АКШ: 25 жылга кесилген өзбек жаранына дагы жаза кошулду
АКШда террорчулукка айыпталып, 25 жылга эркинен ажыратылган өзбекстандык качкын Фазлиддин Курбанов түрмөдөгү күзөтчүгө кол салганы үчүн дагы 20 жылга кесилди. Лос-Анжелестин соту ага өкүмүн 14-августта угузду. Тергөөнүн маалыматына ылайык, Курбанов 2016-жылдын майында Калифорниянын Викторвилл шаарындагы федералдык түрмө кызматкерин мууздап салууга аракеттенген. Лос-Анжелестин прокуратурасынын материалдарында “Курбанов сотто тилмеч аркылуу сүйлөгөндө жасаганына өкүнбөй турганын, ал кол салган киши өлүшү керек болчу" – деп айтканы белгиленген. Читать дальше...