев жана Кирилл Радченкону дүйшөмбү күнү өлтүрүп кетишкен. Орусиялык топ “Вагнердин аскердик жеке компаниясы” деген ат менен белгилүү орусиялык кошуундун ал өлкөдөгү... Читать дальше...

Чөккөн адамга кандай жардам керек?

Azattyk.org 

Жыл башынан бери сууга чөккөндөрдүн саны 100 кишиден ашты. Суу алдынан куткарылган адамга биринчи жардам кандай берилиши керек? Реанимациялык иштер кандай шартта туура аткарылат?

Мамтилге мамиле, "сый көрсөткөн" сынак

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкер Азиз Суракматовдун мамлекеттик тил боюнча сынагы коомчулукта бир топ адамдардын катуу сынына кабылды. Буга чейинки мэр да кызматка отурарда тил сынагында жазган текстинен ката кетирип, аткаминерлердин сабаттуулугу боюнча талкууга жем таштаган. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия мындай жагдайлардын келип чыгышына мамлекеттик тил мыйзамы менен башка мыйзамдар ортосунда шайкештик болбой жатканын жүйө келтирет.

Сатыбалдиевдин камакка алынган мүлкү

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өкмөттүн мурдагы башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин өзүнө жана жакындарына катталган үй-мүлкү камакка алынганын жарыялады.

Сатыбалдиевдин мүлкү камакка алынды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өкмөттүн мурдагы башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин өзүнө жана жакындарына катталган үй-мүлкү камакка алынганын жарыялады.

Иранда полиция менен демонстранттар кагылышты

Azattyk.org 

Ирандын бир катар жерлеринде экинчи күн катары менен нааразылык акциялары уланып жатат. Социалдык медиага чыккан маалыматтарга караганда, көчөлөргө агылган эл экономикалык каатчылыкка нааразылыгын билдирүүдө. Тегерандын четиндеги Караж шаарчасында тартылган видеолордун биринде диниятчылардын бийлигин төңкөрүү чакырыктары да жаңырып жатты. Бирок "Эркин Европа/Азаттык" радиосу видеонун чын-төгүнүн текшере алган жок. Өкмөттүн карамагындагы гезиттердин бири Машад, Караж жана Шираз шаарларында, Тегерандагы... Читать дальше...

Караколдун мэри кай жеринен жазды?

Azattyk.org 

31-июлда Каракол шаардык кеңеши шаар башчысына ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алды. Буга чейин Бишкек шаардык кеңеши да баш калаанын мэрине байланыштуу ушундай чечим кабыл алган.



Талаага чачылган таза суу

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүндө таза суунун тартыштыгы жаздан күзгө чейин созулат. Айылга суу толук жетпей жатканын адистер суу башынан жакшы каралбай, ар кайсы жакка буруп кетип жатканынан көрүшөт.

"Айтматов мени сактап калган"

Azattyk.org 

Күнүмдүк тиричиликтин айынан Орусияга иштегени келген чагым. Дароо жумуш табыш кайда? Бир топко жумуш табылбай жүрүп калдым.

Тажикстан: туристтер кабылган кол салуу

Azattyk.org 

29-июлда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынан 150 чакырымдай жердеги кан жолдо саякатчыларды белгисиз адамдар күтүүсүздөн жеңил машине менен сүздүрүп, андан соң автоунаадан чыгып, бычак жана курал менен кол салышкан. Окуядан Нидерланд менен Швейцариянын бирден, ошондой эле АКШнын эки жараны мерт болгон.

Кабулда чет өлкөлүк үч киши өлтүрүлдү

Azattyk.org 

Кабулда чет өлкөлүк үч кишинин сөөгү табылды. Полициянын маалыматына караганда, Малайзиянын, Индиянын жана Македония жарандары бүгүн эртең менен иштеген жеринин жанында уурдалып кетип, кийин өлтүрүлгөн. Үчөө тең "Sodexo" деген белгилүү кэтеринг компаниясында ашпоз болуп иштешчү. Ички иштер министрлигинин өкүлү Насрат Рахими ок тийген маркумдардын сөөктөрү машинеде табылганын билдирди. Кабул полициясынын маалымат өкүлү Хашмат Станекзай окуя азырынча теракт катары бааланып жатканын айтты. Кылмыш үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек. Читать дальше...

Жалал-Абадда жер титиреди

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жер титирөө 2-август күнү саат 15:14ттөр чамасында болгон. Анын күчү Кара-Көл шаарында, Токтогул районунун Көк-Бел айылында 3 баллга, Базар-Коргон районунун Арстанбап, Косо-Терек айылдарында 2,5 баллга жеткен. Баштапкы маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроо катталган жок. (КЕ)

Фонограмма колдонууга көзөмөл жөнгө салынат

Azattyk.org 

Өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызмат (Кыргызпатент) аткаруучулардын музыкалык фонограммаларын коомдук жайларда колдонуу үчүн акча чогултуу маселесин авторлордун өзүнө жана аткаруучуларга өткөрүп берет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызпатенттин өкүлү Аскар Нажымудинов билдирди. Анын айтымында, "Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" мыйзамдын алкагында мекеме бул ишти 1998-жылдан бери убактылуу башка коомдук уюмдарга өткөрүп бергиче аткарып келген. Читать дальше...

Ырчылардын фонограмма колдонгону көзөмөлдөнөт

Azattyk.org 

Өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызмат (Кыргызпатент) аткаруучулардын музыкалык фонограммаларын коомдук жайларда колдонуу үчүн акча чогултуу маселесин авторлордун өзүнө жана аткаруучуларга өткөрүп берет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызпатенттин өкүлү Аскар Нажымудинов билдирди. Анын айтымында, "Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" мыйзамдын алкагында мекеме бул ишти 1998-жылдан бери убактылуу башка коомдук уюмдарга өткөрүп бергиче аткарып келген. Читать дальше...

Иран Тажикстандын элчисин чакыртып нааразылыгын билдирди

Azattyk.org 

Ирандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Тегерандагы элчисин чакыртып алып, чет өлкөлүк туристтерге кол салууну Иранга байланыштырганы үчүн расмий Дүйшөмбүгө нааразылыгын билдирди. Ирандын тышкы саясий мекемеси тараткан билдирүүгө ылайык, 1-августта элчи Нематулло Эмомзадага тажик өкмөтүнүн “жалган жана негизсиз” дооматтары тууралуу “катуу” нааразылык айтылды. 29-июлда Хатлон облусунун тоолуу жолдорунун биринде чет өлкөлүк велосипедчи-туристтердин тобун машине сүзгөндө эки америкалык, бир... Читать дальше...

3-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

3-августта Кыргызстанда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо жаан, кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын 15-20 метрге жетет. Читать дальше...

АКШ Сенаты Бутинанын көрсөтмөлөрүн прокуратурага жана адвокаттарга берет

Azattyk.org 

АКШ Сенаты Орусия жараны Мария Бутинанын көрсөтмөлөрүн адвокаттар менен айыптоочу тарапка өткөрүп берет. Чалгын иштери бонча комитет прокурорлор жана адвокаттарга көрсөтмөнүн стенограммасы менен таанышууга уруксат берди. Бирок документ үчүнчү тарапка берилбөөгө тийиш деген шарт коюлду. Сурак Бутина камакка алына электе болгон. Адвокат Роберт Дрисколл "ал көрсөтмөлөр Бутинаны коргоого жардам бериши ыктымал" деп ТАСС агенттигине билдирди. АКШда магистратурада окуп жүргөн орусиялык студент Бутина июлдун ортосунда кармалган. Читать дальше...

Түркмөнстанда Түркияга бараткан жаштарды чыгарбай жатышат

Azattyk.org 

Ашхабад аэропортунда Түркияга бараткан айрым жүргүнчүлөрдү өлкөдөн чыгарбай жатышат. Ошондой учурлардын бири тууралуу «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун түркмөн редакциясы кабарлады. Жергиликтүү тургундардын бири эжесин Түркияга окууга жөнөп жаткан жеринен миграция кызматы кое бербей койгонун айтып берди. «Документ, керектүү кагаздары, анын ичинде виза, спонсордук колдоо жөнүнө тастыктоосу болгонуна карабай, ата-энемди өткөрүп, эжемди алып калышкан», - деди редакцияга кайрылган киши. Анын айтымында... Читать дальше...

АКШда Сенат коргонуу бюджетин кабыл алды

Azattyk.org 

АКШнын Сенаты 1-октябрда башталып жаткан эмки финансылык жылдын коргонуу тармагынын бюджетин кабыл алды. Бюджетте каралган 717 миллиард доллардын 69 миллиарды өлкө сыртындагы аскердик операцияларды жүргүзүүгө сарпталмакчы. Өткөн жумада Өкүлдөр палатасы жактырган документке эми президент Дональд Трамп кол коюуга тийиш. Мыйзам долбоорунда ошондой эле туруктуу армиянын санын 15 миңден көп кишиге көбөйтүү каралган. Документ Түркияга F-35 кыйраткыч учактарын сатууга тыюу салат. Мындай кадамга Вашингтон... Читать дальше...

АКШ түрк министрлерине санкция салды

Azattyk.org 

АКШ Түркияда үй камагында отурган америкалык пасторго байланыштуу эки түрк министрине санкция салды. Түркия НАТОдогу өнөктөшүнүн бул кадамын кескин сынга алып, ага жооп кайтараарын билдирип жатат. Террорчулук боюнча айыпталып жаткан пастор Эндрю Брансон жыйырма айдан ашык абакта отуруп, жакында эле үй камагына которулган.

Украиналык боксчу ага Эл баатыры наамын берүү идеясын четке какты

Azattyk.org 

Украиналык боксчу Александр Усик орусиялык Мурат Гассиевди жеңгендиги үчүн ага өлкө баатыры деген наам берүү демилгесин четке какты. Бул тууралуу УНИАН агенттиги кабарлады. Усик Киевдеги басма сөз жыйынында мындай чечимин түшүндүрүп: "Өз элим үчүн, кээ бир адамдар үчүн мен ансыз да баатырмын, элдин баасына татыгам. Мен үчүн силер оңго-солго тараткан жылдыздар эмес, ошол баа маанилүү", - деди. Июлдун аягындагы беттешүүнү жеңип, Усик оор салмакта тарыхтагы биринчи абсолюттук чемпион болуп калды. Читать дальше...

Иранда нааразылык акциялары өтүп жатат

Azattyk.org 

Тегерандын четиндеги Караж шаарчасында экинчи күн катары менен нааразылык акциялары уланып жатат. Социалдык медиага чыккан маалыматтарга караганда көчөлөргө агылган эл экономикалык каатчылыкка нааразылыгын билдирүүдө. Видеолордун биринде динаятчылардын бийлигин кулатууга чакырган ураандар да бар. Бирок "Эркин Европа/Азаттык" радиосу видеонун чын-төгүнүн текшере алган жок. Канча киши кармалганы же жабыркаганы жөнүндө маалымат түшө элек. Инфляциянын күчөшүнөн улам пайда болгон экономикалык кыйынчылыктарга... Читать дальше...

Грузин президенти Орусияны оккупация үчүн кайрадан айыптады

Azattyk.org 

Грузиянын президенти Гиоргий Маргвелашвили өлкөнүн бир бөлүгүн оккупациялагандыгы үчүн Орусияны айыптады. 1-августта АКШ жана НАТОнун башка мүчөлөрү менен эки жумалык аскердик машыгууну ачып жатып президент: “Биз бүгүн кошуна Орусия 20 пайыз жерин мыйзамсыз оккупациялаган өлкөнүн аймагында турабыз”, - деди. Грузияда ушуну менен төртүнчү ирет өткөрүлүп жаткан машыгууга НАТОнун мүчөсү болбогон Украина, Армения жана Азербайжан да катышууда. Бир нече күндөн кийин Грузия менен Орусиянын ортосундагы 5 күндүк согушка 10 жыл болот. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *