Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2018

Новости за 19.08.2018

Зариф: АКШнын Иранда “бийликти кулатуу” ниети бар

Azattyk.org 

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф АКШны өлкөнүн бийлигин кулатуу максатында "аракеттенген топ" түзүп жатат деп шектенип турганын билдирди. Министр бул тууралуу "Твиттердеги" баракчасына жазды.   Зариф 65 жыл мурун АКШ бийлиги Иранда "эл шайлаган демократиялык өкмөттү кулаткан, эми дагы ошону жасагысы келип жатат" деди.  Бейшембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Вашингтондун Иранга «басымын» координациялай турган демилгелүү топ түзүлөрүн билдирген. АКШ президенти... Читать дальше...

Ооган президенти үч айга ок атышпоо режимин жарыялады

Azattyk.org 

Ооганстандын президенти Ашраф Гани Курман айтта “Талибан” кыймылын ок атышпоого чакырды. Ок атышпоо режими 20-августта башталып, үч айга созуларын Гани Ооганстандын эгемендик майрамына арналган салтанатта билдирди.  “Биз ок атышпоону Арапа күнү баштайлы деп жарыяладык. Ал пайгамбардын туулган күнүнө (10-ноябрь - ред.) чейин уланат. Ок атышпоо режими “Талибан” көнсө киргизилет”, – деди Гани. Ооган президенти “Талибан” кыймылы ок атышууну токтотууга макул болгонун айткан жок. Кабул өкмөтү менен... Читать дальше...

Путин менен Меркел жолукканда Сенцовду колдогондор пикетке чыгышты

Azattyk.org 

Берлиндин алдындагы Мезерберг сепилинин жанында Орусиянын президенти Владимир Путин менен Германиянын канцлери Ангела Меркел жолугушуп жаткан маалда ​Олег Сенцовду боштондукка чыгарууну талап кылган пикет өттү. Украин режиссерунун Орусиянын абагында ачкачылык кармап отурганына 100 күндөй болду.   Пикеттин катышуучулары Орусия каратып алган Крымда кармалган саясий туткундардын сүрөттөрүн жана “Олег Сенцовду өлтүрүүнү токтоткула”, “Олег Сенцовду сактап калгыла” деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп турушту. Читать дальше...

Израил Газа тилкеси менен чектеш жердеги өтмөктү жапты

Azattyk.org 

Израил чек аралаш аймактагы нааразылык акцияларынан улам Газа тилкеси менен чектеш жердеги "Эрез" текшерүү-өткөрмө бекетин жапты. Бекет кайрадан качан ачылары белгисиз. Азырынча ал жерден эки тарапка тең медициналык жардамга муктаждар гана өтө алышат. Израил менен Газа тилкесинин чек арасында эки өткөрмө бекет иштеп жатат. Ал жерден жүк өткөрүүгө гана уруксат берилген. Жакында Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас аймактагы көз карандысыздыкка жетишүү үчүн өз элин Израил бийлигине "зордук-зомбулуксуз каршылык көрсөтүүгө" үндөгөн. Читать дальше...

Орусия: Сергей Удальцов абактан ооруканага жеткирилди

Azattyk.org 

"Солчул фронт" кыймылынын координатору Сергей Удальцов атайын кармоочу жайда кургак ачкачылык кармай баштаганынын бешинчи күнү ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу оппозициялык активист "Твиттер" баракчасына өзү жазды. Ал Москвадагы №52 ооруканага "организмине суу жетпей калган" деген диагноз менен жаткырылды.   Августтун ортосунда Москванын соту Удальцовду митинг уюштурууда мыйзамды кайрадан бузганы үчүн 30 күнгө камаган. 28-июлда активист шаардык бийлик уруксат берген Орусиядагы пенсиялык реформага каршы митингге катышкан. Читать дальше...

Сахалинде кыргыздар иштеген заводдун чатыры түшүп кетти

Azattyk.org 

Сахалин облусунун Поронайcк шаарында мурдагы кагаз чыгарган заводдун чатыры түшүп кетип, бир адам каза болду. Кырсык болгон учурда имаратта 10 кыргыз мигрант иштеп жаткан. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, урандынын алдынан сегиз адам чыгарылып, беш адам ооруканага жаткырылды. Бир адам каза болуп, сөөгү өлүкканага жеткирилди. Учурда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери бул окуя боюнча маалымат алууга аракеттенип жатышат. Каза болгон жана жаракат алгандардын... Читать дальше...

Мария Бутина башка абакка которулду

Azattyk.org 

Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган деп АКШда кармалган Мария Бутина Вашингтондогу абактан Виржиния штатындагы абакка которулду. Анын адвокаты Роберт Дрисколл билдиргендей, башка абакка которуунун себептери азырынча белгисиз. Дрисколл ТАСС агенттигине курган маегинде Бутинага бул тууралуу  алдын ала айтылбаганын, себеби да түшүндүрүлбөгөнүн белгиледи.  АКШда магистратурада окуп жүргөн орусиялык студент Бутина быйыл июлдун ортосунда кармалган. Ал "саясий топторго таасир этүүгө аракеттенген", "чет элдик агент" деп айыпталган. Читать дальше...



Оштон Ташкентке авиакаттам ачылат

Azattyk.org 

Ош-Ташкент багытында жаңы авиакаттам ачылып, Ташкент-Бишкек багытындагы каттамдардын саны көбөйөт. "Gazeta.uz" сайты кабарлагандай, бул тууралуу "Өзбекстан аба жолдору" улуттук компаниясынын жана Кыргызстандын "Air Manas", "Avia Traffic" компанияларынын өкүлдөрү жолугушкан жыйында айтылды. Жолугушуу 17-августта Өзбекстандын баш калаасында болду. Маалыматка караганда, Ош-Ташкент каттамын Кыргызстан тарап аптасына бир жолу аткарат. Ташкент-Бишкек каттамы азыркыдай эки жолу эмес, аптасына төрт жолу болот. Читать дальше...

Сауд Арабияда ажылык амалдары башталды

Azattyk.org 

19-августта Сауд Арабияда ажылык амалдары башталды. Быйыл 2 миллион мусулман парзын аткарганы барары кабарланган.  Зыяратчылар алдыдагы беш күн бою мусулмандардын ишениминде кудайдын үйү саналган Каабаны жети жолу айланып, Арафат тоосунда диний амалдарды жасашат.  Сауд Арабиясы быйыл Кыргызстанга 5485 орун бөлгөн. Алгачкы тобу 25-июлда, акыркысы 7-августта жөнөп кетишкен.  Ажылык сапар - ислам дининдеги беш парздын бири. Зыяратчылар Курман айт майрамын ошол жакта белгилеп, артка кайтышат. Курман айт быйыл 21-августта белгиленет. Читать дальше...

Көчмөндөр оюндарына даярданган уздар

Azattyk.org 

Нарын шаарындагы 87-кесиптик лицейдин мугалими, маданияттын мыкты кызматкери, кесиптик билим берүүнүн отличниги, 58 жаштагы Казыбек Мамырканов 2016-жылы өткөн Көчмөндөр оюндарында кол өнөрчүлүгү менен баш байгени алган. Быйылкы оюндарга ал кийизди ийри ийне менен тешип жасаган жаңы ыкмадан жаралган кызыктуу композицияларын алып чыгууга камданып жатат. Уз кишинин уулу Арчабек 300-400 жыл мурдагы кыргыздын улуттук күмүш сөйкө, шакектерине заманбап ыкмада жан салып, чет элдик меймандарды таң калтырууга аракеттенип жатат.

Арстанбапта алыш күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусундагы Арстанбап айылында 19-августта алыш күрөшү боюнча эл аралык мелдеш уюштурулду. Өзбекстан жана Кыргызстандын түрдүү аймактарынан чогулган 200гө чукул балбан 70-90 кг чейинки салмакта күч сынашууда. Мелдешти өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү өткөрүүдө.  Жеңүүчүлөргө үч токулма ат жана акчалай сыйлыктар каралган. Мындай таймаш былтыр да болгон.  Быйылкысы Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында облуста белгиленген 100дөн ашуун иш-чаранын бири катары өтүүдө. Таймаштарды көрүүгө Жогорку Кеңештин депутаттары... Читать дальше...

Мигранттар: кемигинде да, керкисинде да бар

Azattyk.org 

Түркияга 2018-жылдын алты айында 19 миллионго жакын чет өлкөлүк турист келип, бул тармак 11 миллиард доллар киреше тапкан. Бул өткөн жылга салыштырмалуу отуз пайызга көп дегенди билдирет.

Аба ырайы: 35 градус ысык болот

Azattyk.org 

Кыргызстанда 20-августта жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16...21, күндүз 30...35, Талас жергесинде түнкүсүн 16...21, күндүз 30...35, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27, Нарын облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...+4, күндүз 12...17 градус болот. Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Түнкүсүн 19…21, күндүз 33…35 градус ысык болот.

Жүрөк толкуйт! Азия оюндарында параддан өткөн кыргыз спортчулары видеодо

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Кыргызстандын улуттук курама командасынын XVIII Азия оюндарынынын ачылыш аземиндеги видеосу интернетке жүктөлдү. Аны Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жарыялаган.

Сагыныч менен арманга айланган Ак-Жол

Azattyk.org 

Төлөгөн Касымбеков чыгармачылыгынын башталышында кенже эпикалык жанрга кайрылып, бир топ аңгемелерин, повесттерин жарыялаган. Алары азыркы турмушка арналган чыгармалар болчу.

Бишкекте жана Ошто Курман айттын урматына сейил уюштурулат

Azattyk.org 

Курман айттын урматына 23-августта Бишкекте майрамдык сейил уюштурулат. "Умма" ислам журналынан кабарлашкандай, иш-чара Түштүк дарбазада, Дайыр Асанов атындагы паркта өтөт. Катышуучулар арасында сынактар, спорттук мелдештер жана кол өнөрчүлөрдүн сабактары болот.  Ушундай эле майрам 22-августта Ош шаарындагы "Алымбек датка" эс алуу жайында болот.  Уюштуруучулар бул иш-чара коммерциялык мүнөздө эместигин, түрдүү дин өкүлдөрүнүн ортосундагы ынтымакты бекемдөө максатын көздөрүн билдиришти.  Курман айт 21-августта белгиленет.

Кыргызстанда “Жибек Жолу” аттуу эл аралык веложүрүш башталды

Azattyk.org 

18-августта Кыргызстанда велосипед ышкызбоздору демилгелеген “Жибек Жолу” аттуу эл аралык веложүрүш башталды. Ага дүйнөнүн чар тарабынан 95тей велоспортчу катышарын “Азаттыкка” жүрүштү уюштуруучу британиялык Нелсон Трис билдирди. Жарыштын аралыгы 1700 чакырым жана 26 миң метр бийиктикке чыгуу каралган. Велосипедчилер тамак-ашын өздөрү менен кошо алып жүрүп, тоо-ташта конуп түнөшөт. Соң-Көл, Көл-Суу, Чычкан капчыгайы жана Ысык-Көлдүн түштүк жээгинен да өтүшөт. Жарышка катышкан ар бир адам коопсуздукту камсыздоо үчүн GPS трекерди алып жүрөт. Читать дальше...

Талиптердин лидери АКШны түздөн-түз сүйлөшүүгө чакырды

Azattyk.org 

"Талибан" тобунун лидери тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсү токтомоюнча Ооганстанда тынчтык болбой турганын билдирди.  18-августта Курман айтка байланыштуу кайрылуусунда молдо Хайбатуула Ахунзаде талиптер "исламчыл максаттарын" жана Ооганстандын эгемендиги маселесинде турумун өзгөртпөй турганын белгиледи. Ал Ооганстандагы согушту токтотуу үчүн АКШ менен түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даяр экенин айтты.  Талиптер акыркы кездери Ооганстандын бир канча аймагын ээлеп, көзөмөлдү күчөттү. Алар ушул аптада Газни облусундагы беш районду ээледи. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *